«Бийликте жалаң баңги болгон адамдар» 11.11.10.ж
Токтогул Какчекеев саясий серепчи: — ЖКнын депутаттарынын иш баштоосунун мынчалык кечеңдетилишине кандай түшүнсө болот? — Менин...
The post «Бийликте жалаң баңги болгон адамдар» 11.11.10.ж first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.
Токтогул Какчекеев
саясий серепчи:
— ЖКнын депутаттарынын иш баштоосунун мынчалык кечеңдетилишине кандай түшүнсө болот?
— Менин оюмча, бул жерде сооданын түбү көрүнбөй жатат. Бийликке баңги болгон адамдар чогулуп алып, базардагы сарт оюнду ойноп жатышат. Кимиси премьер, кимиси спикер, кимисине кайсы министрлик тийет, ошону чечише албай баштары ооруп, мен кыйын амбициялары башынан ашып, өзүлөрүнө байлык топтоо менен алек. Элди ойлогон бирөө жок. Кылычын алып кыш келатат, Ошто элибиз абдан каржалып турат, үй-жайсыз калды эле, ачка эмеспи деп санааркап барып ал жай сураган бирөө барбы. Элди колдонуп, керек кезде пайдаланышты, алдашты, асмандагы айды алып берем деп кат-кат убадаларын беришти. «Төө кыядан өткөн соң оо дегениң курусун» демекчи, эшеги ылайдан өткөн соң, артында турган калың элди ойлошобу? Жок эч ким ойлобойт. Байлык, бийлик, кресло талашканды коюп жапа тырмак шымаланып оңдойлу, жакырчылыктан алып чыгалы дешпей элинин курсагы ач экендигин сезбей өз баш оорулары менен алек.
— Коалицияга кайсы партиялар биригет деп ойлойсуз. Текебаев тескери кетип жатат дегенге кошуласызбы? «Ата-Журт» партиясы боюнча көз карашыңыз. Д.Исаеваны күнөөлөп тизмеден чыгаруунун кажети барбы?
— Мен тээ башынан эле айтып келгендей КСДП, «Республика», «Ата Мекен» үч партия кошулат. Бардыгы А.Атамбаевдин тегерегине чогулушат. Бабанов, Атамбаев экөө кошулат. А Өмүрбек Чиркешович тээ алдыртан сезгич, терең интеллектуалдуу олуттуу көз караштагы адам. Ал өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн баарына даяр, ал өзү үчүн эмес, өлкө үчүн коалицияга кошулат. Эч убакта тескери басышы мүмкүн эмес. Эл ансыз деле ташыркап, абдан чарчап-чаалыгып турушат. Эл менен эсептешпесе мындан дагы башкача болуп кетиши мүмкүн. Ал эми «Ата Журт» партиясы утушка ээ болушуна көптөгөн себептер бар. Акаевден бери келаткан жетекчилердин колунан келбесе да оозу менен убаданы укмуш берген адаттары бар. Экинчиден Ош окуясы да буларга кандайдыр бир деңгээлде упай топтоп берди. Революциядан кийин булар популисттик убада платформасы менен элдин көңүлүн бурду.
«Ата Журт» партиясы жеңишке кандай жол менен болсо да жетишишти, жеңип чыгышты. Бирок партия ич ара ынтымакты оңдобосо, ал андан ары кете албайт. Динара Исаеваны тизмеден чийип салган күндө дагы эч кандай жеңишке ээ болуп, өзүлөрүнө авторитет топтой албайт. Атасы баласы үчүн жооп бербеген заман, а эмне үчүн аялы күйөөсү үчүн жооп бериш керек. Колдорунан келеби, Данияр Үсөновду кармап, эгер күнөөлүү болсо жазалап алсын, а аялында эмне күнөө, же таптакыр тизмеге киргизбей кубалаш керек болчу. Эми түштөн кийин жетип, утушка ээ болгондон кийин айтуунун өзү туура эмес. Закон боюнча конституция боюнча кыргыз жараны өз укугун коргогонго акысы бар. Күйөөсү үчүн аялы жооп бербейт, эгемендик өлкөдө ар бир жаран өзү үчүн жооп берет. Аны тизмеден чыгарган күндө деле «Ата Журттун» авторитети көкөлөп кетпейт
— Карапайым элге кымбатчылык кандай таасир этет. Дагы да кымбатташы мүмкүнбү? Шайлоодон соң ар кандай кеп-сөз күчөдү. Мисалы, бизге Москвадан Медведев буйрук берип жатыптыр, эгер Ф.Куловду премьер кылсаңар күйүүчү майга карата болгон бааны арзандатам, болбосо мындан да кымбаттайт деген имиштер айтылууда. Бул кептин чындыгы бардай, күн сайын күйүүчү май 0,50 тыйынга кымбаттап жатат.
— Бул ушактар карандай калп. Москвада туруп Медведев ушундай сөздү сүйлөйт деп ким ишенет? Бул ошол ушак болуп жаткан тараптын өзүнө жасалган пиары десе болот. Ар ким өз деңгээлине жараша кеп кылат эмеспи. Дегеле Ф.Кулов азыр премьер-министр болгудай ким өзү? Буга чейинки бийликтерде иштебеген жери калбады, губернатор болду, премьер болду. Эки тизгин, бир чылбыр колуна тийгенде элин жыргатыптырбы? Мага ким көрсөтүп берет Кулов эмне жумуш кылганын, мектеп салып же элине жардам берип коюппу? Же жок дегенде бала бакча салып, ачып иштетиптирби? Ал премьер болгондо эле заман башкача болуп кетмекпи, ал эли үчүн иштей албайт жана жана иштебейт. Ал эми күйүүчү майдын күндөн-күнгө өсүүсү бул ошол тармак менен алектенгендердин соодасы, алар дагы көп налог төлөп жатышкандыр да. Ошон үчүн баасын көтөрүп жатышат. Бизден башка жерде, мисалы, казактарда күйүүчү майга баалар тескерисинче төмөн. Биздин бүгүнкү бийликте бирин-экин эле таза адам болбосо, көбү элибизди алсыраткандан башка эчтеке колдорунан келбейт. Иши жүрүшүп, жаңыдан телчигип келаткан ишкерлерди бутка чапмай адаттары калбайт. Мектептерде окуу куралдары жок, эл өз шору менен алек. Эч кимден жардам күтпөй калган, а чиновниктер, бийликтегилер өзүнүн башын тойгузуу менен алек. Кымбатчылык мындан ары да кокодон алат, кымбаттабайт деп ким кепилдик берет. Экономикабызда жылыш болбосо, өзүбүз өндүрүп чыгарган продукциябыз болбосо эгин эгем, суу сугарам деп убара болбосок, андан көрө анча-мынча акчага пикетке чыкканыбыз туура деп ойлошот да, көпчүлүк эл көчөдө жүрүп жатпайбы. Өзүңдө эч нерсе жок болсо, коңшуңдан алган нерсе аш болуп деле бербейт эмеспи. Анан башка мамлекеттен ташып келген нерсе өзүбүздүкүнө караганда канчалык кымбатка түшөөрүн иттин баласы Байгара деле билсе керек. Өзүбүздөн бир нерсе чыкмайын эч качан жарыбайбыз. Качан гана өзүбүз өндүрүп, жок дегенде эгин эмес, үрөн өзүбүздөн болсо алга жылыш болот.
— Акыркы убактагы «Мекен шейиттери» коомунун уюштуруп жаткан пикеттерине сиздин көз карашыңыз? Бул пикеттердин артында көшөгөдө кимдир бирөөлөр турат деп ойлойсузбу?
— Албетте, аты аталбаса да кимдир-бирөөлөрдүн көлөкөсү турат, ал эч кимге жашыруун эмес. 7-апрель кандуу төңкөрүш болду, уюштуруучулар ошол шейит кеткен жапжаш мөлтүрөгөн уландарыбызды алып келип пайдаланышты, балдарыбыз ажалга жүрөктөрүн баатырларча тосуп, курман болушту. Мына төңкөрүш болуп, эски Бакиев-дик бийликти, режимди кулатышты. Бирок анын бирогу да болду, ошол жаштардан кимдир-бирөө бийликке келдиби, мына суроо ушул жакта жатат. Кээ бири жарадар болуп, жарым жан болушту, кан-жанын аяшпады, ошол жигиттердин бирөө же экөө жок дегенде депутат болуштубу? Жок. Бийликке баягы эле таанымал өңдөр келишти, кимиси мекен шейиттериндей болуп жүрөктөрүн окко тосушту, кимиси ок жеди? Жаш жигиттердин өлкөнү, кыргыз жерин, элин коргойбуз деп төңкөрүшкө чыккандары талаага эле кетти. Заман өзгөрдүбү, жок, андан да ылдыйлап чөгүп баратат. Эми кайрадан «мекен шейиттери» деп аларга жамынып, өзүлөрүнүн мүдөөлөрүн орундаткылары келет. Арбакты жайына коюш керек, жаткан жеринде тынч жатсын, кайра-кайра ордунан козголтпой. Ошол төңкөрүштө жарым жан болгон азаматтарыбыздын бирөө жүрөбү ошол пикетте. Албетте жок, ал байкуш ооруган жерин дарылата албай, жанын жеген оорусуна даба таба албай кыйналып жүрөт. Аларды жайына коюп, андан көрө өлкөгө стабилдүүлүк орнотуп, экономикабызды көтөргөнгө убакыт жетти.
Роза Назарова
Аалам гезити 11.11.10.ж
The post «Бийликте жалаң баңги болгон адамдар» 11.11.10.ж first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.