Китеп текчеге 29.12.08
ЫР МАЙРАМДЫН АЛИППЕСИ
«Алиппеге — ыр майрам» аталган китепче ата-энелерге, тарбиячыларга жана мугалимдерге пайдасы чоң болчудай. Автор эне менен көп бала тарбиялаган эжейдин тең көз карашын эң бир жакшы айкалыштырып, бөбөктөрдүн байкоо сезимин таамай сүрөттөп бере алган. Балдары көз көрүп бирдеме тааный баштагандан эле, ата-эне жан-жаныбарлардан, жашылча-жемиштерден жасалган оюнчуктарды чогуу ойнойт эмеспи.
Бул китепчени бала бакча, мектепке даярдоо топтор үчүн табылгыс окуу куралы деп, өзүмө окшогон ата-энелерге да сунуштайт элем. Балдардын ойлоо, ойлонуу, тамга таануу, сүйлөө аракеттеринде сүрөт жана ага ылайыкталган сөздөрдүн уйкалышы, албетте, балдарды эле эмес, чоңдорду да кубандырат. Ал тургай бала кездеги «тоголото топ тептик, топко жете биз кеттик», — деп үн салууга аргасыз кылат.
М.Шарипованын «Алиппеге ыр майрамында» да обондоп жиберүүчү саптар ар биринде бар:
«Ак аюунун балдары,
Алма, алча жей албайт.
Мамалактар ал тургай,
Ата, апа дей албайт».
Автор сөз менен сүрөттөгөндөй, жан-жаныбарлардын, өзгөчө мышык, ит, улак, козу, күчүк, каз, өрдөк, тоок, балапан жана башка ушуларга окшогон үй айбанаттарынын, ошондой эле алма, өрүк, коон, дарбыз, сабиз, картөшкө, капуста, пияз сыяктуу жашылча-жемиштин түрлөрү ырга салынып, көркөм сүрөттөлгөн. Мунун өзү кенже курактагылардын ой жүгүртүүгө, сүрөттөп баяндоого, сүрөт тартууга, алардын аталыштарын тамгалардан кураштырууга, окуй билүүгө кызыктырат. Мына ушул жагынан алганда М.Шарипова балдар менен мугалимдердин көктөн издегенин жерден таап берген.
Ырас, мындай түрдөгү изденүүлөр буга чейин деле жасалып келген. Бирок кеп башка. Мурда биз окуп, балдар окуп, тарбиячылар менен мугалимдер пайдаланып жүргөн сүрөттөр коштогон уйкаштык саптарды негизинен акын-жазуучулар жазып жүрүшкөнү бизге жакшы белгилүү. Колубуздагы сөз кылып жаткан бул Алиппе алардан айырмаланып, балдардын баскан-турганын, жүрүш-турушун, ой жүгүртүүсүн илимий-педагогикалык жактан жакшы билген адис педагогдун өнөрканасынан жаралган эмгек экендиги даана көрүнүп турат.
Мисалы: «Балдар жакшы ойносо,
Оюнчуктар жыргашат.
Тентек балдар сындырса,
Оюнчуктар ыйлашат».
Элестүү салыштыруулар, албетте, балдар тургай чоңдорго да таасир тийгизет. Этият ойноо аракетине чакырган саптар балдарды ойлонтпой койбойт.
Кыскасын айтканда, педагогдордун балдарды окутуудагы чыгармачылык көп кырдуулуктары көркөм чыгармачылык менен жуурулушуп, татына бир Алиппе пайда болуп, балдарга да, мугалимдерге да, жалпы ата-энелерге да баалуу белек тартууланды. Айрым китептерди кээде гана колго алсак, бул «Алиппеге ыр майрамды» күнүгө окуп, ырларын жатка айтып жүрүүгө татыктуу экенин окуп чыкканда билесиздер. Бул Алиппе автордун алгачкы эмгеги бойдон калбай, дагы башка көптөгөн сонун китептери жазылат деген үмүтүбүз чоң.
Мындай ыр майрамдуу Алиппенин көп миңдеген окурмандарга 500 гана нуска жарык көргөнү, миңден ашык окурман балага бирден да нуска туура келбегени өтө өкүндүрөт. Бирок ошондой болсо да мамлекет деген демөөрчү Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу, бала бакчалар, мектеп жашындагы баласы бар капчыгы калың бизнесмен инсандар колдоо көрсөтүп коюшса, бул өксүк толукталар эле…
Жаңы муундун билимдүү, таалимдүү болуп өсүшүнө колунда бар азаматтарыбыз да кызыгар деп күтөбүз.
Түгөлбай Мамбетжунушов, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.