Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Асылбек кыраакы, Эген «заготовщик» экен. 25.12.08

0

Гезитибиздеги чайлашуу рубрикабызга үч дос — КРнын эмгек сиңирген артисттери Асылбек Өзүбеков, Мурат Мамбетов (Композ), «Тунгуч» театрынын артисти Эген Чалабаевди чакырган элек. Бирок, Мурат мырза баласынын сыркоолоп атканына байланыштуу колу бошобой, редакциябызга келалган жок. Чай үстүндө Асылбек менен Эген мырзанын жаштык, карылык, сүйүү, чыгармачылык жана достук тууралуу тамаша-чыны аралаш ойлорун угуп, жыргап күлүп, жашара түштүк.

Айат пресс: — Эшиктен киргенде эле «карып кетиптирбиз» деп арыз-арманыңарды айтып кирдиңер. Эмне анча карылык жөнүндө эрте айтып, наалый баштагансыңар?
Асылбек Өзүбеков: — Биз өзүбүз иштеп жүргөндө байкабайт экенбиз да. Көкүрөк карыбайт, жүрөк өмүр бою жаш бойдон жашайт. Мен ырдап жүрбөймүнбү, «түшсө да бырыш чекеге, жүрөккө бырыш түшө элек» деп. Ошентип жүрө беребиз, анан экрандан монтаж кылып олтуруп, өзүбүздү кайра-кайра карайбыз да. Ошондо көзүбүздүн чекелерине, бетибизге бырыш түшкөнүн байкап атпайбызбы. Анан эски кадрларды карап салыштырабыз да, улгайып баратканыбызды көрүп кейийбиз. Бирок, Мамбет аба (Мамакеев) «эр ортону элүү эмес, жетимиш» деп айтат. Ошол боюнча алып карасак, биз азыр бала эле бойдонбуз. Ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган убагыбыз.
Эген Чалабаев: — Биздин кары көрүнгөнүбүз жалпы кыргыз журтчулугу, анын ичинде кыз-келиндер үчүн «обидно» болуп калат го дейм. Ошондуктан алардын көңүлүн калтырып, жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Ишенесиңби, мен үйдөгү күзгүлөрдү бүт алып салгам. Себеби, карасаң эле чачы түшкөн, бети-башы бырышкан бир киши турат. Өзүңдү-өзүң көргүң келбейт.
А.Ө.: — Чачы түшкөн деп атпайсыңбы. Мен чачымды кырып жүрсөм, такыр баш сүрөтүм менен газетага чыгарышкан. «Эмнеге чачыңызды кырдырып салдыңыз?» деген суроосуна мен «төбөмдөгү чачтарым түшүп атканынан кырып, кыргызча чеснок шыбап, элдик медицина менен дарыланам» деген жооп кайтаргам. Анан мага илимдер академиясынан жумушка телефон чалып калышты. Азыр аты-жөнүн унутуп атам. Айтор бир киши «сен антип убара болбой, мага кел. Мен чачыңды өстүрүп берем» дейт. «Кийин убакыт болгондо барармын» деп дарегин алдым эле, бирок атын унутуп, телефон номерин жоготуп ийдим. Ошону менен баралбай калгам. Эгер «Айат-прессти» окуп калса, телефон чалар. Ошого барсаң болот.
Айат пресс: — Анда Асылбек мырза «акылдуу башка акмак чачтар чыкпайт» деп жакшы жооп берген.
Э.Ч.: — Чындыгында эле акылдуу башка акмак чач чыкпайт. Же жыдып түшүп калат, же агарып кетет.
Айат-пресс: — Демек, бул пикир менен өзүңөрдү жооткотуп аткан турбайсыңарбы?
Э.Ч.: — Жо-ок, жооткотуп, өзүбүздү соороткон жерибиз жок. Бул илгертеден ата-бабабыздан бери айтылып келаткан сөз.
Айат пресс: — Улам жыл өткөн сайын жаштык баалуу болуп калат турбайбы. Анан жаштык кезиңерди эстесеңер. Төртөөңөр чогуу жүрүп жакшы күндөрдү көп өткөрсөңөр керек?…
А.Ө.: — Ооба, жакшы күндөр көп болду. Бизди Болот Шамшиев «төртөөңдүн сахнада кайталангыс ордуңар бар. Ажырагыссыңар» деп айтчу. Эми Болот агай бизди билип, көрүп жүргөн режиссерлордун бири да. Чынында төртөөбүз көп иштерди жасадык. Концертпи, спектаклби, каякка гана барбадык. Телевидениеде нелерди гана жасаган жокпуз. Эң өкүнүчтүүсү, Каныбек досубуз арабыздан эрте өтүп кетти. Ушунчалык кемий түштүк. Каныбектин орду жок экенин съемка кылып атканда байкап, тимеле сыйпалап таппай «Каныбек болгондо эзмек, Каныке болгондо катырмак»деп ичибиз өрттөнөт. Айла жок.
Э.Ч.: — Ушуга чейин мен «колдо бар алтындын баркы жок», «өкүнүп каласың, издегендин ордун таппайсың» деген сөздөрдүн маанисин түшүнчү эмесмин. Бирок өз башыңа келмейинче билбейт экенсиң. «Күлкүляторду» тартып атпайбызбы, карасаң эле Каныбектин ролу турат да. Ишке киришип, образдарды жаратууну бөлүштүрүп, «муну сен ойнойсуң, тигини ал ойнойт» деп келип эле үчөөбүз томсоруп олтуруп калабыз. Анткени арабызда залкар талант Каныбегибиз жок. Ар бир сериясын чыгарган сайын Какебизди жоктойбуз. Өзү да бир шер жигит болчу. Мен бир нерсени байкадым. Кыргыз актерлерунун арасынан Каныбек өзгөчө жаралган талант экен. Үйбүлө, урук-тууган, дос-жар дегенди такыр билчү эмес. Болгону сахна менен гана жашачу. Мисалы, бизде сахнадан сырткары достор бар, ар кандай алака катыштар бар дегендей. А Какеде андай нерсе жок эле.
А.Ө.: — Каныбектин бир окуясын айтып берейинби. Командировкада жүрөбүз. Кечки концертке чыга турган маал болуп калган. Мен элдин аягында мейманканадан портфелимди көтөрүп чыгып келатсам, Каныбек автобустун жанында эшик оозунда туруптур. Карай калсам эле кызуу. Эмне кыларымды билбей, туруп калдым. Бир убакта мени карап туруп, «эй, аба, асмандабай жерге түшчү» деди. Мени аба дечү да. Эчтеке деп унчуга албай, сөз таппай калдым.
Э.Ч.: — Гастролдо жүргөндө касса дайыма Асылбекте болот да. Анан бир күнү Асылбек шашылыш шаарга кетмей болуп, мага «мына акча» деп башыма жаздап кетти. Ойлосом, Каныбектин интеллекти да жогору экен. Мисалы, башка балдар акча сураса, сүзө качырып эле «берип туруңузчу» деп ала берчү. Каке болсо бөлмөдө уктап жатсам кирип келип, «Эген» деп акырын ойготту. Эмне десем, «үйгө кийген тапичке алыш керек эле. Тиш жууган пастам түгөнүп калыптыр. Щеткасын да алсамбы дегем. Самын алыш керек эле» деп калды. Ыраматылык тимеле таза болчу. Кир эле жууй берчү. Анан «Каке, канча керек?» десем «жүз сом жетет» дейт. «Кой, барысын алсаң, ошол жетмек беле» деп эки жүз берсем, жок деп болбойт. Мен да болбой бердим, кечинде концерт бүтүп, «кеттик-кеттик» деп жыйналып, акчаны колтугума кысып алып кетип баратсам, «эй, сен Өзүбеков эмессиң» деди. Даяр болуп алыптыр да. Ичпегенде Мураттын жанынан калчу эмес. Экөө ынтымакташып, божурашып сүйлөшүп, тиш жууса да чогуу жуушат. Жыйынга да чогуу барышат, экөөнү бөлө албайсың. А Каныбек ичкенде Композ качып жоголот. Германияда жүрөбүз. Кайдан экенин билбейм, ичип алыптыр, кызуу, жеңин билегине чейин түрүп алган, «эй, Композду көрдүңбү» деди. «Жок» деп кетип баратсам, «таап туруп чакырып кой» дейт. Күлгөн бойдон кетип калдым.
А.Ө.: — Каныбек байкуш ичсе эле Муратка асыла берчү. Аны кампас деп да алчу. Анан соо кезинде Мурат Каныбекке келип алып «мен сага эмне кылдым. Эмне эле мага асыласың, мен сага эмне жамандык кылдым?» деп чыркырай берер эле.
Айат пресс: — Акыркы кездерде Каныбек мырза боюнча сиздердин дарегиңиздерге жаман сөздөр айтылып жүрөт. «Булар Каныбекти карабай койгон» деген сыяктуу.
А.Ө.: — Каныбекти командировкага алып кетип, ушунчалык сонун кылып келчүбүз. Бир ай болсо бир ай ичпей, организми тазаланып, толуп, ак жуумал тартып сонун келчү. Себеби иш маалында жакшы жүрчү. Анан Каныбекти баарыбыз кайтарчубуз. Карап, тескеп, шаардан деле көз салып, керек болсо төлөнбөй калган акчаларын комендантына барып төлөп берип турчумун. Ушундай күндөр да болгон. Биз Каныбекти колубуздан келишинче сактаганга аракет кылдык. Бирок ар кимдин өзүнүн жашоосу, үйбүлөсү бар да. Түбөлүк аны кайтара албайт экенсиң. Эми бул деле өзүнчө оору экен. Канча жолу ооруканага алпарып дарылаттык, болбоду. Көз ачыктарга чейин алпаралы десек болбой каччу. Биягынан жаткырсак, тиягынан качып кетип калчу да.
Э.Ч.: — Какенин көрөр күнү, ичер суусу ушул экен. Асылбек айткандай, Каныбек гастролдо жүргөндө өңүнө чыкчу. Кийимдерин ирети менен коюп, концерт же театрга барганда ар бир номерге кийчү костюмун бүктөп, иреттеп тизип койчу. Кудайды карабагандай таза эле. Биз болсо кийимдерибизди тугуруктап сумкага тыгып, анан концертке чыгарда издеп айтор, тазалык, тыкандык жагынан эч кимибиз жетчү эмеспиз. Кээде кыздар уялат. Себеби кыздар да тазалык жагынан Какеге жетчү эмес. Бир нерсебиз жоголсо, Какеден сурачубуз. Көрдүңбү десең, барысынын ордун көрсөтүп берчү.
А.Ө.: — Биз акыркы милдеттерибизди колдон келишинче жасадык. Мына, жакында барып «Тунгучтун» атынан, үйбүлөсүнүн атынан эстелигин тургузуп келдик.
Айат пресс: — Мындай учурда досту эскерип кетпесе болбойт да. Эми жакшылыктар жөнүндө кеп урсак. Жаш кезде кыздарды көргөндө ушу төртөөңөрдөн кимиңер биринчи тийишип, кыргыйдай тийчү элеңер?
А.Ө.: — Ой, Эген да, кыйын болчу.
Э.Ч.: — Төртөөбүздүн арабызда эң кичүүсү менмин. А кыраакылар Мурат менен Асылбек. Анан экөө көздүн кыйыгы менен карап «карачы тетиги кыз жакшынакай экен, сүйлөшпөйлүбү, Эген сен кыйынсың го» деп мени мактап коюшса, дердектеп жөнөп калам. Тиги кыздар менен таанышып, сүйлөшүп берем, экөө калат да мени кууп жиберишчү. Мындайча айтканда, «заготовщик» болчумун.
А.Ө.: — Биз бери жакта «Эген сүйлөшсүн» деп күтөбүз, анан сөз бүткөн соң «Эген, эми сен бара бер» деп жөнөтүп жиберчүбүз.
Айат пресс: — Анан эч нерсеге жетпей кур жалак калчу белеңиз?
Э.Ч.: — Эмнеге кур жалак калмак элем. Кээде кешик тийип, оозтийип калчубуз. Билесиңби, ушундан улам бир окуя эске келди. Менин бир досум бар. Атын атабай эле коеюн. Бир айылда чоңойгонбуз. Кичинебизден мамилебиз жакшы. Аны менен мен досмун, аялым менен анын аялы дос. Келинчегим Салтанат баламды алып төркүнүнө кетпейби. Мен үйгө досторду чакырып, эс алып олтурганбыз. Бир аптадан кийин Салтанат үйгө келет. Ал кезде жатакана сыяктуу бир бөлмөдө жашачубуз. Кошуналар аялымды көргөндө эле жаадай тийип, «Эгениң сен кеткени достору менен майрам уюштурду. Музыканы бакыртып, кыздардын күлкүсү тыйылбайт. Дегеле тынчтык берген жок» деп арызданышыптыр. Аялым жинденип, тиги досумдун аялына телефон чалып, «сенин күйөөң менин үйүмө кыздарды алып келиптир» деп көп сөз айтат. Анда аяшым «жок, сенин күйөөң менин күйөөмдү бузду» дешип жолугуп, досумду жумушунан чакырып алып «разборка» кылышат. Мен болсо эч нерседен кабарым жок, спектаклден чыгып, түнкү он бирде үйгө келсем, үчөө үч бурчта үңкүйүп олтурат. Өңдөрү купкуу. Салтанат чыкты: «акмак, сен ушинткен турбайсыңбы, келесоо» десе, аяшым «Эген, ушунуң уят да, кыздарды алып келесиң» дейт. «Эй, алтындар, эч качан андай болгон эмес. Аны ким айтты, силерге» деп чыркырап атсам, досум туруп: «Эген, мен мойнума алдым, сен деле ал» деп күйгүзүп атпайбы. Мен болбойм. «Жо-ок андай болгон эмес, кантип болбогон нерсени мойнума алат элем» деп чыркырап атсам, эшиктен Каныбек кирип келип тамеки сурап калды. «Эй, Каныбек, айтчы мен качан ушундай ишке барчу элем?» десем, байкуш ыраматылык Каке кебелбей «мен эми Салтанатка калп айтпайм. Ооба, келишчү, олтурушчу. Бирок тиги калып калчу. Эген сыртка чыгып кетчү» дебеспи. Мени коргойм деп, досумду тозокко салып бербедиби. Ошондо ыйлагым келгенин кантейин. Азыр эстеп, каткырам.
А.Ө.: — Эгендин окуялары күлкүлүү болуп атпайбы. Меникин уксаңар, ыйлайсыңар да.
Э.Ч.: — Бул эски тамашалардан. Асылбек менен Мурат мени «Кировкага концерт уюштуруп кел» деп жөнөтүштү. Кировканы билесиңер, автобекеттен түшкөндө эле жайнаган кафе, ресторан. Автобустан түшүп, афишаларды жазып иле баштадым. Аңгыча ары жактан бир жигит чуркап келип, «сиз Өзүбековсузбу?» дейт. «Жок, мен Өзүбеков эмесмин, эмне болду?» десем «мен кыздар менен ресторанга мелдешип койгом. Сиз Өзүбековмун деп коюңузчу» десе, «кой, болбойт да, эртең өзү келет» деп макул болбойм. Тиги да «эми эч нерсе болбойт, кечинде ресторанга барып сый көрөбүз» деди. «Мейли» деп кафеге Асылбекти туурап, үнүмдү бийик чыгарып, «кандайсыңар, алтындарым» деп кирип барып, кыздарды кармалап-сармалап, жыттагылап ийдим. Кыздар мени тигиле карап «сиз чын эле Өзүбековсузбу» дегенде, «коңшулаш айылдан кезиккем» деп сыздап жиберсем эле, дуулдап «оо, Өзүбеков экен» деп ишенип алышып, «кечирип коюңуз, биз сизди тааныбай калыптырбыз» дешти. Ансайын Асылбекти туурап сүйлөп, ырдап мен болбойм. Концертти уюштуруп, афишаларды чаптатып коюп, кечинде мейманканада отурсам «жүрүңүз ресторанга» деп баягы бала келди. Бардык, кыздар төгүлүп-чачылды, аябай конок болуп, жыргап олтурдук. Эки күндөн кийин концерт койгону артыман булар келишти. Концерт койдук. Ал да бүттү. Аппаратураларды жыйнап атсак, бир кичинекей бала келип, «байке, сизди чакырып атат» деди. Оюмда эч нерсе жок жетип барсам, баягы ресторанда сыйлаган кыздар турат.
(Уландысы кийинки санда)
Бурул МУСАБЕКОВА

И-ий, баса…
Кыстырма
1-5-7- январь күндөрү УТРКдан «Тунгучтун» Жаңы жылдык күлкүлөрүн көрө аласыздар. Жарым сааттан бир жарым саатка чейинки «Күлкүлятор», «Сегизинчи шар» күлкүлүү программалары саат 19.00 дө берилет. Унутпай, «Тунгучтун» кыл мурут жигиттеринин тамашаларын көрүп, бир жылмайып, өмүрүңүздү узартыңыз.







Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве


Светлые оттенки весенней моды: стильные идеи для женщин в возрасте

В Турции в ужасе удивились: сотни нелегальных отелей как ни в чем не бывало принимают туристов и выставляются на площадках бронирования

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV

AML check crypto

Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga


На Невском заводе электрического транспорта наградили победителей фестиваля «Транспорт: будущее»

Чесменская церковь.Санкт-Петербург

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ


Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Sea War: Raid 1.131.0

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Estischool - Школа за британською програмою


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”


В МИД РФ отреагировали на вброс Пентагона о противоспутниковом аппарате

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

На Бутовском полигоне в Ленинском округе состоится ежегодное Патриаршее Богослужение

В Москве рассказали о работе туристических инфоцентров


Магаданский художник Константин Кузьминых получил звание "Народный художник Российской Федерации"

В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в краже из супермаркета

Синоптик Позднякова: Похолодание ожидается в Москве 23 и 24 мая

На Медиафест в Челябинскую область съедутся журналисты, блогеры и политологи


Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP


Современные производства, детские сады и школы — что еще построили инвесторы в столице по программе стимулирования создания мест приложения труда?

Риск заражения гепатитом С при контакте с больным – ...

Туск: Польша подозревает Россию в причастности к пожару в торговом центре

Какую реформу Чубайса не может отменить Путин, объяснил Хазин


Музыкальные новости

Певец Эмин Агаларов дал первый концерт в России после трагедии в "Крокусе"

«Забыл, сколько мне лет», «хавчик», «на чилле» и другие великие мемы от Джигана

Концерт волынщиков в музее П.И. Чайковского

Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Легенда "Спартака" Ловчев: немного перестал уважать Галицкого за отставку Ивича

ЦСКА и "Нижний Новгород" забили 8 голов в матче РПЛ

Белоусов собирает новую команду в Минобороны: Ждать ли возвращения Суровикина?

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей


Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Работу наземного транспорта в семи округах Москвы скорректируют 23 и 25 мая

Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами


Путин: РФ продолжит взаимодействие с Ираном как при Раиси

Король Бахрейна сегодня прибудет в Москву

BNA: Король Бахрейна прибудет в Москву по приглашению Путина

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения


Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния

Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Россияне рассказали, какие вредные привычки коллег раздражают их больше всего

Онколог Анастасия Марьенко объяснила, кто подвержен риску развития меланомы

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах


Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США

Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»


Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Сотрудница ОМОН "Оплот" приняла участие в костромском забеге «Галичское Заозерье»

«Молитесь, друзья»: сын олимпийского чемпиона Ивана Стретовича погиб во время родов в Новосибирске

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Сергей Собянин. Главное за день

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС


Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.

Сергей Собянин. Главное за день

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве


Какую реформу Чубайса не может отменить Путин, объяснил Хазин

Московские инфоцентры для туристов приняли около 250 тыс человек с начала года

Туск: Польша подозревает Россию в причастности к пожару в торговом центре

На Медиафест в Челябинскую область съедутся журналисты, блогеры и политологи


Отключения коммунальных услуг в Архангельске на 22 мая 2024 года

Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту


«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Премию Фета получил поэт из Югры

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.


Магаданский художник Константин Кузьминых получил звание "Народный художник Российской Федерации"

Синоптик Позднякова: Похолодание ожидается в Москве 23 и 24 мая

Какую реформу Чубайса не может отменить Путин, объяснил Хазин

Депутат КПРФ Александр Наумов встретился с руководством Федерации шахмат Подмосковья














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *