Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Кйөгөйүң барбы, Базарбай? 07.11.11

0

Ош базары Базар «бардагы» — бүтпөгөн, түгөнбөгөн сөз экен… Биз борбор калаа базарларындагы негизги көйгөйлөрдү...

Сообщение Кйөгөйүң барбы, Базарбай? 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Ош базары
Базар «бардагы» — бүтпөгөн, түгөнбөгөн сөз экен… Биз борбор калаа базарларындагы негизги көйгөйлөрдү кезеги менен чагылдырып турууну баштап, бүгүнкү рубриканын алгачкы «коногуна» айтылуу Ош базарын алдык.

Үсөновдон «саамалык»
Данияр мырза мэрлик креслого отурганы шаар ичин иретке келтирүүгө белсене киришкени маалым. Ал идеясын жүзөгө ашыруу үчүн ишти борбор калаадагы базарларды тартипке салуудан баштады. Маселен, айтылуу Ош базары жашылча-жемиш сатылчу жайга эмес, экинчи «Дордойго» айланып калган эле. Эл өтүүчү башкы жолдо кийим-кечектер сатылып, кокусунан кырсык болсо, тез жардам, өрт өчүрүүчү машинелер кирип-чыкканга биртоп тоскоолдук жараткан. Мындан улам базар ичин иретке келтиргени үчүн Токтогулдун уулу Даниярга ичибизден ыраазы болгонбуз. Бирок, соодагерчилик менен үйбүлөсүн баккан адамдардын тагдырын ойлоп койгон жок. Кийим-кечек саткандарга Москва көчөсүндө жайгашкан ит базардан орун берилгени менен, элементардуу шарт түзүлгөн эмес. Үстү ачык болгону аз келгенсип, баскан сайын бырыксыган топурак-чаң ооз, кулак-мурунга толуп калчу. Эми элестетип көрүңүз, жайкы аптапта мээсине ысык өтүп, чаң жутуп отурган соодагерлердин мышык ыйлар абалын. Минтип кыйналганга жараша соодалары жүрүшсө да жакшы го. Кайдан… Орун пул болсо — 50 сом. Он күн ушундай тозокко чыдаган соодагерлер аргасыздан жаңы амал ойлоп чыгышыптыр. Тактап айтканда, товар сакталчу жайларда (камера хранения) кичи базар ачылган. Мойнуна «РАСПРОДАЖА» деген жазуусу бар плакат тагынып: «Камерага кирип соода кылып кеткиле» деп кыйкырган баланы көргөндө чочулабайле койгонуңуз оң. Көпчүлүктү «жаңы базарга» көндүрүү үчүн рекламанын ушул жолун тандап алышкан.

Чөнтөкчүнүн баяны
Ош базарында уурулук менен жан баккан 12 бала, 2 кыз бар экен. Аларды кызыл шапкечендер «крышовать» этери маалым. Ысымын ачыкка чыгаргысы келбеген маектешим буларга токтолду:
— Киев-Токтогул көчөсүнүн кесилишинде, башкы катарда соода кылгандарга тийишпесе жакшы болмок. Эл суюлуп калды, анын кесепети бизге да тийди. Себеби, сыгылышкан элдин арасынан уурулук кылуу жеңил болчу. Учурда ишибиз жакшы жүрүшпөй аткан чагы.

«Кафе»
Ош базарынын чок ортосунда тамак сатылчу жай бар. Башкаларга салыштырмалуу баасы өтөле арзан. «Кафени» сүрөткө тартып атсак, кожойкеси албууттанып биз менен урушуп кирди. Көрсө, ал жерде селсаягы, аракечи, соосу деле тамактана берет экен. Албетте, «бомждор» деле адам деңизчи. Бирок, аларда коркунучтуу оору жок деп ким кепилдик бере алат? Базар жетекчилиги акча чогултканды эле билбей, тамак-аш сатылчу жайлардын санитардык абалына кичине көңүл буруп койсо деген эле тилек.

Баалар «бакырганда»
Жашоо күндөн күнгө оорлоп барат. Өткөн жылга салыштырмалуу тамак-аштын баасы эки эсеге жогорулаган (таблицаны караңыз). Бийлик өкүлдөрү аны дүйнөлүк тенденцияга шылтоо менен алек. Баарынан да айлык акыны мынча пайызга көбөйттүк дегендерин кантесиң. Маселен, бизде пенсиянын орточо көлөмү 700 сом. Аны эки эсеге көбөйткөндө дагы карыларыбыз бир айлык жашоосуна 3000 сомдун тегерегинде акча сарпташы керек…

Тойчубековду «тойгузуп»
Мэрдин мындай «саамалыгынан» көпчүлүгүнүн бактысы ачылды. Айрымдары ойдо жок жерден очойгон акчага марышты. Маселен, Юруслан мырзанын кызына тиешелүү «Сейтек» соода борбору жана ага катар жайгашкан чоң павильон бар. Павильондо мурда балык сатылчу. Азыр эми ошол жай кийим-кечек базарчасына айланып, болжол менен кыркка чукул адам эмгектенет. Баарынан кызыгы, бир метр жерди соодагерлер 20 миңден 40 миң сомго чейин сатып алышкан экен. Мындан сырткары, бир орун орунга 50 сомдон (бир метрине) төлөшөт. Эртеңки күнү кырчаңгысы кармаган райадминистрация 40 миң сомдук ордуларын тартып алса эмне болот? Же Тойчубековдун кызы акчаны кайтарып береби?

Данияр Үсөновдун Ош базарына катуу киришкенинин себебин жоромолдогондор арбын. Алсак, базар администрациясы сунуштаган акчага шаар башчысы ыраазы болбой койгон деген имиш бар. «Жок, андай эмес. Үсөнов Ош базарын жаптырып, анын ордуна заманбап соода борборун курдурмак экен» дегендер да жок эмес.
Айрым маалыматтарга караганда, Киев-Токтогул көчөсүнүн кесилишине, башкы катарга орундар кайра коюлат экен. Бирок, жөн эмес, метрлеп сатылмакчы (азырынча баасы белгисиз). Андан дале болсо чөнтөгү калыңдардын капчыгы кампайып, баягыле шордуубайлардын шору шорподой кайнар…
Уланбек ТУРДУКАНОВ

P.S. Кийинки саныбызда «Дордой», «Аламүдүн» базарларындагы көйгөйлөр жөнүндө кеп кылабыз.

Сообщение Кйөгөйүң барбы, Базарбай? 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *