Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Сын далилдүү болсо №01, 11.01.08-ж.

0

же адабият программасынын сынчысына жооп
«Кутбилим» газетасынын 2007-жылдын 7-декабрындагы санына мугалим Бекболот Өмүралиевдин «Турмушка туураланбаган программалар же эмне үчүн адабият сабагы артта калды?» аттуу сын макаласы жарыяланыптыр. Б.Өмүралиев бул макаласында кыргыз адабиятынын программасы жөнүндө кескин түрдө терс бүтүм чыгарган. Көптөн бери педагогикалык практикада колдонулуп келе жаткан адабият программасынын оң, конструктивдүү жактарын такыр эле көрмөксөнгө салып, өзүнүн субъективдүү бүтүмүн жалпы эле мугалимдер коомчулугунун жыйынтык пикири катары көпчүлүккө жарыя кылат. Эмесе, автордун өзүнө сөз берели. Ал минтип жыйынтык чыгарат: «Мугалимдер кыргыз адабияты боюнча 5-11-класстар үчүн программасын түзгөндөр кыргыз окуучулары заман талабына жооп бербеген чыгармаларды окуп, пайдалуу эч нерсе алалбай калсын, өсүп-өнүкпөсүн, артка кетсин деп тымызын душмандык кылып, бут тозгон окшойт го деген пикирге аргасыз келет экенсиң. Бул саптардын автору гана ушундай ойго жетеленип жүрсө керек десек, андай эмес экен. Кыргыз адабиятынан сабак берген баардык мугалимдер программанын түзүлүшүнө нааразы экен деген чечимге келдим». Б. Өмүралиевдин корутундусу ушундай.

Кыргыз адабиятынын мектепке арналган программасынын абалы чын эле ушундайбы? Анда эмесе далилдерге өтөлү. Кыргыз эли өзүнүн «Манас» баштаган улуу фольклордук казынасы менен сыймыктанат. Мына ушундай элдин улуу рух байлыгын жаш муундардын жан дүйнөсүнө сиңирүү бүгүнкү глобалдашуунун шарттарында жана жаштарда улуттук иденттүүлүктү калыптандыруунун зарылдыгы туулуп турганда өзгөчө актуалдуу экендиги айтпасак да түшүнүктүү го. Б.Өмүралиев сындап жаткан азыркы кыргыз адабиятынын программасы ушул муктаждыкты терең туюнуп, өз ичине «Кожожаш», «Эр төштүк», «Курманбек», «Жаңыл Мырза», «Тайлак баатыр» сыяктуу залкар эпосторду камтып отурат. Улутубуздун келечеги — жаш муундарыбыз ушундай элдик улуу чыгармаларды үйрөнбөгөндө анан эмнени үйрөнүп окуйт? Бүгүн өлкөбүзгө аба менен суудай керек болуп турган патриотизмди ушул чыгармалардан үйрөнбөй анан кайдан үйрөнөт? Ушул патриоттук мазмунга карк эпосторубузду программага киргизген авторлор элге, жаш жеткинчектерге тымызын душмандык кылган болобу? Биздин сынчыда логика деген кайда? Бул бир. Экинчиден, программада 5-класстан 11-класска чейин дүйнөлүк айкөл эпосубуз «Манас» кызыл сызык болуп аралап өтөт. «Манаска» бул программада сааттар кескин түрдө көбөйтүлгөн. Абал ушундай болуп турса, программа «кыргыз окуучулары өсүп-өнүкпөсүн, артка кетсин» деген максатта түзүлгөн деп кандайча айтууга болот? Андан көрөкчө, бүгүнкү кыргыз баласын улуттук кыртышынан алыстатуучу, улуттук баалуулуктарды үйрөнүүдөн алаксытуучу, космополиттик ой жүгүртүүгө гана чакырган сырткы таасирлерден коргоп калуубуз керек. Ошондой тымызын «чакырыкты» ээрчип кетип, кокусунан өз улутубуздун уңгулуу идеяларын чагылдырган баалуу мурастарыбызды үйрөнүүдөн куру-жалак калбайлы. Балким, учурдагы адабиятыбыздын жалпы тарбиялык түпкү маңызын тануу — ошондой тетири идеяларды байкабай ээрчип кетүүнүн таасири эмеспи!!! Кичине ойлонсокчу. Маселен, Б. Өмүралиев минтип жазат: «Талапка жооп бербеген кыргыз акын, жазуучуларынын чыгармаларын окуткандан көрө талапка жооп берген чет элдик жазуучу, акындардын чыгармаларын окуганыбыз миллион эсе артык эмеспи» Б.Өмүралиевдин түшүнүгүндө Т.Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романы, Мар Байжиевдин «Төрт адамы» талапка жооп бербейт экен. Бу көрөкчө чет өлкөнү окуган жакшы экен. Муну кандай түшүнсөк болот? Өз очогубузду коё туралы, өзгөлөргө көңүл буралы дегениби? Б.Өмүралиевдин «Манас таанууну» 11-класстан алып салууну сунуш кылышы деги элементардык логикага жатабы?
Б.Өмүралиев дагы минтип жазат: «Россияда орус адабияты программасы таанылгыс болуп өзгөрдү, кыйын деп эсептелген М.Шолохов өңдүү жазуучулардын дээрлик бардыгы программадан алынып салынды». Б.Өмүралиевдин ушинтип жазганы туурабы? Эмесе далилге өтөлү. Россияда бүгүнкү күндө мектептерде колдонулуп жаткан адабият программасынын негизин мурдагыдай эле улуу орус классикасы, башкача айтканда, «Игордун кошууну жөнүндө сөз», Пушкин, Грибоедов, Гоголь, Тургенев, Гончарев, Достоевский, Лев Толстой, Тютчев, Шолохов, Горький сыяктуу жазуучулардын улуу чыгармалары түзүп турат. Орус интеллигенциясы өздөрүнүн адабий-рухий мурастарына аярлык менен мамиле жасайт. Биз мындай өрнөктөн үлгү алышыбыз керек. Демек, орус адабиятынын программасы таанылгыс болуп өзгөргөн эмес экен да. Биздин кыргыз адабиятынын дагы жергиликтүү шартка жараша өзүнүн классикасы бар. Ал классиктерибиз: А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев, К.Жантөшов, К.Баялинов, А.Осмонов ж.б. Адабиятыбыздын ушул баштоочуларынын элге кеңири тараган мыкты делген чыгармаларын программага киргизүү жаңылыштыкпы? Буларды нигилисттик кылып эртелеп программадан чыгарып таштоого акыбыз барбы? Жаш муундар кыргыз адабиятынын тарыхын унутушсунбу? Социализмди жамандайт десе эле, ал доордо жаралган чыгармаларды чычая тана берген болобу? Биз кечөөкү тарыхыбызды чанып, маңкурт болушубуз керекпи? Маселен, Өмүралиев Т.Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романын программадан алып салууну сунуш кылат. Ойлоп көрөлүчү, «Тоо арасында» эмне деген залкар чыгарма, ал кыргыз адабиятынын туу чокуларынын бири. Бул чыгармада совет бийлигинин жылдарындагы кыргыз элинин тарыхы жогорку көркөмдүктө камтылган. Биз улуттук адабиятыбыздын классикасы — «Тоо арасынданы» окубаганда анан эмнени окуйбуз? Күнөө «Тоо арасында» романында эмес, кеп аны окутуунун методикасын туура курууда турат. Жолдош Б.Өмүралиев ушул методикалык маселенин тегерегинде көбүрөөк ойлонсо болмок. Бир сөз менен айтканда, улуттук профессионал адабиятыбыздын классиктерин камтыган программаны окуучулардын душманына айландырыш бери болгондо жеңил ойлуулукка жатат.
Эми буга келели, Б.Өмүрали
ев сындап жаткан програм
манын негизин мындан башка улуу акындар Калыгулдун, Арстанбектин, Жеңижоктун, Молдо Кылычтын, Токтогулдун, Молдо Нияздын, Нурмолдонун, Тоголок Молдонун, Калыктын, Коргоолдун чыгармалары, термелери, санат-насыяттары, нускалары, философиялык лирикалары түзүп турат. Ушул улуу инсандардын адабий мурастарын үйрөнгөн окуучулар Б.Өмүралиев жазгандай «пайдалуу, эч нерсе албай, өнүп-өспөй» куржалак калат бекен? Дагы бир жолу сурайлы, ушул улут сыймыктарынын өмүр жолун, чыгармачылыгын программага киргизүү тымызын мектепке душмандык кылгандыкка жатабы? Тескерисинче, залкар мурастарыбызды үйрөнүүгө болгон кайдыгерлик жана негилизм душмандык болуп жүрбөсүн?
Б.Өмүралиев орус адабиятынын программасына сталинизмдин тушунда репрессияланган авторлордун киргенин жазат. Мунусунда чындык бар. Ырасында эле, орус адабиятынын программасынан Анна Ахматова, Марина Цветаева, М. Булгаков, А. Платонов, Солженицын сыяктуу авторлор жаңыдан орун алган. Ушул сыяктуу эле кыргыз адабиятынын программасына да тоталитардык идеологиянын тушунда куугунтукка алынган кыргыз авторлору жана бир катар чыгармалар жаңыдан киргизилген. Алар К.Тыныстанов, С.Карачев, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Нурмолдо, А.Токомбаевдин «Кандуу жылдары», Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романы, К.Маликовдун «Балбай» поэмасы ж.б. Программадагы бул жаңылыкты Б.Өмүралиев байкагысы келбейт. Дагы кошумча айтарыбыз, бул программадан У.Абдукаимовдун атактуу «Майдан» романы, Мидиндин, Райкандын, Байдылданын, С.Эралиевдин, С.Жусуевдин, Ж.Садыковдун, О.Султановдун, Т.Кожомбердиевдин, Ж.Мамытовдун, Ө.Даникеевдин, К.Жусуповдун калайык-калк жактырган чыгармалары, драматургдар Т.Абдымомуновдун, М.Байжиевдин, Б.Жакиевдин республикада гана эмес, союзга, дүйнөгө белгилүү драмалары орун алган. Б.Өмүралиев программадан алууну талап кылган Мар Байжиевдин «Төрт адам» драмасы мазмуну терең, европа өлкөлөрүнүн сахналарында коюлуп, кыргыз адабиятынын даңкын чыгарган чыгарма болуп эсептелет. Тескерисинче, бул чыгарма боюнча мазмундуу сабак өтүүнүн методикасы жөнүндө олуттуу ойлонууга кам урсак туура болоор. Ал эми программанын көркүн чыгарып турган Чыңгыз Айтматовдун дүйнөнү дүңгүрөткөн роман, повесттеринин окуучуларга сунуш кылынышы кандайча балдарды артка тарткандык болот?
Эгерде ССРдин тушунда кыргыз адабиятынын программасы евроцентристтик багытта болгон болсо, жаңы вариантта түзүүчүлөр чыгыш адабиятына, анын ичинде түрк элдеринин орток мурастарына көбүрөөк көңүл бурган. Буга мисал катары программага байыркы кытай поэзиясынын үлгүлөрүнүн, Орхон-Енисей жазууларынын, Жусуп Баласагындын «Кут билим» поэмасынын, Махмуд Кашгаринин «Сөздүгүндөгү» ырлардын, «Өгүзнааманын» киргизилишин көрсөтүп кетсек болот. Кыскасы, «Кыргыз адабияты» программасы ушул өңдүү олуттуу мазмунунан улам 2005-жылы Билим берүү министрлигинин окумуштуу методисттерден жана республиканын жети областынан тандалган алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдерден турган экспертинен сындан өтүп, жактырылып, коллегиядан бекип, үчүнчү басылышында мектепке сунуш кылынган. Албетте, ошентсе да программаны төгөрөгү төп, идеалдуу деп айтпайбыз. Бирок, программанын мазмунун улуттук сөз өнөрүнүн классикасы түзүп турганы ырас. Окуу программасы улам өркүндөтүлүп турууга тийиш. Бул иште мугалимдердин пикири чоң мааниге ээ. Маселен, С.Байгазиевдин «Иниме кат» аттуу белгилүү публицистикасы мугалимдердин көптөгөн өтүнүчү менен программага киргизилген. Бирок, практик педагогдордун сын-пикири, сунуштары аргументтерге негизделип ынанымдуу болушу керек. Ошондой олуттуу сунуштар программаны өркүндөтүүгө көмөгүн тийгизет. Ал эми үстүрт далилдерге жана караандай эмоцияга негизденип программаны бир жактуу каралап чийип таштаган «чаар баштык» педагогикалык коомчулукту адаштыргандан башка пайда алып келбейт. Б.Өмүралиев К.Акматовдун «Архат» романын программага киргизүүнү сунуш кылат. Жаңы эле жазылган романды туулар замат эле программага киргизгенге эмнеге шашабыз? Роман адегенде элге жетсин, калың окурмандардын сынынан өтсүн да. Жазуучу жаза койду, методист программага киргизе койду деген принцип бул жерде жарабайт. Мезгили келет, анан роман программага кирет.
Акырында айтаарыбыз, 2006-
жылы басылып чыккан «Кыр
гыз адабиятынын» программасында «Соңку кыргыз адабияты» деген улуттук адабиятыбызды тереңдетип окуткан мектептер үчүн түзүлгөн окуу документи бар. Б. Өмүралиев карап көрсө, ошол программада XX — XXI кылымдардын чектеринде көркөм сөз өнөрүбүздө кандай мыкты чыгармалар жана ысымдар жаралган болсо, ошолордун дээрлик баардыгы орун алган.
Б.Өмүралиев 11-класстын программасына К.Сактановдун «Маркумдар үнү» романын киргизүүнү сунуштайт. Эми карап көрөлү. 11-класста Т.Сыдыкбеков, У.Абдукаимов, Т.Касымбеков, Б.Сарногоев турат. Т.Сактановдун «Маркумдар үнү» У.Абдукаимовдун «Майдан» романын алмаштырганы, К.Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышынын», Т.Касымбекоавдун «Сынган кылычын» алмаштырганы, Ш.Дүйшеевдин чыгармаларын, Б.Сарногоевдин чыгармаларын алмаштырганы туура болбой калаар. Ошон үчүн алар класстан тышкаркы окууга жылдырылган. 11-класстын программасы баардыгын батыра албайт да. Ал жазуучулар союзунун справочниги эмес.
Азыр республикабыз 12-жылдык мектепке өтүүнүн алдында турат. 12 жылдык мектепке өтсөк, 11-12-класстар профилдик багытта болот. Демек, адабият программасы дагы өзгөрүүгө учурайт. Бирок кандай өзгөрүү болсо да, кыргыз адабиятынын жогорудагы өзөктүү көркөм дөөлөттөрү негизги чордонду түзүп турмак. Бүгүнкү күндө Кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун технологиясы бөлүмү мугалимдердин конструктивдүү пикирлерин эске алып, адабият программасын өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бири-бирин кайталаган айрым чыгармалар алынып салынат. Мыкты делген негиздүү чыгармалар программага киргизилмекчи.
Мектептеги адабият сабагынын начардыгы үчүн адабият программасын күнөөлөөдөн мурда республикабызда улуттук көркөм сөз өнөрүбүздү мектептерде окутуунун окуу-педагогикалык, материалдык-техникалык, кадрдык базасын мамлекеттик деңгээлде жакшыртуу, чыңдоо маселелеринин тегерегинде жалпыбыз олуттуу ойлонушубуз жана сунуштарды иштеп чыгышыбыз керек.

Кыргыз билим берүү
академиясынын кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун технологиясы бөлүмү.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *