Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Уялыңкы бийкеч өнөр көрсөткөндө 11.11.10.

0

Красноярскиде курулушта иштеп жүрөбүз. Кожоюн мурдакы милициянын полковниги, узун-туурасы келишкен орустун алыбеттүү мужиги, аты Михаил...

The post Уялыңкы бийкеч өнөр көрсөткөндө 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Красноярскиде курулушта иштеп жүрөбүз. Кожоюн мурдакы милициянын полковниги, узун-туурасы келишкен орустун алыбеттүү мужиги, аты Михаил Илларионович. Бизге карагайдан ашталган там курдуруп жатат. Мен аны баланча баланчаевич деп отурбай эле Миша деп коем, анткени жашы менден беш алты гана жаш улуу эле. Миша аракты суудай жутуп турчу, бош боло калгандале «дядь Боря, айда по пять капель» деп кылкылдап турчу өнөрү бар. Төрт бала иштейбиз, инструменттерибиз бүт жаңы, шырылдата кескенин кесип, тегиздеп иши кылса аткез жок иштейт. Миша бир күнү шаардан жаш курагы 20 -23 төрдөгү бурятка келинди таап келди, «карасам, силер иштен бошобойт экенсиңер, силерге тамак жасап берип турганга деп» апкелдим дейт. Кетээринде «дядь Боря, если что можешь за ней приударить, бабенка хорошая, непьющая, прямь как мусулманка» деп көз кыса ишара кылып кетти. Таанышсак аты Зина деген неме экен, тимеле жаңы келген келинден бетер созолонгонун айтпа. Абдан уяттуу, ыйбаа ургаачы болуп чыкты Зина. Берки балдардын жашы менден кичүү болгондуктан, «аксакал, если че аракет кыла бериң, биз каршы эмеспиз, сизден талашпайбыз» дешкенинен көңүлүм бир топ көтөрүлүп калды, ракмат деп ыраазылык айтып, анан ишти биринчи кечтен тартып эле баштамак болдум. Жаткан жерибиз тамдын бир кенен бөлмөсү, Зинаны төргө жаткырмай болдук, каршылык кылбады. Кечинде тамак ичкенден кийин Зинканы свиданиеге чакырып, токойдун калыңыраак жерине сейилдегени кирип кеттик. Көпкө токой аралап басып дегендей, байланышты жөнгө салдым адегенде, башка балдардай баса калбай, иши кылса ою менен болдум. Былжырын шашпай угуп, абдан берилип тыңшап аткандай түр көрсөтүп, кээде күлүп, кайгылуу жерлерине келгенде кошо муңайышып дегендей, айтор Зина менен бир кечте эле миң жылдык тааныштардай болуп калдык. Жашабай атып эки эрден чыкканын укканда жүрөгүм эмнегедир болк дей түшкөн, бирок сыр алдырган жокмун. Келип жаттык. Биртикеден кийин уктап кетиптирмин. Бир убакта бирөө төшөгүмдү ачып жаныма жатканын, колун мойнума артканын сезе калып ойгонуп кеттим, эсим чыгып кетти. Бөлмө тыптынч, балдар уктап атышат, жанымда болсо Зинка экен. Тимеле «өлүп» бараткандай алоолонуп күйүп алыптыр. Баягы баео токтоолуктан ныпым жок, түз эле асылып, өзү баарын жасап, катуу аракетке кирип кетсе болобу… Мен аялдын төшөктө буга чейин билбеген өнөрүн, чеберчилигин ушул Зинадан ошондо көрдүм. Бул түрү менен мен эле эмес, калган балдардын баарын оптом тейлеп салчудай! Бирок кийин бирине да жологон жок, мен ойлогондой аягы суюк эмес экен Зинка. Иши кылып Мишанын тамы бүткүчөктү чогуу жашап калдык, ал жерден көчүп башка жерге которулганда да биз менен кош айтышып кеткен эле. Ки-йин такыр дайны чыкпай кеткен, көрсө бир кыргыз балага турмушка чыгып алыптыр кайран Зина. Болгондо да айылдык карапайым балага баш кошуптур. Ал балага орусиялык гражданство алып берип, азырга чейин Сибирде жашап атышат.

Барчынбек Аманкулов,
Талас облусунан

The post Уялыңкы бийкеч өнөр көрсөткөндө 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *