Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

«Уулумдун ветрянкадан жабыркаганына ишенбейм» 14.01.14

0

Бекбоо Токтобаев: Ар бир ата-эне баласынын эр жетип, эл үчүн кызмат кылганын көргүсү келет эмеспи....

Сообщение «Уулумдун ветрянкадан жабыркаганына ишенбейм» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Бекбоо Токтобаев:

Ар бир ата-эне баласынын эр жетип, эл үчүн кызмат кылганын көргүсү келет эмеспи. Бирок, андай ийгилигин көрө албай уулунун майып болуп калганына жашыган ата азыр кимди күнөөлөөрүн билбейт. Дени сак баласын армияга жиберип, эки айдан соң «уулуңуз өлүм алдында жатат. Балаңыз башынан эле оорулуу экен» деген сөздөргө ишенгиси келбеген ата бизге кайрылып, болгон жайды түшүндүрүп берди…

«Авам армиядан кайтпай калса, уулум армияда жүрүп өлүм
алдындагы абалга түштү»
— Өзүбүз Ысык-Көлдүн Ак-Сай айылынан болобуз. Токтобаев Базаркул балдарымдын улуусу, 1994-жылы 4-августта төрөлгөн. Мындан кийин бир эркек, бир кызым бар. Илгери атамдын Базаркул деген агасын армияга алып кетип, ошондон ары Улуу Ата Мекендик согушка катышып, андан кайтпай калган экен. Айылдагы туугандарыбыздын баары артында туяк калбай кеткен баласына өмүр бою ыйлашты. Келинчегим кош бойлуу кезде «эгер эркек болсо атын Базаркул коём. Кайтпай калган авамдын атын унутпай атап жүрөбүз» дегем. Айткандай эркек төрөлүп, уулумдун атын Базаркул койгон элем. Авам армиядан кайтпай калса, уулум минтип армияда жүрүп өлүм алдындагы абалда кайтып келди. Базаркул мектепте окуп жүргөндөн тартып өзү менен өзү болуп, бир аз иштеп мектепке керектүүлөрүн өзү алып үйгө жардамын тийгизчү. Бир күнү «ата, иштеш үчүн военный билет сөзсүз керек. Мен окуумду аяктаган соң армияга барып кызматымды өтөп келейин» деп калды. Уулумдун мындай кадамына ата катары ичимден кубанып калгам. Анан мектепти аяктаган соң солдатка барам деп военкоматта ден соолугун текшертип жарым ай жүрүп, андан соң армияга кеткен эле. Өткөн жылдын 25-октябрында апасы экөөбүз уулубузду бул жакка жөнөткөнбүз. Жакында эле ант берүү аземине келип катышып, балабыздын элдин балдарынан калбай ант бергенине апасы экөөбүз жетине албай кубандык эле. Кара басып минтип эки айга жетпей оорулуу болуп ооруканага жатып калды.

«Өлүм алдында жатса, доктурлар «армиядан качуунун амалын кылып жатат» дешиптир»
— 27-декабрда түштө келинчегиме баламдын командири телефон чалып «шашылыш келип калбасаңыздар болбойт. Балаңыздар ооруп жан сактоо бөлүмүндө жатат» деп чакырыптыр. Айылдан такси издеп апасын Бишкекке жөнөттүм. Ал учурда уулумдун мынчалык катуу экенин билген эмесмин. Себеби, армияга кетээрде ден соолугу чың, жакшынакай эле болчу. Апасы келсе Базаркулду инфекциялык оорукананын жан сактоо бөлүмүнө алып барып жаткызып коюшуптур. Доктурлар өлүү менен тирүүнүн ортосунда кыйналып жаткан баланы «армиядан качуунун амалын кылып жатат. Жакшынакай эле. Бир аз тынчтансын» деп ага эки жолу наркоз беришиптир. Бир күндөн кийин башындагы оорусу катуу экенин билишип республикалык оорукананын неврохирургия бөлүмүнүн жан сактоо бөлүмүнө которушуп, тез арада башына операция жасалбаса жоготуп алышыбыз мүмкүн экендигин билдиришти. Телефондон апасынын жашка муунуп ыйлап жатканын угуп айылдан Бишкекке карай түнү менен жол тарттым. Мен жолдо келе жатканымда уулумду түнкү саат бир жарымда операцияга кирди дешти. Түнкү эки жарымда оорукананын жанынан түшүп калып таң атканга чейин уулумдун аман-эсен чыгышын Кудайдан тилеп, уулум кирген эшикти тиктеп Жаратканга жалбарып ыйлап жаттым. Таңкы саат беш жарымдан ашканда баламды жан сактоо бөлүмүнө которушту. Бул күн 28-декабрь эле. Үч күн бою балам жан сактоо бөлүмүнөн чыккан жок. Диагнозун айтпай жатышып, операциядан кийин «ветрянкадан ашынып кетип инсульт болуптур» деген диагнозду коюшту. Мен буга ишенбей «жыйырма жаштагы бала инсультка кабылышы мүмкүнбү?» деп доктурлардан сураштырып андай илимде да жок экендигин билдим. Баламды үч күндөн соң 31-декабрда палатага которуп беришти. Сырттагы элдин баары Жаңы Жылды тособуз деп жүрүшсө, биз балабыздын операциядан аман чыкканына сүйүнүп, сырттагы суукка карабай ушул оорукананы айланып жүрдүк.

«Жоокер балдарды көрүп
» уулум Инвалид деген справканын
ордуна жоокер баракчасын
колуна алмак» деп жашып алам»
— Уулум төрт сааттык операциядан улам үч күн дегенде көз ачты. Азыр болсо дале эсине келе албай жатат. Көзүн жалдыратып менден албай жатса уулумдун келечегин ойлоп ичимден өрттөнүп кетем. Уулумду бул абалга кириптер кылган оорунун ветрянка эмес экенин аталык жүрөгүм сезип турат. Баламдан сурайын десем оозун ачып тыңыраак да сүйлөй албайт. Болгону «беш бала» дегенден башка эч нерсени айта албай атат. Баарыбызга белгилүү болгондой, «дедовщина» күч алып, армиянын тартибин бир да кызматкер көзөмөлгө албайт. Башында табарсыгынан көк алаларды байкагам. Бет сөөктөрү да шишимик тартып турган эле. Армиядагы кызматкерлердин шалаакылыгынан, кайдыгерлигинен ушул болуп жатат. Күн сайын баламдын жанындагы жоокер балдар келип ал-ахыбалын сурап кетишсе, эч кимге көрүнбөй «менин уулум да ушулардын арасында жүрбөйт беле. Инвалид деген справканын ордуна жоокер баракчасын колуна алмак» деп жашып алам. Азыр бул боюнча тергөөчү бала иштеп жатат. Эгер чын эле Кыргызстанда акыйкат болсо, тергөөчү өз кызматын жакшы билсе анда чыныгы ишти далилдеп берет деген ишеним менен отурам. Эгер бул ишти жөн гана «ветрянкага» шылтап коюп, мындан ары да мындай иштер улана берсе, анда эч ким баласын армияга жөнөтпөй калаары бышык. мен чындыкты күтүп, үмүтүм үзүлбөй турган кез.

Жаз-Айым Айдекова


Сообщение «Уулумдун ветрянкадан жабыркаганына ишенбейм» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *