Асыл агартуучу 29.12.08
«Замандаш» элдик журналынын салтка айланган «Жыл мыктылары» сынагы быйыл да 17 номинация боюнча мыктыларды аныктады. Өлкө турмушунун ар кайсы тармактарында ак кызмат өтөп, адал эмгеги, таланты, ишкер ийгилиги, жигердүүлүгү менен коомчулуктун жалпы таануусуна ээ болгон, кыргыз элин улут катары, эл катары дүйнө жүзүнө таанытып жаткан чыгаан инсандардын аты жарыяланды.
«Асыл агартуучу» номинациясына, т.а. «Жылдын мыкты мугалимине» Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын педиатрия факультетинин деканы, медицина илимдеринин доктору, профессор Бакасов Сталбек Сабдракунович татыды.
Агайды «Жылдын мыкты мугалими» болушу менен куттуктап, сөзгө тарттык.
— Студенттерге педиатрия боюнча билим берип келе жатканыма 30 жыл болду. Биздин факультетте чет өлкөдөн келип, билим алып жаткандар арбын. Ар бир улуттун өзүнчө өзгөчөлүктөрү болот. Ошого жараша мамиле да өзгөрүп турат. Негизинен кандай улуттагы студент болбосун окуу процессине жоопкерчиликтүү карашын талап кылам, — деди дарыгер-педагог. — Айылдан келген балдар 1-курста кыйналышат. Анткени орус тилин, латын тилин билиши керек. Анан баланын өңү-түсүнөн эле билинет окуп кетээри. Андыктан биз студенттерге чыдап, алар бизге чыдашы зарыл. Талап күчтүү. Антпесе дарыгер боло албайт. Дарыгерлердин колунда кичинекей бөбөктөрдүн өмүрү.
Чындыгында эле биз агай менен жолугушууга барган маалда чет өлкөлүк студент такылдап орусча сүйлөп, ошол эле кезде орус тилин начар билээрин айтып, англис тилинде сынак тапшырганга уруксат сурап жатты. (Экзамен учурунда студенттер кандай гана амал издешпейт).
Агай ага жылуу-жумшак мамиле кылып, канча жолу сабак калтырганын баса белгилеп, эгерде англис группада окуса ошол тилде берүүгө болот деген макулдугун берди. Студент кудуңдап чыгып кетти.
— Педиатрия факультетинде 400дөн ашык студент билим алат. Анын 50% чет өлкөлүктөр. Кыргызстандыктардын 25% бюджетте, 25% контракта окушат. Башка окуу жайлардан айырмаланып биздин студенттер шаан-шөкөттөргө, кечелерге бара алышпайт. Анткени, чыныгы дарыгер болом дегендер күндүр-түндүр окушат. Бирок, акыркы жылдары сабак берип жаткан айрым мугалимдер студенттерди бош кармагансыйт, — дейт жылмайып Сталбек агай.
Дарыгер-педагогдун айтымында, мугалимдердин айлык акысынын аздыгына байланыштуу айрым мугалимдер студенттерден сессия учурунда акча чогултмайы да бар.
— Эми колунан кармап албагандан кийин айтуу кыйын. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей арабызда уяты жоктор бар. Алар студенттерге зачет, баа койбой көпкө чуркатышат экен. Айласы кеткендер акыры акча берүүгө мажбур болушат окшойт. Биз студенттерден атайын анонимдүү сурамжылоолорду жүргүзөбүз. Ошондо студенттер кайсы педагог канча акча сураарын жазып беришет. Алардын фамилиялары окумуштуулар кеңешинде айтылып, уяткарылып келет,- деди С.Бакасов.
Агайдын пикиринде дарыгерге жүрөгү менен келип окуйм дегендер эмнегедир аз. Ошондуктан кирди-чыкты окугандар, эптеп диплом алам дегендердин көбөйгөнү кейитет. Советтик системада дарыгер болчу студенттер анатомияны күндүр-түндүр окушчу экен.
— Азыр саат үчтөн кийин эч кимди таппайсың. Студенттердин жүүнү бош болуп жатат. Бирок ошого карабай бардык аракеттерди жасап, теория менен практиканы айкалыштырып сабак берүүдөбүз, — деди медицина илимдеринин доктору. — Белгилей кетчү жагдай, биздин окуу жайга 40 гана бала алынат. Ал эми Кыргыз-Орус (Славян) университети быйыл 70ден ашык абитуриентти кабыл алды. Алар башка улуттагылар. Окууну бүтөөрү менен Орусияга жөнөшөт. Ал эми кыргыз бөбөктөрүнүн ден соолугу үчүн ким күрөшөт?
Анысы аз келгенсип, акыркы жылдары Бүткүл Дүйнөлүк Банк педиатрия факультети жабылса окуу жайга жардам берээрин айтышууда.
— Бул абсурд. Маселен, Европада педиатрия бөлүмү жок. Анткени ар бир үй-бүлөдө бирден эле бала. Бизде болсо ар бир үй-бүлөдө бери дегенде үчтөн, ары дегенде 7-8ден бала. Алардын ден соолугун ким карайт? Ошондуктан ойлонуп иш кылуу керек. Педиатрия бөлүмүн жапмак турсун, кеңейтүү керек. Анткени акыркы жылдары тубаса оорукчан балдар көп төрөлүп жатат, — дейт С.Бакасов.
Энелердин туура эмес тамактанышы, экологиянын бузулганы, витаминдердин жетишпегендиги ж.б.у.с. көп факторлор балдардын тубаса оорукчан болуп төрөлүшүнө алып келүүдө.
Андыктан балдардын туура өнүгүп-өсүшүнө, ар бир ооруга багытталган темаларга диссертация жазылып, жакталып келет. Алардын арасында агайдын шакирттери да бар.
— Менин устатым Т.В.Покровская. Ал киши 80ден ашып калды. Кезегинде мени идиректүү деп ординатурага алып калып, кийин устатымдын акыл-насааты менен аспирантураны, докторантураны ийгиликтүү аяктадым. Ал кишинин тажрыйбасы зор. Эми устатымдын жолун улап мен да 5-6 шакиртти тарбиялап чыктым. Аларга билгенимди үйрөтүп, акыл-насаатымды айтып турам. Диссертацияларын жакташкан, жактайм деп тургандар да бар, — деди Сталбек агай.
Ошентип, «Жылдын мыкты мугалими» бир эле дарыгерликке үйрөтпөстөн, жаштарды, өз балдарын ата-салтын улап жылуу сөз, жумшак мамиле менен билим, тарбия берип келет.
Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим».