Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

«Эне — жаратылыштагы адамзатка бирдей жылуулук нурун чачкан күн» «Ачык саясат», 17.06.11

0

Асылзат Бактыгүл Чотурова: Элибизде не деген улуу инсандар, акылман, асылзат айымдар жашап өткөн. Кайраттуулугу, эл...

The post «Эне — жаратылыштагы адамзатка бирдей жылуулук нурун чачкан күн» «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Асылзат
Бактыгүл Чотурова:

Элибизде не деген улуу инсандар, акылман, асылзат айымдар жашап өткөн. Кайраттуулугу, эл мүдөөсүн көздөгөн билермандыгы менен тарых беттеринде калган Курманжан датка, аялзаттын сулуулугун даңазалаган Таттыбүбү Турсунбаева жана ошондой эле такшалган таланты менен эл жүрөгүндө сакталып калган Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу айымдарыбыз кыргыз аялзатынын жүзү болуп келген. Азыркы учурда да алардын уучу куру эмес. Атап айтканда, биз бүгүн «Асылзат» рубрикабызда ой баккан, сөз тапкан, көркөм сөздүн чебери акын жана журналист Бактыгүл Чотурованын өмүр бейнесине баш багып көрмөкчүбүз.

Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын ээси Бактыгүл Чотурова 1955-жылы, 29-сентябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
1972-жылы ошол эле айылдагы «Кызыл-Жазы» орто мектебин бүтүргөн.
1979-жылы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Мугалимдик кесипте бир нече жылдар бою эмгектенип, 1990-95-жылдары Токтогул райондук «Учкун» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадио корпорациясынын «Манас» студиясында редактор болуп иштеген.
1997-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Туусу» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп эмгектенип келе жатат. Үй бүлөлүү, 5 кыздын апасы.
Акын жана журналист, көркөм сөздүн чебери Бактыгүл Чотурова чыгармачылыкта 20 жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү жана республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынан башталган кадамы бүгүнкү күнгө чейинки ийгиликтерди жаратып келүүдө.

Чыгармачылыктын туу чокусуна жетүү мүмкүн эмес…

Чыгармачылыкта туу чокуга жеттим деген адамды көрө элекмин. Дүйнөгө белгилүү эң чебер классик жазуучу, гениалдуу сүрөткер Лев Толстой дагы атактуу «Хажимуратын» Өмүрү өткөнчө оңдоп жазып жүрүп көзү өтүп кеткен. Ал чыгарманы биз классика катары окуп жүрөбүз. Өзүбүздүн агабыз, дүйнөлүк жазуучу Чынгыз Айтматов дагы «Баарынан күн сайын адам болуу кыйын экен» деп жүрүп өтүп кетти. Аларга салыштырмалуу мен тамчыдай чыгармачылыгым менен андай чоң сөздү айта албайм го. Бирок бир аз окурмандар жыргап окуй турган лирикалык саптарды жазып жүрөм, жазмайынча жашай албагандай, ал кимге кереги бар-жогун эске албай эле жазып жатам. Эми эмгекти убакыт, окурман өзү кандай деңгээлде, кайсы бийиктиктин тепкичинен баалайт кези келер, эң негизгиси иштөө керек, жалкоо болгон чыгармачылыкка келишпеген нерсе деп билем.

Ырларым менин сырларым
Эң алгачкы бир куплет ыры 7- класста Токтогул райондук «Учкун» деген гезитке чыкканда китеби чыккандан бетер бүткүл аалам карап тургандай беттери албырып кубанычка баткан экен. Ошол учурдан тартып бүтүндөй жан дүйнөсүн поэзия тармагына арнап келет.
Алгачкы ырлар жыйнагы 1989-жылы «Кызыл ат» деген ат менен жарыкка чыккан. Андан бери «Боз торгой» (1998-ж.), «Асанкул куудул» (2003-ж.), «Сагыныч» (2004-ж.), «Чокморовго ырдесте», «Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй» (2006-ж.), «Суу алдында калган шаар» (2009-ж.) аттуу китептери басмадан жарык көргөн.
2008-жылы орус тилинде которулган «Легендарный Иссык-Куль» аттуу ырлар жыйнагы жарыкка чыккан.
«Сагыныч» ырлар жыйнагы үчүн 2005-жылы Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлык берилген. Улуу таланттар Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовго арналган «Даркан талаа, улуу тоо» публицистикалык поэмасы үчүн 2009-жылы «Кыргызстан менен Казакстан: Түбөлүк достук» эл аралык конкурсунун лауреаттыгы ыйгарылган.
Азыркы казак адабиятынан Шахизада Абдукаримовдун «Көк астындагы каганат», Нагашыбай Мукатовдун «Жанымдын жашыл жалбырактары», азербайжан акыны Бактияр Вагабзаденин «Биз бир кемедебиз» аттуу 316 беттен турган көлөмдүү ырлар жыйнагын жана чыгыш жылдыздарынын ырларынан кыргыз тилине которгон.

» Ар бир аял бактылуу болгусу келет»

Ар бир аял бактылуу болгусу келет, бирок ал тагдырдын иши. Ошентсе дагы адамдын тагдыры жок жерден келбейт, ага адам өзү кандайдыр бир деңгээлде себепчи болгон учурлары көп. Ошон үчүн аял бактылуу болуш үчүн өзүн аялдай кармап, аялдык касиеттерди багып жүргөнү оң. Ал касиеттер акылдуулук, сезимталдык, наздуулук, мээрмандык жана жумшактын катуулугун ала жүрүү керек. Жумшактын катуулугу деген көлдүн суусуна салыштырмалуу нерсе. Көлдүн суусунан ашык жумшак не бар. Бирок ал толуп кетсе эң катуу турам деген жердин бир жерин тешип чыгат да арыкка агып кетет. Аял деген эркекти сыйлай билүүсү, анын сүйүүсүнө өзүн татыктуу алып жүрүүсү дагы бактылуулукту алып келет. Эркекти сыйлай албаган, сүйө албаган аял эч качан бактылуу боло албайт. Дагы бир касиети — энелик. Эне болуу менен эле чектелбей баланы өз дооруна ылайык калыптандырып, жетилтип тарбия берүү керек. Ал кийин энелик бактыны алып келет.
Аялзаты үчүн үй-бүлө менен карьераны тизгиндеш алып кетүү албетте үй кызматындагы аялдарга караганда кыйындыгы чындык. Анткени экөө тең керек. Өзүм тууралуу айта турган болсом, жаш кезимде үй-бүлөлүк маселелердин көбүн баштан кечирип, эми балдар чоңоюп калганда, чыгармачылыкка көбүрөөк ооп кеттим. Алар мага кайра жардам бергенге жарап, б.а. үй жумуштарын өздөрү эле бүтүрүп коюшат. Мен чыгармачылык менен узанганга шарт бар.
Бирок бир нерсени дайыма эске алуу керек, чыгармачылык иште шылтоо айтканга жарабайт. Анткени чыгармачылыктагы толкундоолор ошол кубанычтуу учурда кандай келген болсо кыйналган мезгилде деле так ошондой келе берет. Ошол замат кармап калуу керек, болбосо ал сезимден учуп кетсе , экинчи ирет эстөөгө мүмкүн эмес. Кайрадан кайталап айткым келет: Иштөө жана чарчабай иштөө керек.

«Адамзатка жашоону эне берген»

Эне деген сөз касиеттүү деп айтаар элем. Адамзатка жашоону берген эне да. Адам кубанганда, же корккондо оозуна эмне үчүн эң биринчи» апа» деген сөз келет? Эне жаратылыштагы адамзатка бирдей жылуулук нурун чачкан күн, же жан-жаныбарлардын баарына түтүп жашоо берип баккан жер менен барабар. Эне дагы өз балдарына тегиз карап, мээримин тегиз төгөт. Менин апам 78 жашка карап калды. Аты Сабила. Мына мен өзүм эне болуп, бир топ жашка барсам дагы, шаарга келген сайын Үйдө болгондо ишке кетип бара жатсам «Жолдон машинелерди абайлап карап өтсөң» деп узатат. Ириде күлөм да анан мен өз балдарымды ушинтип айтканымды ойлойм. Эненин жүрөгүнө эмнени теңдештирүүгө болот?! Ошондуктан энени көзү барында барктап, сыйлап калганга жетпейт. Ушуга жетишеминби деп айылдагы апамды эстегенде ойго батам.

«Мен Көлдү аябай сүйөм»

Тунуктук

Сен мага келдиң эле көлгө окшошуп,
Көк толкун көздөрүңдө толкуп, толкуп.
Чакырган бактылуу жол жээгинде,
Чачымды тарап турган жел коштотуп.
Ашыккан толкун сымал карагансың,
Андагы коркконумду Кудай алсын.
Анткеним ишеничтен көңүл калып,
Арзыбайт деп , бир күмөн санагам, чын.

Чачырап тамчылары толкуп, чалкып,
Кайрадан кучагына кеткен тартып.
Сагыныч тереңдиктен таап мени,
Сарыккан кирпигимден жашым аарчып…

Бийлетти сага мени күндөр арбын,
Бир кезде бутун сылап толкундардын.
Көрүнүп таштан бери түбүндөгү,
Көзүмдө көлдөй болуп тунуп калдың.

Мен анан жүрөгүмө бекем кыса,
Кайрадан махабатты ыйык тута.
Ааламга бактылуудай карап турдум,
Адамдар арбалгандай тунуктукка.

«Ысык-Көл сүйүүнүн көзүндөй» деген китепти жалаң Ысык-Көлгө арналган ырлар менен поэмалардан топтогом. Мен Көлдү абдан сүйөм. Барганда сөзсүз ыр жазып келем. Балким илхам келет деген ошодур. Илхам деген күтүп олтурсаң эле өзү келе бербейт. Кээде ар кандай окуяларга туш болосуң, жаратылыштын кубулуштарына таасирленесиң Ошону кармап калыш керек, поэзиянын тилине салып изденип иштеш керек деп түшүнөм. Анан ал китепке андай аттын коюлушу да символдуу чыккан. Биринчиден, Ысык-Көлдүн картасы адамдын көзүнүн сырткы түзүлүшүнө окшош. Экинчиден, көлдүн суусу туздуу, көз жаштын даамындай. Үчүнчүдөн, көл тууралуу уламыштардын көбүндө сүйүүнүн көз жашынан жаралган экен. Ошолорду бириктирип алып чыккам.
Жылдыз Кудайбердиева

The post «Эне — жаратылыштагы адамзатка бирдей жылуулук нурун чачкан күн» «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.







Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»

Светлые оттенки весенней моды: стильные идеи для женщин в возрасте

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Выставки индустрии моды в Москве


Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy

Gunmen open fire and kill 4 people, including 3 foreigners, in Afghanistan's central Bamyan province

UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV

AML check crypto


В деле об убийстве в Екатеринбурге шестилетнего мальчика появился третий фигурант

Новые наушники Nothing Ear и Ear (a) уже доступны

Подтверждена совместимость облачной платформы SpaceVM и операционной системы AlterOS

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1


Sea War: Raid 1.131.0

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)


Estischool - Школа за британською програмою


До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Сергей Иссерс: «Русбиофарм» обеспечит отрасль высокочистым метанолом

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Пентагон обвинил Россию в запуске противоспутникового оружия


Трамвай загорелся у остановки «Рижский переулок» в Екатеринбурге

Частично беспилотная «Ласточка» готова начать возить пассажиров на МЦК

Из семерых один остался. Как Константин Русецкий на полвека попал в Ульяновскую филармонию

Москвичка нашла в своём унитазе удава


Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP


Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

В России приступили к отработке применения ядерного оружия

Пентагон обвинил Россию в запуске противоспутникового оружия

Сибирская школа геонаук ИРНИТУ проводит геологический семинар


Музыкальные новости

Цой жил: съемки звезды «Кино» и эксперименты Билли Айлиш

Анастасия Волочкова рассказала в шоу Анфисы Чеховой на ТВ-3 о своём детстве

Волочкова: Загитова терпит нападки за красоту и прямоту

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.


Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.


Тариф – Концерт. Провести свой Концерт.

Активиста Булатова оштрафовали на 50 тысяч рублей за дискредитацию армии

Появился трейлер исторического детектива «Плевако» с Сергеем Безруковым в роли легендарного российского адвоката

Прощание «Спартака» с Джикией, «Зенит» в гонке за чемпионство. Итоги игрового дня РПЛ


Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Москвичам посоветовали быть внимательнее на дороге из-за тумана

Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

В Москве стартовал Национальный конгресс эндокринологов

Не сработает: Вашингтону предсказали провал из-за Москвы

Путин: РФ продолжит взаимодействие с Ираном как при Раиси


Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Онколог Анастасия Марьенко объяснила, кто подвержен риску развития меланомы

Россияне рассказали, какие вредные привычки коллег раздражают их больше всего


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


Цена билетов на суперфинал Кубка России составит от 500 до 15 тыс. рублей

«Молитесь, друзья»: сын олимпийского чемпиона Ивана Стретовича погиб во время родов в Новосибирске

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Сергей Собянин. Главное за день


Четыре города ЦФО вошли в федеральный топ-10 по качеству жизни

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

Сергей Собянин. Главное за день

Российский рынок одноразовой биоразлагаемой посуды: итоги 2023 г., прогноз до 2027 г.


Сергей Иссерс: «Русбиофарм» обеспечит отрасль высокочистым метанолом

Частично беспилотная «Ласточка» готова начать возить пассажиров на МЦК

«И по встречке едут, и через сплошную разворачиваются». Водителям фур ПДД не писаны?

Москвичка нашла в своём унитазе удава


Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области

Байкеры Архангельска открыли мотосезон

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске


Литературный монолог «По праву памяти», к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова, советского и российского писателя.

Премию Фета получил поэт из Югры

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»


Экономист Шедько: цены на вторичные квартиры упадут на 10% июле-декабре

«И по встречке едут, и через сплошную разворачиваются». Водителям фур ПДД не писаны?

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

Сибирская школа геонаук ИРНИТУ проводит геологический семинар














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *