Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

«Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек» 25.12.09

0

Бала кезден бир сереп, «Калп айткан менен болобу, калп айткан киши оңобу» деп кайран Саякбай...

The post «Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек» 25.12.09 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Бала кезден бир сереп, «Калп айткан менен болобу, калп айткан киши оңобу» деп кайран Саякбай манасчы айткандай, эсил кайран СССР доорунда Кыргызстандын токойлорун өнүктүрүү демилгеси көтөрүлүп, кыйла натыйжалуу иштер жүргүзүлгөнүнө күбөбүз. Дегеле, кыргыз эли табият менен гармонияда жашаган эл. Тал-терек, карагай, арча тургай жайыт чөбүн да сарамжал, келечегине зыян келтирбегендей пайдаланып келгени айгине. Карагат терип жүрүп айрым бейбаштарды туурап шагын сындыра коем деп чоң атамдан үч күн тил укканым эсимде. Муну айтканым, токойду, сууну, табиятты мамлекет эле эмес, жумурай журт коргочу, алпештечү.
Андан көп өтпөй эгемендикке ээ болдук. 12 млн. койду эки-үч жылда мойсогон Талгарбековдун айтылуу реформа жылдарына удаа, тактап айтканда, 1995-98-жылдары айыл-кыштактарды отун, көмүрдүн кризиси каптап, карагай, бадалдуу кооз жерлер таздын кейпин кийгенин көрүп, аз эле убакта сансыз ак койлордон завод-фабрикалардан кол жуугандай, дүйнөгө дайын жаңгак, мисте, карагай, арча, четин, тал, карагат, долоно ж.б. токойлорубуз жардыланып, ажырап калуу коркунучу алкымга келбедиби. Дагы шүгүр, эмне жасап, эмнени жоготуп баратканын эл өзү аңдап, мамлекет дагы жоопкерчилик милдетин мойнуна алып, жер байлыгы, эл байлыгы болгон токой кайрадан жанданып көрктөнө баштаганы кубандырат.
Ушундан улам жыл жаңырар алдында кыргыз өкмөтүнүн айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Арстанбек Давлеткелдиев менен аңгемелешкенибизде төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
— Токой чарбасынын азыркы акыбалы жалпы дурус, айрыкча соңку төрт жылдан бери президенттин өзгөчө көзөмөлүнүн аркасында иш кыйла жакшырганын эл өзү сезип, көрүп турат. Мурда автомашиналардын кербени менен карагайлар ташылса, азыр жарым жылда бир машине чыкса, республикалык деңгээлдеги «чп» деп эсептелет. Кыргыз жери, айрыкча Жалал-Абад облусу эң сонун токойлорго бай. Өзүңөр билесиңер, бул жактан да уурулук жөнүндө чуу чыгып атчу. Айрыкча жаңгак уюлу боюнча. Баалуу нерсеге көз арткандар көп болот эмеспи. Телевизордон далай уурулукту көрсөтүштү эле го. Президентке ыракмат, мораторий боюнча буйрук чыгарды, депутаттар колдоп, беш жылга мыйзам менен бекитип беришти. Уурулук тыйылды, бирок дале жула качкандар кармалып жаткан фактылар жок эмес. Эң башкысы, эл-журтка түшүндүрүү, ынандыруу иштерин колго алдык эле, ушул жагы көбүрөөк натыйжа берүүдө.
— Сөзүңүздүн ушул багытына баарыбыз кошулабыз. Чынында эл өз байлыгын өзү сактап, туура пайдаланганга үйрөнүшү зарыл го. Билишибизче, илгертен токой чарбасы билимдүү кадрларга муктаж эле…
— Туура айтасыз, азыр бир аз жакшы, бирок дале кесипкөй токойчулар жетпейт. Окуу жайлар жогорку билимдүү адистерди арбын, ашыкча даярдап чыгарып берип атканы менен татыктуу деңгээлдеги жаштар жапырт келбей жатат. Себеби, айлык аз. Шүгүрчүлүк, үч жылдан бери эки эседен ашык көбөйдү. Буюрса дагы көбөйтөбүз. Демек, токойчу жетиштүү болсо, кайтаруу күчөйт, уурулук азаят.
— Жан-жаныбарлар урук-тукуму менен көбөйөт да. Бизде токой өзүңүз айткандай, Орусия же Европадагыдай эмес, тоодо, кыйын шартта өсөт. Ошондуктан көмөкчү питомниктердин жардамы менен кеңейтүү зарыл, туурабы?
— Өтө зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 170 питомник бар болсо, аларда 25 миллиондон ашык түрлүү көчөттөр өстүрүлүүдө. Келерки жылы дагы кеңейтүү боюнча жаңы улуттук план түзөбүз. Кыскасы, токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек. Мында айрыкча тез өсүүчү карагай, терек сыяктуу токой өсүмдүктөрүн арбын, масштабдуу өстүрүүгө көңүл бурулуп жатат.
— Дүйнө жүзүндө климаттык кескин өзгөрүү коркунучу пайда болуп, мөңгү, карды сактоодо токойлордун ролу өзгөчө сезиле баштады. А адамзат бечара келечек катастрофасын аңдабай жүгүрүп жүрөт…
— Токой эми өзгөчө керек болот. Дагы айтайын, президентибиз өзү барып питомниктерди көрүп, ишибизге чоң көңүл бөлүп жатат. Муну эл, жергиликтүү бийликтер да катуу колдошу зарыл. Мал көбөйүп баратат. Бул жакшы, бирок жайыттарды токойлордон кескин бөлүп, көздүн карегиндей сактоого, мыйзамдуу түрдө үйрөнүүгө элибизди чакыраар элем. Себеби, токой — өлкөбүздүн байлыгы да, келечеги да.
Ушул багытта жакында Данияда ири державалар уюштурган жыйын кеңешмеге катышып келдик. Аба ырайынын өзгөчө жылый баштаганы бардыгын чочулатууда. Анда Кыргызстанга окшогон тоолуу чакан мамлекеттер үч маселенин тегерегинде демилге көтөрдүк. Биринчи, тоолуу чакан өлкөлөрдүн биримдигин түзүү. Экинчи, тоодогу токойлорду кеңейтип өстүрүүнүн кечиктирилгис программасын кабыл алуу. Үчүнчү, климаттык деңгээлди турукташтыруу үчүн чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча фонд түзүү. Буюрса булар ишке ашса натыйжасы үзүрлүү болот. Анан да баса белгилеп кетчү нерсе, президентибиздин батыл аракети менен ишке ашып бараткан Камбар-Ата-2 ГЭСинин пайдасы энергия багытында эле эмес, дал ошол экология жана аба ырайына да мыкты таасирин берээрин түшүнүшүбүз керек.
— Сөздү айлана-чөйрөнү коргоо маселесине бурсак. Маселен, калаадабы, талаадабы желим бөтөлкө, баштыктар жайнайт. Мындан тазалоонун жолу барбы?
— Орчундуу «баш ооруну» айттыңыз. Адамдар өз колу менен өздөрүнө кылмыш жасап атышат да. Бул желим калдыктарды өрттөсөң аба бузулат, жерге көмсөң жүз жылдап ошол боюнча жата берет. Бир гана жолу таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды тез арада Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири калааларга куруу күн тартибинде турат.
— Арстанбек Абдыкулович, аздыр-көптүр асыл жаратылышыбыз жаатында аңгеме куруп бергениңизге ыракмат. Босогобузга барс жылы башбагып келаткан маал. Өзүңүз да ушул улуу Барсбек бабабыздын атына уйкаш жылы жарык дүйнөгө келипсиз. Окурман калкка каалоо айтып койбойсузбу?
— Жакшы болот. Элибиз табият жаратылышындай таза, кең пейил, келечектүү эл. Эң башкысы, бекем саламаттык, байкер жашоо, арчадай көөнөрбөс көңүл каалайм. Дайыма бирге бололу!
Дүйшөн КЕРИМОВ

The post «Токой чарбасын өнөр жайына айландыруу керек» 25.12.09 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *