«Аялзат күчү акылында жана наздыгында» Агым гезити 17.06.08
Кундуз КАНАТБЕК кызы: — Сени карап туруп, сулуулуктан сөз баштагың келет экен. Сулуулук сен үчүн кандай...
The post «Аялзат күчү акылында жана наздыгында» Агым гезити 17.06.08 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.
Кундуз КАНАТБЕК кызы:
— Сени карап туруп, сулуулуктан сөз баштагың келет экен. Сулуулук сен үчүн кандай баалуулук?
— «Встречают по одежке, провожают по уму» дешкени менен, сырткы мүчө-келбет да роль ойноп кетет экен турмушта. Аябай сулуу болбосоң да, жагымдуу келбет ашыкча болбойт. Менимче, арбир адам өзүнчө сулуу, кайталангыс. Ал эми сулуулук мен үчүн биринчи кезекте жандүйнөнүн улуулугу, ошол эле учурда адамдын жупунулугу. Дайым адам жараткан берген келбетке тобо кылып, ыраазылык келтирип туруу зарыл.
— Тышкы сулуулугу менен ички дүйнөсүнүн байлыгы айкалышкан айымга кандай баа берет элең?
— Мындай бакытка ээ аялзаты бүт дүйнөнү башкарууга татыктуу. Андай айым мен үчүн идеал болмок.
— Сулуулукту пайдаланып, максатына жеткен кыздарга кандай көзкараштасың?
— Мындайды чабалдык деп эсептейм. Менимче,алар туура эмес жолду тандап алышкан.
— Аялзатынын күчү эмнеде?
— Акылында жана назиктигинде.
— Турмушуңда аялзаты болуп жаралганыңа өкүнүп кеткен учурлар бололекпи?
— Мындай ойлор боло берет. Бирок, кайра дароо кудайга ыраазычылыгымды билдирем.
— Мырзалардан дос күтөсүңбү же бул табияттын эки «шедевринин» ортосунда достук куруу мүмкүн эмес дейсиңби?
— Эмнеге мүмкүн эмес? Балдардан да досторум бар. Ойлорумду бөлүшкөндөрү да бар.
— Аялзатында достук болбойт деген түшүнүккө макулсуңбу?
— Бул сөзгө кошулуп да, кошулбайм да. Балалыктагы курбумдан алыстап кеттим. Бирок, азыркы курбуларым кудайга шүгүр, мамилем узакка уланса дейм.
— Өз табиятыңдан мырзалык мүнөз байкабайсыңбы?
— Менде наздуулук көбүрөөк болсо керек. Кичинемде аябай уялчаак, түнт болупмун. Үйдө бар-жогум деле сезилчү эмес экен. Кээде уяңдык басып кетет, бирок, азыр шок тартып баратам.
— Чыгыш аялзатынын образы сага жагабы?
— Жагат, кандай күндө да биз ушул топко таандык эмеспизби.
— А өзүң чыгыш менталитетине толук баш ийе аласыңбы?
— Хиджаб кийе албайм, бирок, чыгыш эрежелеринен алыс да узай албайм. Үйдө эркек кожоюн, анан ал бир тепкич бийик туруш керек дегенге кошулам.
— Ырчылар арасында негедир кыздарга караганда жигиттер көбүрөөк популярдуулукка ээ болушары факт. Себебин эмнеден көрөсүң?
— Кыздар көп, андан да кыздар абдан берилүү менен күйөрман болуп беришет. Жигиттер фанат болуп, автограф үчүн чуркаганы жарашпай калат го…
— Дегеле ырчылык ааламына кандайча сүңгүп калдың?
— Балагезден бери ырчы болом дечүмүн. Апам менен ой-кыялымдан бөлүшүп калсам, «анда кана ырдачы» десе, уялып калчумун. Ошондой кезде ырчы эч качан уялбаш керектигин түшүндүрчү, дароо чыйрала калчумун да, ырдап кирчүмүн. Үйгө келген меймандарга да ырдап, бийлеп берчүмүн. Кудайдын буйругу экен, сахнага чыгып ырдап да калдым. Баштаган соң, өтөөсүнө чыгайын. Учурда «АК» продюсердик борборундамын.
— Мүнөзүңдө айтканыңдан кайтпаган сапат бар экенин айтып калышат…
— Мисалы, азыр сиз жакшы бир китеп бар экенин айтсаңыз, ошол китепти таап окугуча же элементардык эле нерсе, шоколад жегим келсе, ал колума тийип, оозума алмайынча жаным тынбайт.
— Чыгармачыл дүйнөдө көңүлүңдү калтырып, кейиткен учурлар кездеше элекпи?
— Жок, кудайга шүгүр, андай бололек. Продюсерлер «шоу-бизнесте шок, тың болуу зарыл, жоош, чоюлуп жүрсөң, жоголуп кетесиң» деп калышат. Концерттерде, гастролдордо чогуу жүрүп, биртуугандардай болуп каласың. Бирок, тилекке каршы шоу дүйнөсүндө интрига да кездешет. Болгону күчтүү, бекем мүнөзгө ээ болуш керек.
— Күчтүү, чыныгы махабат сезимдерине кабылалексиңби?
— Жакындан бери бир сезимдер кытыгылап келатат. Өзүм да таңгалып жүрөм, бирок, бир бүтүмгө келелекмин. Көптөн бери жактыруу сезимдери да менде жок эле. Качан мени сүйүп, сыйлап, түшүнө турган адамды жолуктурсам, дароо кол кармашам.
Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы
The post «Аялзат күчү акылында жана наздыгында» Агым гезити 17.06.08 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.