Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Ашым жана Күкүн 07.11.11

0

Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүнөн Ашым Жакыпбек 1994-жылы 4-июнда, 59 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан. «Теңири Манас»...

Сообщение Ашым жана Күкүн 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.

Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүнөн
Ашым Жакыпбек 1994-жылы 4-июнда, 59 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан. «Теңири Манас» романынын колжазмасына (спонсору А.Ишимов) «чыгарууга уруксат» деген авторлук колун коюп бергенине үч күн өтө элек болчу. Мына ошондон тарта жубайы Күкүн эже Ашыкенин каза тапкан күнүндө жана туулган күнү 13-августта арбагына, жаркын элесине дайыма таазим этип келгени өзүнчө кеп. Биз бүгүн жарыялап отурган «Шекерден Теңирге» аттуу студенттик күндөлүгүн мурдагы Эл депутаты Болот Шерниязов чыгарып бергенине Күкүн эженин бешенеси жайнай, эмне деп алкаарын билбей калганы көз алдыда…
Кыргыз маданияты менен адабиятына албан-субан эмгек сиңирген Ашыкенин мээнети, өзгөчө Чыңгыз Айтматовду которуудагы көрөңгөсү көп бааланбай, атайлап унуткарылгандай таризде калганына жубайы айрыкча нааразы-капа болуп келгени бар. Айтсак, Ч.Айтматовдун өз колунан Ашым Жакыпбеков «менин 12 чыгармамды которгону анык» деген авторлук ырастамасын алганы айтматовтаануучуларды дүрбөлөңгө салганы ырас.
Мындан тышкары Ашыкенин колжазмаларын, фотолорун жана басма сөзгө ал жөнүндө жарыяланган дээрлик бардык макалаларды жыйынтыктуу, иреттүү сактаганы менен Күкүн эже кыргыз адабиятына кыйла салым кошуп келаткан. Эже 63 жашында, 2004-жылы оорудан каза болуп, Ашыкенин үй очогу жетимсиреди. Бирок, эженин адабий мурас чыгаруу жаатындагы жаны тынбаган эмгеги үзүрүн берип, «Биз атасыз өскөнбүз» аттуу чыгармалар топтому Түркияда түрк тилинде жарык көргөнү чоң адабий жаңылыктын коңгуроосун кагууда.
Памирбек КАЗЫБАЕВ, «Теңири Манас», «Шекерден Теңирге» китептерин чыгаруунун уюштуруучу-редактору

«Күкүн эже ушул китептин чыкканын көрүп, үнү каргылданып, көзү жашылдана кубанганы эстен кеткис…
Бирок көп өтпөй өзү каза болду!»
1957-58-59-жылдар.
Фрунзе. КМУ, филология факультети.

Мына, саат 2.00. 1957-жылга да жетип келдик, 1956-жыл калды, өмүрдүн бир бутагын кертип калган бойдон улам артта калып, улам мунарыкка сиңип көздөн учуп баратат. Кантели, тагдыр ушу болгон соң, кош! Атаганат, «өмүр өчпөс болсочу».
Түндө Жапардыкында болуп, алардын «семейная драмасынан» бир үзүндү көрдүм. А да турмуш. Эл өз жаны менен алек, а мен ал учурда ал «драманы» кантип жазууну ойлоо менен алекмин.

Үйдөгүлөр аял ал деп кыйнашат. Макул, албай эле кой (окууңду бүткөндө аларсың), азырынча бирөөнү көрсөтүп кет деп кыйнашат. Акыры өзүм да ошол ойго келдим. Ошон үчүн Акылбек менен Жуматайдын карындашын көрсөтө келдим. Сөйкө сала беришсин. Ал кыз жөнүндө муну гана айтам: азыр 15-16га аттаган чагы. Сырткы кейпи — жаңы ачылган гүл, эч нерсени (жамандыкты) сезе элек таза гүл. А ички дүйнөсү жөнүндө эчтеме айта албайм. Себеби, ал кыз менен беттешип бир ооз кеп сүйлөшө элекмин.

Жакында ал кызга кат да жазып жибердим. Жөн гана жолдошума жазган каттай жалпыга маалым махабатты супсак шилтеп койдум. Мына, сүйүүсүз сүйүү! Көрөбүз кийинки жагы кандай болор экен…

…Бүгүнкү күн мен үчүн бөтөнчө күн. К.дан жооп кат алдым. Мени таң калтырган нерсе: биринчи эле барган катка мурунтан мени сүйүп жүргөн күндө да кантип макулдугун билдире алды? Буга жооп: же жеңелери түртмөктөдү. Колу (почерк) аялдыкына, болгондо да кыздын колуна эмес, келиндин колуна жакыныраак сыяктуу. Кыз жазса, биринчиден, мынчалык какшык аралаштырууга батына албас эле. Экинчиден, мындан да тазараак жана күңүртүрөөк жазмак. Бирок, анын ордуна башка бирөө жазганда деле макулдугун билдирип жатканы жаман бекен!

К.га дагы кат жибердим. Албетте, ойлогон ой ордунан чыгып, жаңы жанган махабаттын каты.

Айылга кеттим. Ошол эле түнү Күкүнгө жолуктум. Жолукканда такыр мен ойлогондой эмес. Кадимки эски салт боюнча жеңелеринин ээрчитүүсү менен белгиленген жерге — жаңы салынып жаткан тамга келди. Күкүн экөөбүз бөлөк бөлмөсүнө кирдик. Ооба, кадимки мен көргөн, ойлогон али таза, али кагыла элек наивная кыз. Менин күткөнүм да, каалаганым да ушу болчу. Мен дагы өрөпкүп сүйлөдүм. Ал суроолорума жооп берип гана турганы болбосо, уялат, кысылат. Өбөйүн десем жүзүн төмөн түшүрөт. Мен психологиялык чалма менен башымды тартып алып: «Эмне, жактырбайсыңбы?» — десем, «Жок… уят… али…» — дейт да, өзүнүн уялганын жеңе албай, бирок, менин көңүлүмдү кайтаргысы келбей, мен экинчи жолу үңүлсөм саал кымырылат да, бирок, жүзүн тартпайт.

…Бүгүн иштен кечирээк кайттым. Себеби, Байдылдалар болуп пиво ичип, кармалып калгам, үйгө келсем баягы эле көрүнүш: суук, нан жок… карала-торала болуп от жагып, анан нан издеп чыктым. Үнөмдөп келаткан акчаман 5 эле сом калыптыр. Ошон үчүн троллейбуска да түшпөй шаарды жөө кыдырып жүрөм… Ушундай абалды эгер билген болсоң, Күкүнтайым…. Мейли, кыйналсам да мен кыйналайын, азырынча сен мындай оор абалга түшпө… Эгер сүйгөн жарым кокус үйдө ушинтип мен сыяктуу ачарчылыкка кыйналып турса эмне болмокмун деп элестетем да, андай абалды көргүм келбейт, жөн элестеткенге эле чыдабай кетем да, онтоп ием. Өзүм (эркек) ачка болсом, кыйналсам мейли — кайылмын, бирок аял кишинин (назик зат) ачкалыкка кыйналуусун көргүм, уккум келбейт. Аялдарга андай абал болсо, өзүм да, ал да кемсингендей, асыл касиеттердин бирин жоготкондой сезем…

Эл жык-жык, баары каникулга тарап бараткан студенттер — таластык улан-кыздар. Уктоого, кыйшаюуга орун жок… Аңгыча комуз табылып калды. Комузчу да чыкты… Ошентип уктабай Жамбылга жетмей болдук. Купеге тыгылыша отурдук. Комузчу чертип-чертип чарчады. Анан «Сармерден» баштадык… Ыр менен жол кыскартып, Жамбылга жеттик. Алар түшүп калды, мен нары кеттим…
Бул жолду эскерүүдө бир нерсе: алиги студенттердин арасында бир келин баратыптыр. Кыздарга эмес, жигиттер ошол келинге суктандык. Себеби, бечара күйөөгө жаңы эле чыккан окшойт — кыз түспөлүн жогото элек: чырайлуу, жылдыздуу жүзүнөн кас тийбеген ууздук, табиятынан тазалыгы, акыл-эсинин бүтүндүгү көрүнөт. Шаарда окуганына эки жыл болсо да, кыргыз келиндик кейпин, адебин, кийим кийүүсүн жоготпогон — бөтөнчө, ушу улуттук туруктуулугу жүрөгүңдү жылытат. Муну кийин окусаң күлөрсүң ичиңен, Күкүн. Жок, антүүгө акың жок, жаным. Анткени, мен ал келинди сүйүп, сени бир мүнөт эстен чыгардым дегендик эмес, ал келиндин улуттук тунуктугун, туруктуулугун баарыбыз жактырдык. Кыргыз келини ошондой таза, жөнөкөй, бирок ошо жөнөкөйлүгү менен кол жеткис бийик, акылдуу, карапайым болуп, улуттук мүнөзү канга сиңген болсо деген гана ой…

…Түнүндө кадимки жабыла элек жаңы тамдын караңгы бурчунда Күкүн экөөбүз жолугуштук. Же сүйүүнүн толкундаткан таасириби, же мүнөзүмдүн мококтугу, боштугубу, же башка себеппи, айтор, ар дайым Күкүнгө жолукканда мурда ойлоп барган сөздөрүмдү унутам да, сагынычтан улам кучактап өпкүлөй берем; маанисиз, атүгүл шектендиргич сөздөрдү балача сүйлөй берем — бул сөз жоктуктан.

Апрель. Эртең командировка алып айылга кетем го. Күкүнтайымды өөп-жыттап келбесем сагындым го…
Ойго батып мелтиреп,
Ойлодуң бекен менчилеп.
Жүдөбөйт элем мынчалык
Жүрөгүң койсоң энчилеп…
Бул ырдын бизге ылайык келбеген жери, биздин жүрөк бири-бирибизге энчиленүү. Ушундай эмеспи, Күкүн?

Май. Жаз маалында айыл сонун, абасы таза, көкүрөктө эч кир жок жаңы төрөлгөндөй сергийсиң. Күкүнгө жолуктум. Кеңири отуруп, эркимче бир сырдаша албадым, ушуга өкүнөм. Что поделаешь, салт, башынан жүүнү боштук кылып, ага баш ийген соң эми иш бүткөндө кайда качмак адам. Жеңелер шарт түзүп бере албады, көңүлдөнүшпөдү. Күкүн алтын кыз, сүйөм, болбосо мындай кысым сүйүүгө мен эмдигиче чыдабайт элем… Кайра кайтарда жолуга албадым.

Сентябрь. Отпускага чыктым. Эртең Күкүнгө учам… Июлда бир барып келгем. Эжем Бүкөндөн ажырап, Жакыпбектин тукумунан жалгыз калдым. О, дүйнө таш боор!..
Үйлөнөм деп жүрдүм, бирок эч даярдана албадым. Ох, турмушта жашоо кыйын.

(Кийинки саныбыздан А.Жакыпбековдун кыргыз мамлекети, жазуучулары, киносу, музыкасы, адабияты ж.б. тууралуу ойлорун окуй аласыздар).

Сообщение Ашым жана Күкүн 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *