Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Ташиев кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? «Ачык саясат», 17.06.11

0
Ташиев кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? «Ачык саясат», 17.06.11

Башкы прокуратура «Ата-Журт» фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга белсенүүдө. Ага адамдын саламаттыгына залал...

The post Ташиев кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Башкы прокуратура «Ата-Журт» фракциясынын башчысы Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга белсенүүдө. Ага адамдын саламаттыгына залал келтирген деген айып коюлууда. Анткен менен Ташиев муну саясий буйрутма катары сыпаттап чыкты. Кимдики чын да, кимдики мыйзамдуу. Сереп салып көрөлү.

Эсиңиздерде болсо «Ата-Журт» фракциясынын депутаты депутаты Бахадыр Сулайманов аны Камчыбек Ташиев кандайча ургандыгын «Азаттыкка» берген маегинде мындайча сүрөттөгөн эле: «31-мартта парламент отурумунан кийин, кечке жуук мага партиялаштар келишип, бир катар маселелерди талкуулаш керек деп, төраганын иш бөлмөсүнө баруумду сунушташты. Биз киргенде башка депутаттар да бар экен, кийинчерээк бөлмөгө Камчыбек Ташиев да келди. Ал дароо эле мага үнүн көтөрүп, кыр көрсөтө баштады. Айтышып кеттик. Бул киши ушунчалык агрессивдүү болуп, салабаттуулуктан таят, мушташка чыгат деген менин оюмда да жок болчу. Болгондо да төрага менен бир топ депутаттардын катышуусунда. Ошентип ал муштап, мен коргоно баштадым. Ташиев мени ура баштаганда депутаттардын бири мени кармап калды. Албетте башка депутаттар дагы чатакты токтотуу аракетинде арачалашты. Мен ал кечти эстегим келбейт, чынын айтсам ушунчалык жагымсыз дагы, иренжитет дагы». Көрүнүп тургандай бул жерде Ташиев аны атайылап урууга аракет кылгандыгы даана байкалат.
Мейли депутат болобу же карапайым адам болобу жасаган ишин мойну менен тартууга милдеттүү. Бирок бул жерде Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңештин депутаты экендиги жагдайды бир топ татаалдантып жатат. Ташиевди жоопко тартуудан алдын аны кол тийбестиктен ажыратуу керек. Башкы прокуратура Ташиевдин кол тийбестигин алууну суранды Жогорку Кеңештен. Буга парламент кандайча жооп кайтарат? Ташиевди сактап калабы же мыйзамга ылайык ар бир адам кылмыш жасаса жооп бериш керек деп аны иммунитетинен ажыратабы азырынча белгисиз.
Ал аралыкта Ташиев өзү муну саясий буйрутма катары эсептерин айтып чыкты. Анын ошол эле «Азаттыкка» берген маегин кыстара кетели: «Бахадыр Сулайманов экөөбүздүн ортобуздагы кайсы бир пикир келишпестиктер экөөбүздүн гана ортобузда чечиле турган маселелер. Аны саясий маселеге айландырып жибериштин башкы себеби, күзүндө боло турган президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүмдү чектөө болуп жатат». Албетте бул жерде өтө таңкаларлык бир жагдайга көңүлүңүздөрдү бургум келет. Эгер Ташиевдин логикасын ээрчисек Кыргызстанда мыйзамдын кереги жок экен. Бирин-бири сабаган, ур-тепкиге алган адамдар мындай иштерди өз-ара чечишип алыш керек экен. Кыскасы «түшүнүк» менен жашашыбыз керек экен. Анда мыйзамдын эмне кереги бар? Анда Ташиевге окшогон депутаттардан турган Жогорку Кеңештин зарылчылыгы кандай? Дегеле мамлекеттик бийликтин, өкмөттүн жана соттордун кажети барбы анда деген мыйзамдуу суроолор туулары турган иш.
Дайыма кылмыш жасаган адам түрмөдө отурушу керек деп келген «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттарынын буга карата ой пикирлерине кайрылып кетпесек болбос. Бу сапар алар Ташиевди Текебаев баш болуп түз эле коргоп, колдоп чыгышты. «24.kg» интернет сайтынын » Ташиевдин кол тийбестиги алыныш керекпи» деген суроосуна «Ата-Мекен» партиясынын депутаты Равшан Жээнбеков «Я скажу одновременно и нет, и да» деп жооп берет. Ал эми Өмүрбек Абдрахманов болсо: «Наша власть выборочно подходит к нарушителям закона. По-прежнему ГКНБ, правоохранительные органы она использует в качестве инструмента давления на инакомыслящих. Так было и в отношении меня. Мы взяли информацию о телефонном разговоре Омурбека Бабанова с Максимом Бакиевым из Youtube, которую мой помощник переслал в СМИ. И сегодня пытаются подать эту историю так, как будто я сам изготовил ее. А на самом деле всеми черными делами занимается глава ГКНБ Кенешбек Душебаев. Что же касается Ташиева, то я против того, чтобы лишать его неприкосновенности. Лучше бы Генпрокуратура занялась делами первого вице-премьер-министра. Вот с кого надо было начинать». Комментарийдин деле кереги жоктур бул жерде. Бир сөз менен айтканда депутаттардын канчалык өзгөрүлмө болорун түшүнүп жаткандырсыз окурман. Болбосо кылмыш кылганы анык болсо, ким гана болбосун жоопкерчиликке тартылышы керек эмеспи.
Ушундан улам өзүн чындыктын үлгү-символу катары көрсөткүсү келген Башкы прокурордун мурдагы төрагасы Кубатбек Байболов эмне үчүн учурунда Камчыбек Ташиевге карата чара көрбөгөнү айкын болуп чыга келет. Көрсө Байболов да өз ишине мыйзам чегинде эмес, «түшүнүк» менен мамиле кылган турбайбы деген жыйынтыкка келесиң. Ага караганда азыркы башкы прокурор Аида Салянова кыйла мыкты экен. Аял да болсо ишти мыйзам чегинде алып барып жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча Ташиевдин маселеси жакынкы күндөрү Жогорку кеңеште каралат экен. Парламентарийлердин чечими кандай болорун көрө жатарбыз. Эске сала кетүүчү жагдай жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетет. Ал аралыкта күздөгү президенттик шайлоо жарыяланып калышы мүмкүн. А Ташиев болсо шайлоого катышарын ачык билдирип жүрөт. Эгер ал шайлоого талапкер катары катталып калса, талапкер катары да кол тийбестикке ээ болуп, анын иши шайлоодон кийин каралышы мүмкүн. А балким такыр эле каралбай да калар.
Анарбек Мамбетов

The post Ташиев кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *