Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2023

№18, 16.04.09. • «Апта» гезити,

0

  Минус-пилус саясат Оң зарядың ким? Азамат КЫЯЗОВ Аргасыздык. Ушундай абал менен күн кечүүдөбүз. Ар...

The post №18, 16.04.09. • «Апта» гезити, first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.

  Минус-пилус саясат

Оң зарядың ким?
Азамат КЫЯЗОВ
Аргасыздык. Ушундай абал менен күн кечүүдөбүз. Ар качандан бир качан шайлоону көздөй шанаңдап жөнөгөнүбүздө тизмедеги кандидатттардын салмагын бири-бирине гана салыштырмалуу өлчөп, бычабыз.
Арийне, талапкерлердин жеке сапатын талдай келгенде ал орунга канчалык негизде татыктуу экенин көмүскөдө «күңк-мыңк» чаласабат сындаган болобуз. Өзүбүз анча ишене бербеген мыйзамга баш уруп, «бардыгы мыйзам чегинде болсун» дейбиз. Бийлик аке «жок» дебей, бардыгын «мыйзам чегинде» чече берет. Ишенбөөчүлүк, кайдыгерлик адатка айланып, каныбызга небак сиңген «Өйдө тартса — өгүз… төмөн тартса — арабаң…» деңгээлинде тирилик уланат…
Кыргыз өзү мыкты президентти зарыга күтүп, саясат чеңгелинен чыга албады. Кичине эле бийликке каш кага каршы сүйлөгөндү «лидер» атап, күчтөп сүрөп оппозиционер жасап карбаластамай. Андай «жасалма» оппозиционерлердин өзөгү кандай? Улуттук духу барбы? Маселе ушунда. Тилекке каршы эртеңки улут кызыкчылыгына кепил болчу азаматтарыбыз күмөн пикир туудуруп келет. Түпкүлүгүндө ар кимисинин жеке кызыкчылык үчүн гана жан үрөп жаткандай таасири бар. Мындай калпыс ой жаралышына оппозиционер лидерлерибиздин буга чейинки жасаган жүрүштөрү далил. Алардын өткөн-кеткенин эстебейин десең деле, өздөрү бири-бирин «чукуп», кимисин-кимиси сатып кеткенин даңазалап, майдаланып актанмай менен алек. Маселен, Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин тымызын тиреши. А.Атамбаевдин ажолукка аттанышына Т.Сариевдин каршы чыгышы нени каңкуулайт? Маалымат булактарында деле экөө бири-бирине «ылай чачыратып» жүрүшөт. Кудум электрдин оң-терс заряддындай.
Оюнбу? Коомчулук азыр «оюнга тоюп» омоктуу аракетти күтүүдө. Саясатта оркойгон ката кетирип булганып алып, кайра ооз айрылганча актануудан не кажет? Журт Атасы болчу адам нукура касиеттери менен бааланганы дурус.
Биздеги лидер атыккандардын дээрлигинде кыргыздын түпкү духу, улуттун чыныгы боектору байкалбайт.
Ириде идеологияны жетелей турган башкы сапат ушул. А илим-билим, тажрыйба, программа, дегендер турган иш. Бийликке айтылган каяша деле эрдик эмес. Президент кызмат сунса ал «эрдик» жоюлуп кетет.
Аны саясат шоусу далилдеген.


The post №18, 16.04.09. • «Апта» гезити, first appeared on Кыргыз гезиттер архиви.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *