«Мени аксөөксүң деп тилдеп калышат» 07.11.11
Темир САРИЕВ: Бул ирет «сейил маек» курууга «Ак шумкар» партиясынын лидерин чакырдык. Эсалууга бараткан жолунан...
Сообщение «Мени аксөөксүң деп тилдеп калышат» 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.
Темир САРИЕВ:
Бул ирет «сейил маек» курууга «Ак шумкар» партиясынын лидерин чакырдык. Эсалууга бараткан жолунан бөлгөнүбүз гана болбосо, Темир мырза балалыгын, жаштыгын эскере, турмуштук ой-туюмдарынан бөлүшө бир сааттан ашуун кенен маек куруп берди.
Аристократ «акшумкарчы»
— Жашыңыздан эле мектеп, кагаз иштерине каччу белеңиз? Же чарба, үй жумуштарына жакын белеңиз?
— Айылда төрөлүп-өскөндүктөн, жаштайыбыздан чарба жумуштарын аткара баштаганбыз. Кичинемден эле бакчада иштеп, картөшкө түптөп, жашылча, жүгөрү отоп, сугат сугарып, чөп чаап, кой кайтарып, уй айдап, айтор, айылдын турмушуна таандык бардык иштерди жасап чоңойдук. Шаарда окуганым менен каникул сайын ушул санап өткөн жумуштарга аралашчубуз. 5-класста окуп жүргөндө кырманга кол кабыш кылдым. 8-9-класстарда кыркында иштеп калдым.
— Ушул кезге чейин балакездеги кайсы сапатыңыз сакталып калды?
— Көп балалуу бүлөдө төрөлүп, спорт-интернатта чоң коллективдин ичинде жашап калгандыктан улам, жолдошчулук, кандайдыр иш аткарсак да, ага чогуу жоопкерчилик алып, бир нерсе болсо, аягына чейин бир турчу мүнөз бар. Дегеле мүнөздүн калыптанышына адам катары түптөлгөн чөйрөң, билим алган жериңдин таасири чоң. Мен кубанычты жакшы кабылдап, аны терең түшүнүп, ошол эле убакта кандайдыр оор кыйынчылык болсо, аны көтөрө билем. Өжөрлүк бар десем болот. Спорт менен машыккандан кийин кандай мелдеш болбосун, анын алдында өзүңдү да, ички дүйнөңдү да кошо даярдайсың. Балким, тайманбастан шар кетип, жаңы нерсени бат кабылдаганым да ошондон улам пайда болсо керек… 1990-жылдары райисполкомдун орунбасары болуп иштеп атып, жаңыдан жанданып келаткан бизнеске кеткеним да балалык мүнөздөрдүн биридир. Шар жүрүү, жоопкерчилик, коркпостук турмуш жолунда бир нече ирет сыналды.
— Мезгил менен кадамдаш болгонуңуз да анда балакезден калыптанган турбайбы…
— Мүмкүн. Биринчиден, шаарда билим алдык, экинчиден, интернатта Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан өз чөйрөсүндө мен-мен болуп жүргөн, тандалып келген, абдан шыктуу балдар окушар эле. Темирдей бекем, аскердик тартип менен жашап-окучубуз. Күнүнө эки ирет машыкчубуз. Ар түрдүү мелдештерге катыштык. Чет өлкөгө чыгып келген жигиттер да бар эле. Алар жаңы нерсени алып кайтат. Негизи, спортчулар абдан мобилдүү, тайманбас келишет. Ушул нерселердин баары эле адамга түрткү болот. Мезгил менен кадамдаш гана болбостон, кээде андан ашып кеткен учурлар болот. Анткени, ой-жүгүртүүбүз башкалардан айырмаланып турчу.
— Спорт менен дале машыгасызбы же токтотуп койдуңузбу?
— Чоң спорт оор. Анткени, кандайдыр бир мезгилде адамга анын зыяны тие баштайт. Мен чоң спорт менен машыгууну 10-класстан кийин токтотуп салдым. Бирок, спортко бир киргенден кийин ал сенде сакталып кала берет. Ушул убакка чейин спорттон өзүмдү бөлалбайм. Сууда сүзүү, чуркоо, волейбол, футбол, чоң теннис, тоодон лыжа тебүү азыр да мага кызык. Кышкысын лыжа тебем. Тоого чыкканды жактырам. Акыркы жылдары достор менен бирге бийик мөңгүлөргө чыгып, көрүп, түнөп эсалып жүрөм.
70-80-жылдары спирт ичимдиктерине, баңгизатка берилип кеткен Батыш жаштары арасында бүгүн спортко кызыгып, жашоонун сергек образын алып жүргөндөр популярдуулук алып барат. Мен замандаштарымды спортко үндөйт элем. Мектептерди кыдырганда балдарга спорт жөнүндө айтып, айрым мектептерге теннис столдорун жеткирип, футбол уюштуруп, Көкбөрү мелдештерин өткөрүп жүрдүм. Ооруган адам өзүнө гана түйшүк апкелбестен, мамлекетке, эң негизгиси, жакындарын кейитет. Экинчиден, алардын капчыгын да жукартарына күбөбүз. Бүгүн оорунун наркы абдан кымбат, андан көрө жашынан денин сак алып, оорудан оолак болууга аракет жасоо зарыл. Бизге саламаттык маданияты жетишпейт. Албетте, буга бир жагынан куураган турмуш мүмкүндүк бербейт. Ушул тапта 40-50гө чыкпай кант диабетине чалдыккандар көп, ушул жана башка өңдүү Батыштын аристократтык да дарттары оой баштады. А бизге каны таза, дени сак улут, мамлекет зарыл.
— Эгер байкаган болсоңуз, акыркы мезгилде кыргыздын кыздары да, жигиттери да сулуу тартып баратат. Бул эмнеден улам деп ойлойсуз?
— Өзгөрүүлөр чоң. Жаш өйдөлөгөн сайын бул нерсени байкап жүрөбүз. Чындыгында эле акыркы кезде улан-кыздарыбыз тамшандырып, башка элдин көзүн арттырып келатат. Урбанизация деп коет, шаардын турмушу таасир этип атса керек. Саламаттыкты түшүнүп, жашынан спорт менен машыккандар бар. Бул да жакшы тенденция. Бирок, бирин-экин адамдар гана эмес, улут жапырт сулуу, дени сак болуш керек. Улуттун саламаттыгына, сулуулугуна арбирибиз салым кошо билишибиз зарыл.
— Сиз шаардык болуп калдыңызбы же баарыбир айылга көңүл тартып турабы?
— Шарты жагынан болсо, шаарга көнүп калдык. Ачык сөз, айылга барганда шарт жагынан кыйналып калабыз. Ички сезим, чөйрө, аны кабыл алуу, кандайдыр бир тазалануу, кубанычты сезе билүү жагынан айылдыкпыз. Айылда кенендик бар, айылда кыргыздын жыты бар. Айылдын маданияты, үрп-адаты бизге жакын, кээде ошол бизге жетишпей кетет. Кандайдыр бир убакытта айыл өзүнөн-өзү тартып туруп алат. Кичи мекеним Бишкекке жакын, машинеге олтурсам, 35-40 мүнөттө эле айылда болуп калам. Аябай чарчап турганда атамдын үйүнө барып, суу бойлоп бассаң, кадимкидей эсаласың, соороносуң.
— Балалык эске түшөт…
— Албетте. Дем-күч алып кайтасың. Бирок, азыр айылдагылар да өздөрүнө шаардагыдай шарттарды түзө баштады. Биз айылда биринчилерден болуп атабыз үчүн үй ичине суу киргиздик эле. Азыр айылда уюлдук телефондор да иштей баштады. Тарелка антенналар коюлду. Азыр шаардын четиндеги үйлөр шарты жагынан да, баасы жагынан да Бишкектеги үйлөрдөн кем калышпай баратат.
— Пионер, комсомолдук күндөрдү, зарница, костер, слет дегендерди сагынасызбы?
— Интернатта булардын баары аябай кызык өтчү. Октябрят да, пионер, кийин комсомол да, 80-жылдары Коммунисттик партиянын катарына да өтүп калдым. Сен санаган нерселердин баары башыбыздан өттү, өзгөчө кызык дүйнө. Барабан чертип, солдаттарга окшоп, слеттордо класс-класс болуп алып маршировкага басып, ырдачу элек. Кечинде класста дежур болуп калып, терезеден слетко даярдыкты көрсөң, бүт интернат ырдап аткандай туюлар эле. Конкурстарга катышып, утуп, кубанып, утулуп кейиген күндөр да болду. Ал мезгилге кандайдыр сагыныч бар десем да болот. Ошол убакта биз башканы көргөн жокпуз, бирок, ал — биздин балалык. Балдар менен чогулганда ошолорду көп эстейбиз, күлкүлүү окуяларды эске салып, күлүп да алабыз. Спорт менен машыккан балдар аябай чыйрак, чебер, жөн туралчу эмеспиз. Эртең мененки линейкада тынч туралбай, бири-бирибизге тийишмей, түртүшмөй, кулакка чертмей. Кийинки турмушума салыштырганда интернаттагы 10 жылдык убакыт узактай сезилет. Ойносок оюнга, күлсөк, күлкүгө тойбой турган, жылуу сезим менен эске келчү кез экен. Бир гана арман, убакытты кайра кайрый албайт экенбиз…
— Окуучу кезде шок белеңиз, же үлгүлүү балдардын бири болдуңузбу?
— Абдан тентек элем. Мугалимдер кой деп койдура алчу эмес.
— Тентектиктин азабын көп эле тартсаңыз керек…
— Азабын да тарттым. Тартип катуу болгондуктан, мугалимдерден кез-кезде таяк да жечүбүз, кээде ачкыч менен бармактын ортосуна кулакты кармап туруп, бурап чойчу же 42-кэта менен жамбашка 10-15тен берчү. Колундагы бор менен коюп жибергендер болгон. Мен мунун баарын жат көрүнүш катары эсептебейм, тарбиянын бир элементи катары көрөм. Ушул убакка чейин мугалимдерди сыйлап, жыл сайын спорт интернатка барып, кабар алып турабыз. Ал жакта жакшы адат бар, аяктаганына 10-15-20 жыл болгондор белгилеп, жолугушуу уюштурат. Ал эми калган бүтүрүүчүлөр да барып, интернаттын кашасын сагындык деп, чоң казанга каша бышыртып, жеп калабыз.
— Союз балдарында коллекциялоо адаты бар эле. Сиз эмне чогултчусуз?
— Кичинемде андай адатым жок болчу, мен кийин баштадым. Акыркы убактарда чет жерлерге көп чыгам. Кайсы өлкөгө барбайын тыйындарын чогултуп келем. Азыр монеталардан чоң коллекциям бар. Андан сырткары, тарелкага түшүрүлгөн шаар, мамлекет сүрөттөрүн
— Дүйнөнүн көп жерлерин кыдырып жүрөсүз, кайсы өлкө сиздин табиятыңызга жакыныраак экен?
— Эгер менден бирөө кайда барып жашоо оңтойлуу деп сураса, ойлонбостон Канада дейт элем. Себеби, абдан ыңгайлашкан, эң таза мамлекет экен. Төрт жагынан тең фильтрленип турат — бир жагынан түбөлүк тоң Аляска, эки жагынан океан, бир жагы — Америка. Мигранттарга деле эшик ачык, бирок, чектөө менен кабыл алышат. Табияты биздикине окшош, кышы кыштай, жайы жайдай, жаратылышы жапжашыл. Бизден да бийик полюста жайгашкан. Калкы абдан сабырдуу, сабаттуу, маданияттуу, сыйчыл келишет. Өзгөчөлөнүп калбайын деп, өзүңдөн өзүң алардын шартына көнүп кетесиң. Бизде да башта ушундай болчу. Бишкек чакан, жапжашыл шаар эле, көчөлөр түптүз, күндө тазаланып, жуулуп, арыктарда шылдырап суу агып турчу. Элдин жүзү да, кийингени да жакшы эле. Айылдан келгендер шаардыктарга теңеле өзүн карап, жаңы болбосо да, таза кийинишчү, шаардын маданиятына умтулушчу. Тилекке каршы, азыр борбор шаардын ырайы кетип калды. Жакында россиялык журналист В.Познер келип: «Элиңер жакшы экен, бирок, абдан кедей экен» деп кеткени абдан катуу тийди. Ал жөнөкөй адам болсо бир жөн, ал — журналист. Журналист болсо айтып чыгат, жазып чыгат.
Арбир мамлекет өзүнчө кызык. Түркияга барсаң, алардай патриотторду башка эч жерден кезиктире албайсың. Америкага барсаң, бирөө сары, бирөө кара, бирок, эч бөлүнүү жок, баары америкалыкмын деп төш кагат. Бирок, мага эмне кымбат — мага тууган жер, эне сүтү кымбат. Мени кейиткени — жерибиздин сулуулугун баалай билбегенибиз. Тоого эсалууга барып алып, ичкенин ичкен, жегенин жеген жерде калтырышат, булгашат. Көлгө же Чычканга баратсаң, бозүй тигилип турат. Ошонун тигилип турганынан уяласың. Кийиздери капкара, ууктары сынган, кийиздерин күбө жеп кеткен. Ошону маданият кылып көрсөтөбүзбү? Эми азыр бизге кытайлар темирден боз үй жасап сатып калышыптыр. Бир четинен жокчулук, бирок, бул жагынан мамлекеттик саясат да болушу кажет.
— Сизди турмушта таза, тыкан, жадагалса кийим тандоого да абдан дыкат мамиле кылат деп калышат…
— Сырттан көргөн адам ушундай сын берет болуш керек. Адамдын өзүн алып жүргөнүнөн, кыймыл-аракетинен көп нерсе көзкаранды. Убакыт өткөн сайын адамдын турмушка түшүнүгү тереңдей берет. Менимче, арбир нерсенин өз маданияты болот. Мисалы, тамак ичүүнүн да маданияты бар. Көп адамдар тамакты тергебестен, зыян экенин билип турса да кызыгуу менен жей беришет. Жаш кезде мен деле ошентип, майлуу тамактарды жеп койчумун. Жаш өткөн сайын тамакты денсоолукка карап ылгап калат экенсиң. Мен бала кезимден ушул убакка дейре жылытма тамак, кешик жей албайм. Кээ бир досторум: «Сен аксөөксүң» деп тилдеп калышчу. Бала кезде тазалыгы жок жерден тамак жебей кетип калган күндөрүм болгон. Бирок, бул негизгиси эмес, башкы нерсе — адамдын ички маданиятында. Анын ичинде өз саламаттыгына кам көрүүсү да бар. Тамак десе эле, алдына деликатестерди жайнатып коюу эмес, айранды деле туура ичсең, жакшы оокат. Айыл жергесине барып калганда бирөөнүн үйүнө кирсең, жаның кейип, экинчисине кирсең ыраазы болуп чыгасың. Анткени, айраны гана болсо да, таптаза идишке тыкан куюп бере билгени-билбегени бар. Муну айтып атканым, тазалык болсо, улуттун саламаттыгы чың болот дегеним.
— А кийимдечи?…
— Табит да баарына бериле бербейт экен. Кээ бирөө кымбат нерсенин баарын илип алат, бирок, жарашыгы жок. Айрымдардын кымбат эч нерсеси жок, бирок, таза, тыкан кийинип, жок дегенде чач жасалгасы эле ошол адамдын табитинен кабар берет. Мисалы, мен бир кийим алсам, 5-10 жылга дейре сынынан жазбай сакталат. Кийбей калган бут кийимдерди инилерге берип калам, 4-5 жыл болсо да, жапжаңы калыбында кетет. Бул, адамдардын жүрүм-туруму, табити экен.
— Ушундай талаптарыңыз жеңебизге кыйынчылык келтир-бейби?
— Жо-ок. Эч качан мен түйшүк жаратпайм.
— Үйдө кандай ата, жеңебизге кандай жолдошсуз?
— Жакшы атамын деп ойлойм (күлүп).
— Тарбиянын элементи деп балдарды сабап коймойуңуз барбы?
— Мен сабабайм, бирок, катуурак айтып, сестентип коем. Улуулар балдарды бөпөлөй бербей, алдым-соктум кылып тарбиялаш керек деп калышат эмеспи. Анткени, турмуш түркүн. Таптакыр эле үлпүлдөтүп баксаң, биринчи кезекте баланын өзүнө кыйын болуп калат. Албетте, түшүнүгү киргенче эркелетесиң, андан соң, тарбияны катуулатыш керек. Антпесе, бала колдон чыгып кетет. Көп биртууган болгондуктан, үйбүлөбүздө балдар көп. Мага өзүмдүн болобу, ага-инимдин, эжемдин уул-кыздары болобу, эч бөлбөйм, бирдей мамиле кылам. Биз баарыбыз бир бүлөбүз, бири-бирибизге күйөбүз деп үйрөтөм. Көп балалуу үйдүн аурасы башка болот.
— Оппозициядагы лидерлердин бирисиз, туугандар арасында да лидерлик сиздин колдобу?
— Туура сүйлөп, калыс, ачык болсоң, чың дилиңден күйүп-бышып турсаң, тууган арасында сөзүң өтөт, сага кеңешишет. Кубаныч болсо да, кыйынчылык түшсө да, туугандар баары сени карап калышат. Адам болуп, аброй күтөм десең биринчи өзүң үлгү болушуң зарыл, оюң, кебиң менен ишиңдин шайкештиги керек. Аял менен эркек кошулса да, бирөөсүндө жылдыз болот, он бала болсо да, ичинен баары бирөөнө ыктап, анын тегерегине чогулушат. Улуу-кичүүгө карата эмес, бул нерсе жылдызынан. Үйбүлөдө гана эмес, коллектив ичинде деле ушундай.
— Достук бара-бара турмуштук кызыкчылыктан улам гана жаралып калабы?
— Мен достукка абдан бекеммин, башкалардан да ошону талап кылам. Бири-бирине кошулбаган достордон үч компаниям бар. Кез-кезде кызыкчылыктан да мамиле түзүлөт. Кээси уланып кетет, айрымдары үзүлүп калат. Мисалы, эки жолу депутат болдум. Алардын арасынан көзкараштары, ою, ички сезимдери жакындар менен шерине ойноп, үйбүлө менен катышып турдук. Бул жакшы нерсе, анткени, арбир күн турмуш, а эртең тарых. Дос күтсөң, аягына чейин достош, бирок, эч качан душман күтпө деген принципти карманам.
— Депутаттык кресло, статус, ЖК имараты, жыйын залы, трибуна сагындыра элекпи?
— Албетте, саясатчы болгон соң, алдыңа койгон максатка жеткениң жакшы. Депутаттыкка барабыз дедик эле, бирок, ар түрдүү саясый оюндардан улам, максат ишке ашпай калды. Бүгүн сагынган жокмун десем болбос. Бирок, барбай калганыбызды трагедия катары көрбөйм. Ушул чакырылыштагы парламенттин ичинде олтурбаганыма мүмкүн кубанам. Жогорку кеңеш — бул өзү ыйык орган, ал — мамлекеттин символу. Сегиз жылдан ашык иштедим. ЖК депутаты болуу мен үчүн бийик сезим, чоң жоопкерчилик.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы
Сообщение «Мени аксөөксүң деп тилдеп калышат» 07.11.11 появились сначала на Кыргыз гезиттер архиви.