КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ ЭРНИС ТУРСУНОВ 75 ЖАШТА 11.11.10.
Мына ушул датага карата Эрнис Турсунов агай абдан урматтаган кыргызга белгилүү айымдар- СССРдин эл артисткасы...
The post КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ ЭРНИС ТУРСУНОВ 75 ЖАШТА 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.
Мына ушул датага карата Эрнис Турсунов агай абдан урматтаган кыргызга белгилүү айымдар- СССРдин эл артисткасы Кайыргүл Сартбаева, Кыргыз Республикасынын эл артисткасы Дарийка Жалгасынова, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Гүлсайра Момунова жана акындын өмүрлүк жары Жамийла Исмаилова менен маек курган элек.
БИР ЭРКЕК ТУУРАЛУУ ТӨРТ АЙЫМ
— Кайыргүл эже, жакында Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун айылында болуп кайтыпсыздар. Бишкектин абасы жакпай ал киши Ысык-Көлдө дарыланып атат деп уктук эле. Айтылуу акындын айылы сиздерди кантип тосту, күттү дегендей, Эрнис аганын абалы жакшы бекен?
— Ооба, Эрникең ооруп, былтыр спецбольницада да жатты, барып көрүп турганбыз. Быйыл болсо Дарийка, Гүлсайра, мен үчөөбүз болуп көрүп келели деп атайын айылына бардык, эки иштен бир иш кылып жакшы сейилдеп да келдик. Айылдын көл тарабында экен турган жери. Айылдаш инилерин жубайлары менен кошо чакырып коюптур. Бараарыбыз менен эле малга бата тилеп, берекеси төгүлгөн дасторкон үстүндө мейман кылышты, кыргыз айы-лына мүнөздүү кенен пейил менен көрсөтүлгөн ызаат -сыйды айтып отурбайын. Көлгө да алпарды, тоого да алып барды, куйкаланып дандырга бышырган козунун этинен үч күн бою оозубуз бошогон жок. Төртүнчү күнү дегенде араң жолго чыгарышты. Албетте, бизди көрүп Эрникең кадимкидей калыбына келди.
— Эрнис ага менен көп жылдардан бери таанышсыздарбы?
— Эрнис Турсунов музыка таануучу болбосо да классикалык музыкага терең түшүнгөн, кайсыл үндү (бас, тенор, сопрано ж.б.) аткаруучу болбосун, баасын берип, талдай билгендиктен, менин үнүм туурасында бир топ жакшы макалаларды жазды. Ошондуктан биз сырдашпыз, жакындан таанышпыз. Классикалык музыканы уга да, талдай да билүү ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Э.Турсуновдой интеллекти, маданияты терең инсандар менен сырдаш болбогондо бардык нерсе акча менен ченелген бүгүнкү соода заманында анан кимдер менен сырдаш болмок элек.
— Жаңылышпасам Эрнис байке профессионал композиторлор менен иштешип, кайсыл бир операларга либреттолорду (либретто — музыкалык чыгарманын тексти, сөзү) да жазса керек эле. Бир кездерде Искусство башкы Башкармалыгында да иштеген экен?
— Сиз жаңылышкан жоксуз, а киши М.Абдраев, А. Тулеев, А.Аманбаев, С. Осмонов, А. Мырзабаев өңдүү профессионал композиторлор менен иштешип жүргөн. М. Абдраевдин «Олжобай менен Кишимжан» деген операсы (либреттосун Эрнис Турсунов жазган) мен опера театрына жаңы келген 60 -чы жылдары сахнада ийгилик менен коюлган.
Турсуновдун жөндөмүн байкап, мыкты кадрларга көзү канык ошол кездеги маданият министри А. Казакбаев атайы кызматка алып, искусство тармагын башкарткан. Кийинчерээк «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагын» деген опералардын либреттолорун жазды.
— Агайдын чыгармачылыкка байланышкан дагы кандай сапаттарын айта кетээр элеңиз?
— Ал А. Малдыбаев, А. Жумакматов, С. Медетов, А. Куттубаева, К. Сартбаева, Д. Жалгасынова өңдүү искусство чеберлеринин музыкалык дүйнөсүнө кирип, өнөрүн талдай билип, мен сыйлаган, жардамы тийген кыргыздын улуу инсандары И.Раззаков, Г.Айтиев, А.Казакбаевдердин коомдогу маанисин ачуу менен айтып да, жазып да радиофондунун алтын казынасына калтырды. А.Казакбаев менин үнүмө карап, кыз — келиндер институтунан сурап алып Москва консерваториясына окууга жиберген. Мен чоң искусствонун босогосун ушул улуу инсандын жардамынын аркасы менен аттагам.
Биз үнгө бөтөнчө маани берген артисттер болгондуктан, Эрникеңдин сүйлөгөндөгү жагымдуу үнү, дикциясы, тембри угармандарды өзүнө тартып, ынтаа коюп тыңшоого куштар кылат. Бул жанрды көркөм окуу-нун чеберлери Качалов, Тарханов, Яхонтов, Андронниковдор өнүктүрүшкөн. Эрникең үндүн жана сөздүн тактыгы менен портреттик образдарды угармандарга табигый жөнөкөй, бирок угумдуу кылып жеткиргенин бөтөнчө белгилегим келет.
— Дарика эже, Эрнис агайдын юбилейинин астында сиздин айтаар эмне кебиңиз бар?
— Кайыргүл айткандай, Эрнис ага классикалык музыкага терең түшүнгөндүктөн, маэстро А. Жумакматовдун быйыл жарыкка чыккан «Менин тагдырымдын оркестри» деген өзгөчө жазылган китебин жеткиликтүү, жатык тил менен кыргызчага которгонуна ыраазы болдум. Эрнис агай эмгек акысына башкаларчылап кубалай түшүп алып акча сурабаган токпейил инсан экен. Акча десе өлүмтүгүн арткан көп эле жазуучуларды көргөм. Гонорар туурасында бир ооз унчукпаган соң ого бетер уялып, эмгек акысын министрликтин чиновниктеринен өндүрүп берүүгө аябай аракет кылдым.
Агабыз быйыл буйруса 75 ке келип отурат. Кутман курагы кут болсун! Кыргыз элине дагы далай жакшы чыгармаларын тартуулайт деген ойдомун. Чыгармачылык деми байыбасын демекчимин. Эрнис аганын юбилейи алдынан Ысык -Көлгө, туулган айылына барып Жамийла эже экөөнүн даам тузун татып, эс алып да кайттык. Пейилине, адамкерчилигине ракмат.
— Чакырышып, сыйлашып турганга не жетсин? Өзүңөр да акындын айылынан жакшы руханий азык алып келсеңер керек?
— Албетте. «Жакшыга жанаш-саң жетээрсиң муратка» дегендей, жандүйнөбүз руханий азык алып, көңүл чайыттай ачылып келди. Былтыр Жамила Кочкорбаева менен июнь айында барганбыз. Быйыл Кайыргүл, Гүлсайра мен болуп июлдун ортосунда бардык. Эрнис ага жыл сайын чакырат, жылда барууга аракет кылабыз. Бишкекте күн кайнап турган. Жарыктык Ысык -Көлдө күн салкын экен, кээде туруп жаан себелеп калат. Иши кылып айылда жыргал. Былтыр жазган ырларымды арнап, анан «Акындын абалын сурап барганда» деген макаламды «Кыргыз рухуна» жариялагам. Эрнис ага сыйкор адам, кайсыл үйгө чакырбасын, сөссүз бата тилеп мал сойдурат. Кандай абалда жатпасын, кабагым кашым дебей, «көзүңдөн бакыт чачырап, көргөндө көңүл ачылат» деп ыр менен тосуп алат. Айрыкча жубайы Жамиланын жакшы жердин кызы экени кишиге жасаган мамилесинен эле билинип турат. Булар сыйга, коноктун көңүлүнө бөтөнчө көңүл бурган бүлө. Эрнис ага «адегенде кабак -каш, андан кийин тамак -аш» десе, Жамила эже «жок, адегенде тамак -аш, андан кийин кабак -каш» деп эмне жасабасын, чүйгүндөп турат.
— Эрнис ага аял -эркек мамилесине кандай? Дегеним Кайыргүл эже өзү айтпадыбы, сырдаш болуп калганбыз деп…
— Эрнис ага менен маектешип отурганда сырдаш курбуңа, абысыныңа айтпаган сырларың өзүнөн өзү кандайча чубалып чыгып кеткенин сезбей да каласың. Баарын барып мисирейген кара жер катып алат, андан көрө айтып кал дегенсип кандайдыр бир күч оп тартып турат. Мейли Бизенин, Гунонун, Пуччининин, Вердинин же Чайковскийдин, Мусогорскийдин, Бородиндин операларын, же искусствонун башка бир маселелерин талкуулабайлы, айланып келибеле сөз эркек менен аялдын ортосундагы ашыктык маселелерине такалат да, сөз кудуретинен улам канаттуу кушча көктө сызгандай, балыкча көлдө сүзгөндөй, жүзүм ширесин же ууз кымыз ууртагандай болосуң. Эрнис ага өзү уктуруп жүргөн «Асылдар ааламындагы» жакшы адамдардын арасында жүргөндөй сезимге кабыласың.
— Гүлсайра эже, Эрнис агай жолдошуңуз менен университетте чогуу окуган экен, экөөнүн мамилеси кандай эле?
— Жанболот экөө абдан ысык, ынтымак достордон эле. Бадахшандан келгенде квартира алгычакты биздикинде туруп калды. Эң адептүү, маданияттуу, жолдошчулукка бекем жигит экенине ошондо ишенгем. Эрнис айтчу жакшы көкжал жакын жердеги жемге тийбейт деп. Акын болгон соң Эрниске арнап ыр жаздым эле, ал 2004 -жылы жарык көргөн «Кут дүйнө» аттуу китебиме кирген. «Замандашым, санаалашым» деп аталат.Ыр абдан көлөмдүү болгондуктан акыркы эки куплетин окуп берейин:
Талпынып жүргөнүң жок даңкты кууп,
Иштейсиң күнү -түнү таштай уюп.
Балкыйган ичиң толо чыгармабы,
Жатасың жылда жаңы роман «тууп».
Бекинип үйдөн чыкпай жатсаң деле,
Даңк сени издеп жүрөт өзү кууп…
Кыргыздын жүзү болуп, ары болуп,
Жазганың жандүйнөгө дары болуп,
Толтуруп арабызды аман жүргүн,
Бизге дос, Жамиланын жары болуп.
— Жамийла эже, кептин кезеги акыры өзүңүзгө келди окшойт. Эрнис ага менен 55 жылдан бери турмуш куруп келатыпсыңар. Ушул жылдарда кандай өмүр сүрдүңөр? Дегеле Эрнис ага турмушта, үй -бүлөдө кандай киши?
— Агайыңардын мүнөзү өзү айткандай, «быстровосплеменяющий, легко ранимый». Ал эмне десем «дүрт оталма, оңой жараланма» дейт. Жайкы күндөй бат бүркөлүп, бат ачылат. Үйдө чыны -аяк деле кагышат эмеспи, экөөбүз көбүнчө балдардын айынан кагышчубуз. Эрнис абдан баласаак, мен болсо катууракмын. Бирок чыгармачыл киши эмеспи, аныкын көбүнчө мен көтөрүп койчумун. Агайыңар негизи билимдүү, сергек, бир нерсени алдын ала билген көрөгөчтүк жагы бар. Эки анжы болгонду, бирөөнүн колу менен түрткөн арамзаны, ушак кепти, кошоматты жек көрөт. Эч качан бирдеме сурап чоңдордун астына барган эмес. Колу март, бирөө бир нерсе сурап келсе жок дегенди билбейт, мени жумшап болсо да таптырып берет. Жалгыз отуруп эч качан тамак ичпейт. «Тамак ичкенде, аял сүйгөндө, жазып жатканда өмүр күтө турат» деп калат.
— Акын -жазуучулар арасында Эрнис Турсунов иш дегенде өзүн үстөлгө байлап коет экен деген тамаша кеп бар. Мунун чындыгы бардай, анткени көп роман жазып, көп иштептир. Мунун баарына кайсыл маалда үлгүрөт?
— Ишке келгенде камчы салдырбайт. Күн түн дебей иштей берет. Эмгектүү кулда чарчоо жок деп коюп эл уйкуга жатканда, эл майрамга чыкканда да машинкесин чыкылдатып басып отурат. Үч машинкеси бар, биринде роман, биринде ырлар, дагы биринде котормолор.
— Жолдошчулукка кандай, аялдар менен жакшы дешет ко?
— «Жетимиш эки жолдош күттүм, азыр бири да жок» деп калат. Көздөрү өтүп кеткен жолдошторунун жубайлары Акация, Кайыргүл, Дарийка, Жамийла, Эркингүл, Гүлсайра, Меңди, Жибек, Галя, Наваттарды дайыма чакырып, чай үстүндө өткөн кеткен жоруктарды айтышып, каткырышып отурушат. Бир жолу Гүлсайраныкына конуп калыптыр. Таңкы саат сегизде «Замана» студиясында Балбай баатыр туурасында маек куруп бермек экен ошо күнү. Келип эле таппай калышты. «Гүлсайраныкында» десем таң калышып, анан ошонукунан таап алып кетишкен. Кеч болуп калып, коңгуроосун басса, жогорудагы аялдардын кимиси болбосун эшигин ачып берет. Ишенимдүү болгондуктан шексинбей эле жаткырышат. Мага кабарлап коюшат.
— Ошого сиз ишенесизби?
— Ооба. Алтургай бир кезде жакшы көрүп калган актриса Сайнаке менен да сырдашпыз. Экөө ак бойдон калган. Эрнистин арамдыгы жок.
Баатыр мурзалиев
The post КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ ЭРНИС ТУРСУНОВ 75 ЖАШТА 11.11.10. first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.