Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

«Атам чыгарган ырды ырчы Гүлзат Байзакова ырдап жүрөт» 14.01.14

0

Асел Самакова: Бир кезде Манасыбыз кытайлык кыргыздардын атынан Кытай мамлекетине катталып калганын угуп бүтүндөй журттун...

Сообщение «Атам чыгарган ырды ырчы Гүлзат Байзакова ырдап жүрөт» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Асел Самакова:

Бир кезде Манасыбыз кытайлык кыргыздардын атынан Кытай мамлекетине катталып калганын угуп бүтүндөй журттун ичи ачышкан эле. Учурда ал кайгыбызды кубанычка алмаштырган Карганбек Садыкович көпчүлүктүн көңүл чордонунда. «Манас» эпосубуздун үчилтигин Юнесконун материалдык эмес маданий мурасына каттатып, кыргыз элине ат көтөргүс салым кошкон депутат мырза жеке жашоосунда кандай ата жана кандай инсан экенин кызы Асел Карганбекованын берген маегинен баамдасаңыз болот.
— Асел, Карганбек мырзанын канчанчы кызысың?
— Атам менен апамдын беш баласы бар. Үч байкемден кийинки көпкө чейин «кыздуу болсок» деп тилек кылып жүрүшкөндө төртүнчү перзенти мен төрөлүпмүн. Кийин апам мени жалгыз кыз болбосун деп сиңдилүү кылган. Ошентип, азыр беш бир тууганбыз. Байкелеримдин алды 29 жашта, үй-бүлөлүү, Бишкекте турат. Атамдын жолун улантып жеке иштер менен алектенет. Андан кийинки эки байкем азырынча үй-бүлө куруша элек. Алар да жеке иштери менен алектенишүүдө. Андан кийин мен Орус-Славян университетинин бокалавр бөлүмүн саясат таануу факультетин кызыл диплом менен аяктап, ошол эле университеттин магистратурасында юридикалык бөлүмдө билим алып жатам. Сиңдим болсо мектепте окуйт.
— Карганбек мырза үйдө кандай ата?
— Атам жумушунда элдин адамы болуп көп иштерди жасап келсе, үйдө апама сүйүктүү, жакшы жар, бизге камкор ата. Мен «менин атамдай ата эч жерде жок болсо керек» деп ойлойм. Себеби, дайыма бизге жакшы шарттарды түзүп, жакшы тарбия берип келет. Өзү аябай боорукер, жоопкерчиликтүү, колу ачык, анан шайыр, көңүлү абдан жумшак. Үйүбүздөн күнүгө конок үзүлбөйт. Бул атамдын депутат экендигинин эмес, биздин үйдүн меймандостугунун белгиси. Айылдан алыскы туугандарыбыз же тааныштарыбыз шаарга келсе да биздикине кайрылышат. Кээде жардам сурап кайрылган адамдарды да сырттан кетирүү деген болбойт. Тескерисинче, болгон тамагыбызды жайып коноктоп анан узатабыз. Атамдын үй кожоюну катары талабы ушундай. Анан калса башкалардай үй кызматкерлерди же ашпозчуларды жалдабайбыз. Бул акчанын жоктугунан эмес, тескерисинче, келечектеги аялзатына тиешелүү иштерди өзүбүз жасап үйрөнүү үчүн сиңдим экөөбүзгө ата-энем жактан берилген тарбия. Үйдөгү тамак жасоо, кир жуу, үй тазалоо деген иштердин баарын апам, мен жана сиңдим үчөөбүз жасайбыз. Атам бизге «сабагыңарды жакшы окуп, эл арасында жөнөкөй болгула» деген сөзүн айтат. Эркек балдарына абдан катуу талап менен тарбия берген. Кыз балдарын болсо катуу тилдеп урушпайт. Тескерисинче, кыз бала болгонубуз үчүнбү сиңдим экөөбүздү байкелериме караганда көбүрөөк эркелетет. Биз болсо таптакыр эркелеп чектен ашып кетпейбиз. Эгер бир аз каталык кетирсек бардык эне-аталардай эле сөз менен айтып түшүндүрүшөт. Атам дайыма «балдарымдын тарбиясы жаман деп эч бир жерден уга элекмин» деп сыймыктанып келет. Биз да ата-энебизди уятка калтырбаганга аракет кылып жакшы окуп, жакшы иштеп, бардык нерсеге аракет кылып жатабыз.
— Үйдө ата катары балдарына кандай принципти колдонот?
— Атам эркек балдарынан бизнес чөйрөсүндө болобу же үйдө болобу катуу тартипти талап кылат. Бизге билим алууга бардык шарттарды түзүп берген үчүн сабакты абдан жакшы окушубузду талап этет. Үйдө атам менен бирге отурганда капысынан химиядан, физикадан же алгебра сыяктуу өтө татаал сабактардан суроо берип биздин кандай окуп жаткандыгыбызды бат эле текшерип коёт. Мен мектепти жана университетти кызыл менен бүтсөм да кээ бир суроолоруна жооп бере албай калам. Мындай учурда «жакшы окугула» деп бир аз урушуп коёт. Өзүм атамдын алдында бир аз ыңгайсыз болгонум менен баары бир сыймыктанам. Себеби, атам көптү билген, акылы тунук инсан.
— Атаң менен апаң таанышып калган күндөрүн айтып калышабы?
— Атам кээде апам менен тамашалашып ойноп калат. Мындай шаңдуу мүнөттөрдө биздин үй-бүлөнүн бактысы үчүн Кудайга ыраазы болом. Ал эми атам менен апам кантип таанышып калгандыгы туурасында атайын отуруп айтып беришкен эмес. Бирок, бир аз угуп калганым бар. Атам Нарындан болот. Ошол жактан мектепте окуп жүргөн кезинде апам менен 1-2 жыл бирге окуган экен. Атам ошол кезде эле апамды жакшы көрсө керек. Кийин апам шаарга кеткен экен. Кызыгы, экөө Политехникалык университетке бирге тапшырышып, курстташ болуп калышыптыр. Бир кезде классташ болушса, кийин бир университетте билим алышып анан үйлөнүп калышкан экен.
— Атаңдын депутат экенин билген мугалимдер кандай мамиле кылышат? Дейин дегеним, атаңдын артынан өз иштериңди бүтүрүп көрдүң беле?
— Атамдын арты менен, атамдын атын колдонуп эч качан иш бүтүрүп көргөн эмесмин. Тескерисинче, «депутаттын кызы экен» дедиртким келбейт. Мен мектепте окуп жүргөндө эч ким атамдын Жогорку Кеңеште иштээрин билишкен эмес. Качан 11-классты аяктап жатканда билип алышып таң калышкан. Университетте окуп жүргөн кезде да эч кимге айткан эмесмин. Анда дагы беш жылдыкты бүтүрүп жаткан учурда билип калышты. Университтеттеги студенттер, кээде окуткан мугалимдерибиз деле сабактарында «депутаттар туура эмес иш кылышат. Депутаттар жаман» деп болушунча депутаттарды жамандап же каралап аларды сындай беришчү. Албетте, алардын арасында эч качан атамдын ысымы айтылган эмес, бирок, жалпы депутаттардын ишин сынга алышчу. Алар жаман деп жатканда «ошол депутаттардын арасынан менин атам жакшы» демек белем. Мен унчукчу эмесмин. Негизинен ар бир адам өз оюн айтканга укуктуу. Аларды да туура түшүнсө болот. Канчалык экономикабыз төмөндөп, элдин жашоосу начарлаган сайын бийликти жаман көрө башташат эмеспи. А бирок, кийин атамдын депутат экенин билишкен соң «биз бардык депутаттар жөнүндө сөз кылып жатканда депутаттын кызы экениңди неге айткан жок элең. Анан калса депутаттын кызы болуп туруп аябай жөнөкөйсүң, ушунча болуп бой көтөргөнүңдү көргөн жокбуз» деп таң калышкан.
— Карганбек мырза жазган ырларды кыргыз эстрадасынын ырчылары ырдашат экен. Мунун канчалык чындыгы бар?
— Атамдын ыр чыгараары чын. «Баатыр энелер» боюнча демилгени атам көтөрүп чыгып ал боюнча мыйзам кабыл алынбады беле. Ошол учурда энелерге арнап атам ыр жазыптыр. Ошол ырын азыркы кезде ырчы Гүлзат Байзакова эже аткарып жүрөт. Мындай талант биздин чоң аталарыбыздан келсе керек. Себеби, чоң атабыз комуз черткен таланттуу адам болуптур.
— Сулуулар сынагына катышып жүргөнүңдөн кабарыбыз бар эле. Кыргыздын желегин кайсы мамлекеттерде желбиреттиң?
— Мода чөйрөсүнө он беш жашымдан баштап аралашып жүрдүм. Бир күнү мода агенствосунун директору чакырып калды. Барсам «Кытайдагы дүйнөлүк сулуулардын сынагына катышпайсыңбы?» деп сунушады. Чынында, мен бул сунуштун жоопкерчилигинен анан ал жактагы атаандаштыктын ар кандай тоскоолдуктарынан корктум. Себеби, бул сынактын бюджети да чоң жана дүйнө боюнча төртүнчү орунда турган кароо-сынак болчу. Убактысы да жакындап калыптыр. Эки жумада баарына даярданышым керек экен. Акыры катышып көрүүнү туура көрүп, кийимдеримди жана башка көп керектүү нерселерди эч кимге айтпастан даярдай баштадым. Бардык даярдык бүткөндөн кийин атам менен апама сынакка бараарымды айтып уруксат сурадым. Башка аталар уруксат бермек эмес болуш керек. Себеби, өзүңүздөр билгендей мындай масштабдуу сынакта тирешүүлөр менен ар кандай жагымсыз кырдаалдар болушу мүмкүн эле. Бирок, менин атам тескерисинче «барсаң барып катышып кел» деп жол киремди төлөп берди. Жалпы 65 мамлекеттен катышкан сулуулардан тандалып алынган 20 сулуунун ичинде мен да болдум. Кийин апам интернеттен көрүп алып «бизге айтып жакшы эле даярданып барсаң болмок экен» деди. Бирок, ар кандай адамдар бар эмеспи. «Депутаттын кызы да, атасы акчасын төлөп катыштырды» деген терс пикирлерди айтып жатышты. Мен аларды мындай ийгиликке жете албагандар деп гана кабыл алдым.
— Юнеского Манастын үчилтигин каттатууда бардык чыгымды өз чөнтөгүнөн төлөдү деп айтылып жатат. Бул чынбы?
— Атам эл үчүн күйгөн инсан. Тапкан кирешемдин он беш пайызын жараткандын ыраазычылыгы үчүн кедей-кембагалдарга же жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берип турушум керек деп дайыма айтып турат. Ошол себептен өтө катуу ооруга чалдыккан 2000ден ашык ден соолугу начар адамдарды ооруканага жаткырып, дарылатты. Алардын көбү буттарындагы оорулардан улам баса алышчу эмес экен. Оор операциядан соң бутунан туруп басып кетишкен. Көптөгөн жетишпеген үй-бүлөлөрдүн жогоркуу окуу жайдагы окуган балдарынын контрактарын төлөп окуткан. Бирок, ошол жардам берген адамдардын азыр кайда экенин деле өзү так билбейт. Эң негизгиси «окуган окуусунун ийгилигин көрүп, үй-бүлөсүн багып, жакшы жашашса болду» деп калат. Ал эми Манасты кыргыз элине каттатуу үчүн 180 мамлекетке барып, эпос кыргыздыкы экенин, анда кыргыз жөнүндө сөз болгонун айтып, дипломатиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Парижде 500 кишиге жылкы союп кыргыз даамдары менен аларга тамак берген. Себеби, келечектин жакынкы жылдарында кыргыз даамынан тартып боз үйүбүздү, улуттук оюндарыбызды, деги эле кыргыздын көптөгөн улуттук мурастарын Юнеского каттатууга шарт түзүүдө. Ошондуктан, атам кыргыз үчүн кыла турган албан иштеринин алдыңкысы үчүн каражатын аяган жок деп билдире алам.
— Юнеского «Манас» эпосунун катталганын угуп Карганбек мырза көзүнө жаш алганын аны менен бирге барган жаш манасчы кичинекей Үмөт өз интервьюсунда ачыктады. Жашоодо атаң жашыкпы? Кайсы мүнөзүң атаңа окшош?
— Ооба, чынында атам сүйүнүп көз жаш алганчалык эле болду. Себеби, канча жыл жүгүргөн эмгегинин акыбети кайтты. Атама өзүмдүн эмгекчил, жоопкерчиликтүү, боорукер, жөнөкөй жана бардык ийгиликке аракеттенип бир орунга тура албаган жактарымды окшоштурам. Өзүм апама караганда атама көбүрөөк жакынмын. Кандай гана учур болбосун эң биринчи атама келип айтам. Атам апамдай катуу эмес. Дайыма туура түшүнүү менен жооп берет. Мен атамдын ушул сапатын айрыкча сыйлайм.

Жаз-Айым Айдекова

Сообщение «Атам чыгарган ырды ырчы Гүлзат Байзакова ырдап жүрөт» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.







Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"


Дорожные ирригаторы Revyline RL 660 New Black скоро появятся в представительстве бренда в Улан-Удэ

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Вкусно и безопасно: гастроэнтеролог Садыков назвал 5 продуктов, снижающих холестерин

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ


Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga

Glen Powell’s parents crash Texas movie screening to troll him

AML check crypto

Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy


На западном объезде Южно-Сахалинска забивают сваи моста через реку Владимировка

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

«Байкал Сервис» стал партнером Премии 2ГИС


Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Sea War: Raid 1.131.0


Estischool - Школа за британською програмою


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Мучается от боли. Новые факты о нападении афганца на студентку в Москве

Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Около 160 детей участников СВО из Ступина отдохнут бесплатно в лагерях

Пентагон обвинил Россию в запуске противоспутникового оружия

"Турецкого султана" едва не скинули с трона: При чём тут Россия, сказал политолог

«Аэрофлот» увеличит количество рейсов между Москвой и Петербургом


Путинцева вернулась после 0:6 и одержала важную победу

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге


Летом в Ярославле начнут ремонт Московского проспекта

Москвичка нашла в своём унитазе удава

Политика: Эксперты оценили пользу России от вхождения Монголии в ШОС

Сибирская школа геонаук ИРНИТУ проводит геологический семинар


Музыкальные новости

В Душанбе открылась книжная выставка, посвящённая Юлии Друниной и Булату Окуджаве

У Шнурова появились вопросы к журналистам после появления информации о задолженности по налогам

В Иллюзионе пройдет ретроспектива «Персона: Булат Окуджава»

«Считают каждую копейку»: Юрий Лоза рассказал о трудностях Максима Галкина* и Аллы Пугачевой в Израиле


Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.


Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Активиста Булатова оштрафовали на 50 тысяч рублей за дискредитацию армии

Появился трейлер исторического детектива «Плевако» с Сергеем Безруковым в роли легендарного российского адвоката


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Москвичам посоветовали быть внимательнее на дороге из-за тумана

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Сергей Лёвкин: вблизи деревни Дудкино возобновили строительство придорожного автоцентра


Не сработает: Вашингтону предсказали провал из-за Москвы

Путин: РФ продолжит взаимодействие с Ираном как при Раиси

Такер Карлсон стал ведущим телеканала «Россия 24»

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения


Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Онколог Анастасия Марьенко объяснила, кто подвержен риску развития меланомы


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


«Молитесь, друзья»: сын олимпийского чемпиона Ивана Стретовича погиб во время родов в Новосибирске

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Курсант Пермского военного института Росгвардии принял участие в финале интеллектуальной олимпиады Приволжского федерального округа

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин. Главное за день

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы


Четыре города ЦФО вошли в федеральный топ-10 по качеству жизни

Сергей Собянин. Главное за день

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.

Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы


Политика: Эксперты оценили пользу России от вхождения Монголии в ШОС

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

Москвичка нашла в своём унитазе удава

Сергей Иссерс: «Русбиофарм» обеспечит отрасль высокочистым метанолом


«Северная красота» пусков Плесецка

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

Байкеры Архангельска открыли мотосезон

Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области


«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ


Муфтий Москвы назвал возможные последствия запрета никаба в России

Актовый зал в мытищинской школе № 6 обновят этим летом

Путин попросил Володина передать теплые слова о Раиси на его похоронах

В московском районе Бирюлево Западное произошла массовая драка со стрельбой














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *