«Альпиниса азыр эптеп түрмөдөн чыгыш үчүн актанып жатат» 14.01.14
Жылдыз эже: Гезитибиздин №183-санында темир тор артында жаткан 56 жаштагы Альпиниса айым «Азыр түрмөдө бармагымды...
Сообщение «Альпиниса азыр эптеп түрмөдөн чыгыш үчүн актанып жатат» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.
Жылдыз эже:
Гезитибиздин №183-санында темир тор артында жаткан 56 жаштагы Альпиниса айым «Азыр түрмөдө бармагымды тиштеп олтурган кезим» деп маек берип, чек арада болгон чырдан улам каза болгон солдаттын өлүмүнө ак жерден күнөөлүү болуп темир тор артында олтуруп калгандыгын айтып берген. Макала жакыр көргөн соң өткөн жылдын соңунда ошол солдаттын ата-энеси биздин редакцияга баш багып, окуя тууралуу чындыкты айтып беришти.
«Калбаев уулума карай
ок чыгарып, аны жүрөккө атып салган»
— Бул окуя 2012-жылдын 12-февралында Баткен областынын Паскы-Арык айылында кыргыз-тажик чек арасында болгон. Ошол учурда чек арачылар командирдин буйругу менен нарядка чыгышып, чек арадан элди текшерүү менен өткөрүп жатышкан экен. Аңгыча эле Калбаев Акылбек Шамшидинович деген ошол айылдын тургуну тажик жарандары менен «Самаркандек» чек ара тозотунан Тажикстан тарапка көмүр алып өтүп бара жатканда чек арачылар токтотуп текшерип калышат. А анын көмүрүнүн эч кандай документи жок болот. Чек арачылар андан документ талап кылганда Калбаев машинасынан түшө калып аларды сөгүп, туура эмес сөздөрдү айтат. Муну улай ал жерге эл чогулуп калат, анан Калбаев Шералиев Таалайбек деген адамга чалып «Талипова Альпиниса эжени алып кел» дейт. Таалайбек болсо Альпинисаны алып келе калат. Ал айым келгенде Калбаев экөө элден четке чыгып сүйлөшүшөт. Бул убакта чогулган элдин саны 50-60тай болуп калат, анан чек арачы Салижанов Мурат командирине телефон чалып ал жердеги жагдайды айтып кошумча күч жиберүүсүн суранат. Ошондо комушча күчтү жетектеп «Самаркандек» чек ара тозотунун командиринин күжүрмөн даярдык боюнча орун басары, лейтенант, менин уулум Дүйшөналиев Канат жөө келе жаткан болот. Анан Жузумаматов Акжол деген командири артынан келип, менин баламды машинасына салып алып чек арага келишет. Ал учурда эл көбөйүп, ызы-чуу башталып калган убак эле. Балам Канат алардын маселесин угуп «бул чечилчү маселе экен, азыр чечебиз» деп калса, Альпиниса уулумду жакасынан сүйрөп элдин ортосуна алып кирип жаактан ары чапкан, Калбаев болсо баламдын автоматын жулуп алам деп аракет кылган экен. Бирок, балам автоматын жулдурбай алардан суурулуп четке чыккан. Калбаев болсо барып Салижанов Мураттын автоматын күч колдонуп тартып алып асманга ок атат. Ошол жерде кызмат өтөгөн солдаттардын айтымында, ошол учурда командир аларга «жашынгыла» деп буйрук берген. Алар ошол жердеги кепедей болгон тамдын артына барып жашынып калышат. Менин уулум болсо «бул чечилчү маселе экен, тынч жол менен чечебиз» дейт. Анда Альпиниса эне катары ал ызы-чууну токтоткондун ордуна «аткыла!» деп элди, Калбаевди чек арачыларга карата тескери үгүттөгөн. Аны биз окуя болуп жаткан учурда жазылып калган аудиодон укканбыз. Ошондо анан Калбаев уулум Канатка карай ок чыгарып аны жүрөккө атып салган. Балам ошол жерден жыгылып командирине «мени атып салды» деп айтканга гана жараган. Ал жерден машинага салып ооруканага алып жөнөшөт, бирок, балам жолдон эле бул дүйнө менен кош айтышып кете берген. Калбаев болсо менин баламды аткандан кийин деле ары жак, бери жакты ата берген. Анын кылыгы баарына кабардар болуп ал жерге коопсуздук кызматынан келишет, Баткен облусунун губернатору келет.
«Альпиниса Москвага
качып бара жаткан жеринен кармалып, темир тор
артына камалган»
— Окуядан соң Альпиниса «автоматты мен алдымбы, мен алып барып берем» деп Калбаевден алып Ашым дегенге алып барып берет. Кийин ал сөздөрүн такыр мойнуна албайт. Ал аял ошол учурда мыйзамдан дагы коркпой анын көзүнө эч нерсе көрүнбөй калган. Алгачкы тергөөлөр башталганда эле Калбаев убактылуу кармоочу жайга камалып, а Шералиев менен бул айым кармалбай боштондукта эле жүрүшкөн. Аны болсо Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Урмат Курманалиев деген милиция тергеп жаткан. Ал балага чалып тергөө иштери кантип жатканын сурасак «минтип жатат, тигинтип жатат» деп койчу. Мындан улам эч кандай жыйынтык чыкпай тергөө узакка созулуп кеткен. Качан гана биз гезиттерге жазып чыгып, башкы прокурор, президентке чейин кайрылуу жазганыбыздан кийин гана иш прокуратурага өтүп Бакиров Каныбек деген тергөөчүнүн колуна берилген. Ошол тергөөчүнүн ыкчам тергөөсүнүн негизинде Альпиниса Москвага качып бара жаткан жеринен кармалып темир тор артына камалган. Анын артынан Шералиев камалды. Ага чейин эмнеге кармалбай жүргөн десек көрсө, биринчи текшерип жаткан Курманалиев менен Альпинисанын ага-туугандары «ишти ушундай эле бүтүрөлү» деп сүйлөшүшүптүр. Курманалиев алардан пара алып, аялды психикалык жактан оорулуу деп ооруканага жаткырганы жаткан экен. Ал бизге кийин дайын болду.
«Эгерде ак болсо райондук, облустук соттор актап чыкмак го, кантип ак жерден эле кесип жиберишсин?..»
— Ошентип, биринчи сот ошол жылдын 20-майында болду. Райондук сотто Калбаевге өмүр бою, Альпинисага 12 жыл темир тор артында олтурсун, Шералиев шарттуу түрдө кесилсин деген чечим чыкты. Андан кийин облустук сот болду, анда Калбаев өмүр бою, Альпиниса 14 жылга, Шералиев 6 жылга кесилсин деген чечим чыкты. Кийин Жогорку сотто каралганда алар тараптан эч ким келбей койду. Биринчисинде кийинки мөөнөткө жылса кийинкисинде дагы эч ким келбегендиктен, Жогорку сот облустук соттун чечимин күчүндө калтырды. Анын негизинде Калбаевди өмүр бою, Альпинисаны 14 жылга, Шералиевди 6 жылга эркинен ажыратышты. Сотто Альпиниса «балаңар өзгөчө форма кийген, татынакай бала болчу» дейт. Соттор «эмне, өзгөчө бала болгону үчүн аттырдыңызбы?» деп суроо беришсе болсо унчукпайт. Ага караганда ал айым эне катары окуя кандай болгон, чындыгы кандай мага айтып берсе болмок. Анын деле менин балама окшогон баласы бар болсо керек. Биздин күйгөнүбүз ал айым гезитке «мен акмын» деп жазып жатканы. Эмнеге ак экенин сотто айтпайт? Эгерде ак болсо райондук, облустук соттор актап чыкмак го, кантип ак жерден эле кесип жиберишсин?.. Альпиниса азыр эптеп түрмөдөн чыгыш үчүн актанып жатат. Силерге берген интервьюсунда бармагын тиштеп жатканын айтыптыр, албетте, бармагын тиштеп жатса керек. Бирок, ал айым ак жерден кесилген эмес. Соттогу анын берген көрсөтмөсүндө «менин күнөөм жок, ооруп дары алганы бара жатып катышып калгам» десе, Калбаевдердин көрсөтмөсүндө «Шералиев Альпинисага чалганда телефонду кызы алган дагы «апа, сизди Акылбек ака тез келе калсын деп чакырып жатат» деген» деп жүрөт. Альпинисаны ошондо үйүнөн Шералиев алып келген. Ал болсо барып алып аял башы менен ызы-чууну ырбаткан. Баламды бетке чапканга кантип колу барды? Канаттын сөөгү келгенде бетин көрүп бирөө урганын билип «бул соо өлгөн жок, муну урушкан» дегем, кийин айканымдай эле чыкты. Сотто ошол үчөөнүн бири дагы «22 жаштагы чырактай балаңдан айрылыптырсың» деп кечирим сурап коюшкан жок. Альпиниса камалып кеткенден кийин мен аял катары, эне катары ага жолугуп болгон чындыкты сурайын деп 2-3 жолу абакка бардым, абактын кызматкерлери «сизге жолугууга болбойт, сиз жабырлануучусуз» деп жолуктуруудан баш тартышты.
«Аскер кызматында иштеген балдарды көрсөм ошолордун амандыгын тилейм»
— Балам Дүйшөналиев Канат Өмүрбекович 1989-жылдын 10-сентябрында Нарын шаарында туулган. Мектепте жакшы окуду, тартиби да жакшы болчу. Уулум үчүн бир да ирет мугалимдеринен тескери сөз уккан эмеспиз. Атасы аскер кызматкери болчу, ошонун таасиринен да болсо керек, 7-класста окуп калган кезинен баштап «аскер кызматкери болом» деп баштады. Бирок, бою кичинекей эле, көксөөсүнө жетүүнү максат кылып ар кандай витаминдерди ичип, машыгып, өзүн катуу даярдады. Кийин «Аскер кызматына даярдык» деген китепти алып келип окуп, түшүнбөгөн жерлерин атасынан сурап эле отурчу. Мен кээде «балам, эмнеге бул кесипке мынчалык кызыктың?» деп сурасам, «апа, аскер кызматкери болгон эң жакшы, ал Ата Мекенди коргойт» деп калчу. Мектепти аяктап, өзүнүн каалоосу боюнча жогорку аскердик окуу жайына тапшырды. Ал жакта абдан жакшы окуду, сүрөтү дайыма мыкты студенттердин катарында илинип турчу. 3-курста окуп жүргөндө Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгына карата Москвада өткөн парадга барып катышып, Россиянын коргоо министринин колунан медаль алып келген. 2010-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап, Каракол шаарындагы 20-28 аскер бөлүгүнө байланыш түйүнүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Анан бир күнү атасына чалып «ата, мени Баткенге чек ара бекетине айдап жатат» деди, «балам, Баткенге барбай эле койсоңчу» десе, «ата, барып кызмат өтөп, көрүп келейин» деп кеткен. Көрсө, баламды ал жакка ажал тартып барган экен да. Балам чек арада кызмат кылып жатып башка эмес, кыргыз мекендешинин колунан каза таап жатканына күйөм. Эгерде башка улуттун колунан каза тапса дагы «Мекенин коргоп каза тапты» деп көксөөм суумак. Мага окшоп башка энелердин көз жашы төгүлбөсүн. Азыр аскер кызматында иштеген уулумдай болгон балдарды көрсөм ошолордун амандыгын тилейм.
Гаухар Жакшылыкова
Сообщение «Альпиниса азыр эптеп түрмөдөн чыгыш үчүн актанып жатат» 14.01.14 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.