Москвада жана Орусиянын башка шаарларында оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциялары өттү. Маркум 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде киши колдуу болуп өлгөн.
Башкалаада акыркы маалыматтарга караганда жөө жүрүшкө 10 миңдей киши катышты. Полиция азырынча өз сандарын айта элек. Акцияны бир катар оппозициялык уюмдар уюштурушкан.
Жүрүштө «Орусия эркин болот», «Орусия Путинсиз» деген ураандар жаңырып турду. Ошондой эле саясий туткундарды бошотуу талаптары айтылып жатты.
Жүрүштөн кийин катышуучулардын бир бөлүгү Немцов өлтүрүлгөн жерге барып гүл коюшту.
Санкт-Петербургда уруксат берилген митингге миңдей киши катышты. Маркум саясатчыны эскерүү пикеттер ондогон башка аймактарда да өттү.
Немцов мындан 4 жыл мурун 27-февралда кечинде Москванын чак ортосунда бир нече ок жеп каза тапкан, саясатчыны өлтүрүү үчүн Чеченстандын 5 тургуну айыптуу деп табылган.
Жекшембиде маркумдун кызы Жанна Немцованын адвокаты Ольга Михайлова оппозициячынын жакындары тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалыматты ала алышпаганын «Интерфакска» билдирди.
Орусиянын Тергөө комитети мекеме издөө жарыяланган Руслан Мухудиновду табуу аракетин көрүүдө деп буга чейин айтып келген. Тергөөчүлөр дал ошол адам саясатчынын көзүн тазалоо буйругун берген жана уюштурган деп санашат.
В Красноярском крае будут судить азербайджанца, который в 2006 году избил и изнасиловал певицу
Поэт. Радио Поэт. Стихи поэтов. Русские поэты. Писатели и поэты. Известные поэты. Поэт года. Поэты России. Лучшие поэты. Поэт песенник.
Работники сервисного локомотивного депо (СЛД) «Боготол-Сибирский» филиала «Красноярский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие в соревнованиях Роспрофжел «Мы вместе»
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Звезды оперной сцены представят I Международный фестиваль «Мир классического романса»!
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
РБК: в Москве из-за случаев ботулизма приостановили продажу некоторых продуктов