Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

Чырмоок «Ачык саясат», 17.06.11

0

Акыркы бир жылда Кыргызстанды «Чырмоок» басты. Үмүт өчүп, чырмооктой оролгон коом чырларынан, көйгөйдөн арыла албадык....

The post Чырмоок «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

Акыркы бир жылда Кыргызстанды «Чырмоок» басты. Үмүт өчүп, чырмооктой оролгон коом чырларынан, көйгөйдөн арыла албадык. Ата-бабаларыбыз канын төгүп, жанын берип, өз урпактары үчүн душмандан сактап келген бейиштей кыргыз жерин, башына конгон бакытты бапестей албаган Бакиевдер менен «койнунда котур ташы бар» өзбектин жанкечтилери канга чылады. 1990-жылы Ош окуясы кыргыз-өзбек ортосунда өтө чоң коогалаң туудургандыгы бардыгыбызга маалым. Ошол коогалаңда көпчүлүк кыргыздар жапа чегип, качкын болуп, Ош шаарындагы Турбазада жашашкан. Себеби, ал кезде кыргыздар үй-жайы жок болгондуктан шаардагы өзбектердин үйүндө ижарада күн кечирип келишкендиктен кайтып барууга мүмкүн эмес болгон. Ушул кагылышуунун кесепетинен бир топ орустар үйлөрүн жашыруун сатып кетип калышкан. Кыргызстанда орус улутуна болгон сый-урмат башка улуттарга караганда, бир топ жогору экендигин эч ким тана албайт. Учурда ортодо чагым чыгаруунун аракетин көздөгөн айрым орусиялык журналисттер Кыргызстандагы кырдаалды жон териси менен сезип билбестен эле оюна келгенди оттоп жазып, айлалары кеткенде «Без Россия» аттуу тасмасы менен Кыргызстандагы балдары карабай кеткен орус «бабушкаларын» байкуш кылып көрсөтүп, кыргыздардын кадырын түшүрүүгө аракет жасап жатышат. Түпкүлүгүндө мындай чагымчылыкка жол берип жаткандар «жөөттөр» экендиги да айтылып жатат. Кыргыз деген кылым карыткан улуу эл. Мына ошол улуу элдин башына бир жыл мурда каран түн түшүп, кан төгүлдү. Бир жылдан бери кыргыз элинин башында кара булут айланып турат. Уламдан улам илгери үмүттөр менен алдыга кадам шилтеген сайын, эси жок саясатчыларыбыз этектен тартып, Ак үйдү ушакка уулап, кыргызды дүйнөгө шардана кылышты.
Акыркы бир жылдагы кандуу окуяларды иликтөө үчүн комиссиядан комиссия түзүлүп, же ал комиссиянын иликтөөсү толук жүргүзүлбөстөн соодалашууга айланып, саясатчыларыбыз соодагерлердин ролун аткарып жатат. Жогорку Кеңеште 7-апрель эскерилип жатканда Ош коогалаңы эстен чыгат, Ош коогалаңы эскерилип жатканда 7-апрель эстен чыгат. Чынында эки окуяга тең бирдей баа берилиши керек эле. Баарыдан да Бакиев болбогондо Кыргызстанда кыргыздын каны эч качан төгүлмөк эмес экенин эстен чыгарбасак экен. Учурда түштүк коогалаңына Убактылуу Өкмөт күнөөлүү болуп чыгууда. Ал эми ошол эле 7-апрелдеги кандуу окуяга Бакиевдин кылмыштуу бийлигин акыр аягына чейин кош колдоп колдогондор азыр парламентте отурат. Токон Мамытов 7-апрелге чейин Бакиев бийлигинин тушунда чек-ара кызматын жетектеп, Нарындагы Аксай-Арпа жайлоолоруна кытайларды өткөрүп жиберип, чоң чыр жараткан. Ал эми спикер Акматбек Келдибеков 7-апрелге чейин салык кызматын жетектеп, карапайым элдин жонунан кайыш тилип, салык бааларын асмандатып жибергени карапайым калктын эсинен кете элек чыгаар. Эгер жогорудагы «азаматтар» кыргыз элине кыянатчылык кылбаганда, 7-апрель окуясы чыкпайт эле да. Ал эми Убактылуу Өкмөт Бакиевдин куйруктарын ээн эркин кое бербегенде, кызмат талашып кырды бычак болбогондо, Кадыржан Батыровдон жардам сурап барбаганда түштүктө кан төгүлбөйт эле. Мындан улам, кандуу окуяга түздөн-түз тиешеси бар депутаттар кайра өздөрү баа берип жатышы мыйзамга туура келбесе керек. Депутаттар, бийлик төбөлдөрү мындан ары элдин тагдырын чечүүгө моралдык укуктары жок болчу. Бул жерде дагы да болсо саясий оюн жүрүп, Президенттик шайлоонун алдында упай топтоо, өздөрүн көрсөтүү болуп жаткан жокпу?. Эгер эл үчүн чындап күйүшсө Бакиев менен Кадыржан Батыровду Кыргызстанга алып келүүнүн жолдорун издеп, биргелешип кеңешип, акылдашып иш жүргүзүшмөк. Парламентте ызы-чуу көтөрүп, биринин абийирин бири төгүп отурганда түштүктө кайрадан козголоң чыгып кетип, үчүнчү кан төгүүнүн себепкерлери болуп калыштары да ыктымал. Анткени, парламенттеги быкый чукумайдан улам түштүктө эки элдин ортосунда кайрадан согуш оту тутанышы толук мүмкүн. Түштүк коогалаңын кимдер уюштургандыгы тууралуу ар кандай божомолдор айтылып, бирок алиге чейин бир жыйынтык чыкпай келет. Ооба кандайдыр бир деңгээлде Убактылуу Өкмөттүн күнөөсү бар. Анткени, Бакиев тактан кулап, мамлекетте башаламандык болуп, өлкөдө хаос болуп жатканда өлкөнүн түштүгүндө коопсуздук маселеси бекемделбей, кырдаал курчуп турган. Убактылуу Өкмөт түштүктү бакиевчилерден бошотуу максатында өзбек лидери Кадыржан Батыровду жардамга чакырышкан. Ошондон тарта түштүктө абал оорлошуп, эки элдин ортосунда ажырым пайда боло баштаган. Буга кошумча Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзбек тилине которуу демилгесин көтөрүп, ысып турган майга от чачкан. Ошентип, 7-апрель жана түштүк коогалаңдары терең иликтенбестен чырмооктой оролуп, карапайым элдин үмүтүн кыркып жатат.
Назгүл МАМЫТОВА

The post Чырмоок «Ачык саясат», 17.06.11 first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *