Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

«Эл «күнөөлүүлөрдү качан алып келесиңер» -деп жатышат» «Ачык саясат», 17.06.11

0

Курсан АСАНОВ, Ички иштер министрлигинин түштүк региону боюнча орунбасары: — Курсан мырза, учурда Ош, Жалал- Абад...

The post «Эл «күнөөлүүлөрдү качан алып келесиңер» -деп жатышат» «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Курсан АСАНОВ, Ички иштер министрлигинин түштүк региону боюнча орунбасары:

— Курсан мырза, учурда Ош, Жалал- Абад областтарында абал тынчпы?
— Азыркы убакта Ош, Жалал-Абад областтарында коомдук-саясий кырдаал стабилдүү. Менин бул кызматка дайындалганыма бир жарым айдын жүзү болду. Биринчиден жогоруда аталган областтардын райондорунда өздүк курам менен жолугушуу өткөрдүм. Андан сырткары ар бир райондо эл менен жолугуштум. Эл менен жолугушууда ар кандай сын-пикирлер айтылды. Эң негизгиси түшүндүрүү иштери жүрдү. Ушак-айыңдарга, кандайдыр бир чагымчыл күчтөрдүн чагымчыл иштерине алдырбоого чакырдык. «Чөөлөрдүн сааты» деген китептин чыгышынан улам элдин арасында талкуулоо күч алып нааразычылыктар келип чыкты. Былтыркы июнь коогалаңында эл менен милициянын ортосунда тыгыз байланыш болгон эмес. Ошол кемчиликтерди толуктоого аракет кылып жатабыз. Күч структураларынын бардыгы Коргоо министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети, прокуратура органдары, каржы полициясы, бажы кызматы, ГУИН кызматкерлери, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик менен бирдикте иш план иштеп чыгып, башаламандыкка жол бербөө үчүн ар кандай машыгууларды өткөрүп жатабыз.
— Элдин маанайы кандай болууда?
— Жогоруда айтып кеткендей элдин маанайы башта бир топ эле оор болчу. Бир нерседен кооптонуп турушкан. Жолугушууда нааразычылыктарын билдиришип, кооптонууну жаратып жаткан фактылар боюнча эмне иш кылып жатканыбызды сурашты. Ошону менен бирге депутаттык комиссиянын жыйынтыгын жана «күнөөлүүлөрдү качан алып келип камайсыңар» деген суроолорду жаадырышты. Ал эми ушак-айыңдар боюнча Ош областтык Ички иштер башкармалыгы тарабынан жалган маалымат тараткан факты менен үч кылмыш иши козголду. Дисктер боюнча бир факты катталып, Улуттук коопсуздук комитетине өткөрүлүп берилген.
— Июнь коогалаңындагы кылмыш иштери толук тергелип, аягына чыктыбы?
— Жалпысынан 5489 кылмыш иши козголгон. 300дөн ашыгы сотко өткөрүлгөн. Учурда дагы кылмыш иштеринин бети ачылып жатат. Экономикалык жактан зыян келтирүүчү кылмыштардын саны өсүп кеткен. Бул боюнча мамлекеттик органдардан турган атайын тергөө тобу түзүлгөн. Алар өз иштерин жүргүзүп жатат. Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнөн кошумча күчтөр келген. Мен келгенден бери 9 оор кылмыштын бети ачылды.
— Криминал менен күрөшүү иштери кандай болууда?
— Криминал менен күрөшүү мурда эле башталган. Мамлекет башчыбыз Роза Исаковна баш болуп, өкмөт башчыбыз Алмаз Шаршенович, менин мурунку коллегаларым болгон депутаттар, ИИМ бардыгы уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүүнү колго алып, бир топ иштерди жасашты. Түштүк жергесиндеги үч областта криминал менен күрөшүүдө маселе жок. Бирөөнү тоноп, менчигин басып алууга биз жол бербейбиз. Кылмышкерлер менен күрөшкөн бөлүм бар. Жетекчиси Алмаз Эргешбаев.

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош-Бишкек

The post «Эл «күнөөлүүлөрдү качан алып келесиңер» -деп жатышат» «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *