Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2019

Новости за 05.02.2019

Орусия Тажикстанга аскердик көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын коргоо министри Сергей Лавров Тажикстандагы орустардын аскердик базасын бул өлкөнүн “коопсуздугунун маанилүү фактору” деп атады. 5-февралда Лавров Душанбеде тажикстандык кызматташы менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Москва Тажикстандын куралдуу күчтөрүн модернизациялоого жана “чек арасын бекемдөөгө” көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Өз сөзүндө Орусиянын башкы дипломаты “Ооганстандын аймагынан келген коркунучтарды” белгиледи.   “Тажикстандын коопсуздугунун... Читать дальше...

"Ош аэропортуна бомба коюлган" деген маалымат жалган болуп чыкты

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтуусунда, УКМК кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлгөн иликтеп-текшерүү ишинин натыйжасында аэропорттон эч кандай жардыргыч түзмөк табылган жок: - Ош аэропортунан эч кандай кооптуу заттар табылган жок. Аэропорт кадимки тартибинде учактарды кабыл алып, учууларды жүргүзүүгө даяр. 5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына "Манас" аэропортундагы... Читать дальше...

Шойгу: Орусия 2021-жылга чейин ракеталарын өркүндөтөт

Azattyk.org 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва 2021-жылга чейин эки ракеталык системаны өркүндөтөрүн билдирди. Бул Вашингтондун кыска жана орто аралыкка учкан өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн макулдашуудан чыгып жатканына Москванын жообу катары кабылданып жатат.        1-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон алты айда макулдашуудан чыгууну баштай турганын билдирген. 2-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Москва дагы келишимден чыгарын белгилеп, алар жаңы үлгүдөгү куралды өнүктүрүүнүн үстүндө иштерин айткан. Читать дальше...

УКМК: "Манас" аэропортуна бомба коюлганы тастыкталган жок

Azattyk.org 

5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына "Манас" аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. Бул маалыматты текшериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын кызматкерлери аэропортко барып, иликтеп-текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, аэровокзалды, учактарды... Читать дальше...

Беш наристенин өмүрүн алган өрт

Azattyk.org 

Астанада өрттөн каза болгон бир үй-бүлөнүн беш кызынын сөөгү жерге берилди. Католиктердин лидери Папа Францисктин Бириккен Араб Эмирликтерине тарыхый сапары аяктады.

Ош аэропортунда да эвакуация жүрүп жатат

Azattyk.org 

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, "Ош" аэропортунда жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат 5-февраль күнү, саат 18:46да келип түшкөн. Учурда аэропорттогу жүргүнчүлөрдү жана кызматкерлерди эвакуациялоо жүрүп жатат. Буга чейин бүгүн саат 15:09да "Манас" аэропортуна жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түшүп, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланган. УКМК кызматкерлеринин иликтөөсүнөн кийин аба майданынын иши саат 17:40та кайра жанданды. Эвакуацияланган... Читать дальше...

Жалал-Абаддын соода кыскан темир жолу

Azattyk.org 

“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад шаарындагы темир жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарды иретке келтире албай жатат.



ТИМ: Кыргыз-кытай темир жолун салууга Орусия көмөктөшөт (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу маселесинде Кыргызстанга Орусия көмөктөшөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Уланбек Тотуяев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө суроого жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Орусиянын тиешелүү мекемеси темир жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жардамдашууда.  - 2018-жылдын аягында «Орусия темир жолдору» ААКнын башкы директору Олег Белозеров Кыргызстанга келип кеткенин билесиздер. Ал биздин президент менен жолукту... Читать дальше...

Дүйнөнү кыргыздын көзү менен карайлы

Azattyk.org 

Деги биз уникалдуу коомбуз. Калкыбыздын аздыгыбы же Интернет менен «Фейсбуктун» таасириби, айтор коомдо «тарс» бир окуя болору менен баарылап аны талкуулап, устукандап, жиликтеп, анан ыргытып ийип жаңысына киришебиз.

Вьетнамдагы сөөктү кайра көмүү салты

Azattyk.org 

Казакстанда өз кызын сабаган эне соттолууда.Тартип коргоо кызматкерлеринен ыдык көргөн тажик аял Орусиядан качкын макамын суроого мажбур болууда. Чыгыш календары боюнча жыл жаңырганда вьетнамдыктар өлгөн туугандарынын сөөгүн түбөлүк жайына кайра көмүшөт. Жарым кылым мурда соолуган Арал деңизи кайра толот деп үмүттөнгөндөр бар. Германияда колбаса мейманканасына баргандар арбын.

Жылкыбаев: Өкмөт башчы болуу оюмда жок

Azattyk.org 

Узарбек Жылкыбаев - президент Сооронбай Жээнбековдун кадрларды ротациялоо демилгесинин алкагында өкмөттүн Ош облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган алгачкы жетекчилердин бири. Губернатор "Азаттыктын" 2х1 форматындагы интервьюсунда чек ара, улуттар аралык, диний, саясий маселелерге байланышкан суроолорго жооп берип, аймактарды реформалоо жаатындагы сунуштары менен бөлүштү. Маекти Бишкек студиясында Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Асанов уюштурду.

ТИМдин өкүлү: Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу күн тартибинде жок (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Уланбек Тотуяев Кыргызстандын аймагында Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу күн тартибинде жок экенин билдирди. Ал бул жөнүндө “Азатттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө сүйлөп жатып айтты. - Менин оюмча бул маселе Орусиядагы элчинин маегинен гана келип чыкты деп айта алам. Анткени ал жерде туура эмес суроо болуп, ага карата жооп теманы башка нукка салып койду. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин күн тартибине мындай маселе чыга элек, - деди ал. Читать дальше...

"Манас" аэропорту кайрадан иштей баштады

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортуна бомба коюлганы тууралуу маалымат азырынча тастыкталган жок. Аба майданынын иши саат 17:40та кайра жанданды. Эвакуацияланган адамдар эки сааттан ашуун убакыттан соң имаратка кайра киргизилди. Бирок издөө-иликтөө иштери уланууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. Жагдайдан улам саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам кечигип учмай болду. Жадыбалга ылайык, саат 18:05те Новосибирскиге, 18:45те Ошко, 19:50дө Красноярскиге, 20:15те Алматыга жөнөчү каттамдар бар. Читать дальше...

Көчө тамагы ден соолукка бычак

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстан менен Тажикстанда көчөдө жана базарда даярдалган тамак-ашта туз менен трансгендүү май нормадан ашык экенин аныктаган.

"Бомба" тууралуу кабардан улам авиакаттамдар кечигүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортуна "бомба коюлганы" тууралуу маалыматтан улам айрым каттамдар кечигип жатат. Аба майданынынын имаратынан бардык адамдар сыртка чыгарылган, издөө-иликтөө иштери уланууда. Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам учушу керек эле. Жагдайга байланыштуу ал кармалууда. 18:05те Бишкек-Новосибирь багытына учак кетиши керек. Анын жол тартышы да кырдаалга байланыштуу болот. Жадыбалга ылайык, саат 18:45те Ошко... Читать дальше...

Мирзиеёв кудасын Коопсуздук кызматына дайындаганы айтылып жатат

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв кудасы Батыр Турсуновду Коопсуздук кызматынын биринчи орун басарлыгына дайындаганы тууралуу кабар тарады. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы өз булактарына таянып жазганына караганда, генерал Батыр Турсунов былтыр жыл соңунда кызматтан кеткен Жахангир Эгамовдун ордуна дайындалды. 46 жаштагы Эгамовго "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгону да айтылып жатат, бирок бул боюнча расмий маалымат чыга элек. Башкы прокуратура мындай маалыматты четке кагууда. Читать дальше...

"Сириядагы лагерден кыргыздарды көрдүм"

Azattyk.org 

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде мекенине кете албай жаткан кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун Террорчулук жана контр-террорчулук боюнча программасынын директору Надим Хоури "Азаттыкка" маегинде билдирди.

Астанада өрттө өмүрү кыйылган балдардын сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

Жүздөгөн киши Казакстандын баш калаасы Астанада өрттө өмүрү кыйылган беш баланын зыйнатына катышты. Алардын айрымдары балдарын жоготкон үй-бүлөгө бийлик өкүлдөрү келип, көнүл айтып койбогонуна нааразылыгын билдиришти.    4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районундагы 30 чарчы метр болгон үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп кеткен. Балдардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 13 жашта эле. Президент Нурсултан Назарбаев кырсыкта балдарынан айрылган үй-бүлөгө көңүл айтканын Ак Ордо билдирди. Мамлекет... Читать дальше...

КЕРЕНСКИЙ БИЗГЕ КЕРЕКБИ?

Azattyk.org 

Жакында китепканадагы эски гезиттерди барактап жатып “Кыр¬гыз Туу¬¬су” га¬зетବсынын 2016-ж. 19-февралындагы №13 санынын 6-бетине чыꬬ¬кан “Керенскийдин аты унутулбасын” аттуу кай¬рылуу дагы көзүмө чалдыкты.

"Агора" уюму: Орусияда Интернетти чектөө күчөдү

Azattyk.org 

Былтыр Орусияда Интернетти алты жүз жолу чектөө фактысы катталган. Бул тууралуу шейшембиде жарыяланган "Агора" уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Андагы иликтөөгө таянсак, былтыр 2017-жылга салыштырмалуу Орусияда Интернет эркиндигин чектөө алты эсе көбөйгөн. Маселен, мурдагы жылы 26 гана аймакта ушундай фактылар катталса, былтыр алардын саны 41ге чейин жеткен.  Баяндаманын авторлору орус бийлиги ири интернет-компанияларды кызматташууга мажбурлап, аларды монополизациялоо аркылуу маалымат желесин... Читать дальше...

Чөлдөгү майрам

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында эл аралык этно-маданий мурастар фестивалы жыйынтыкталды. Ага Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чара Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү шейх Зайд ибн Султан Аль-Нахайянанын урматына уюшулган.

Вице-премьер Финполициянын ишин сынга алды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) коллегиялык жыйынына катышты. Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, анда 2018-жылдагы ыкчам кызматтык иштин жыйынтыгы чыгарылып, мекеменин алдында турган биринчи кезектеги милдеттер талкууланды. Финполициянын тиешелүү жетекчилеринин отчетторун уккандан кийин вице-премьер-министр иштер жетиштүү жүрбөй жатканын сынга алды. «Коррупциялык жана экономикалык кылмыштардын иш жүзүндөгү абалы жана масштабы баарыбызга белгилүү. Читать дальше...

"Лима тобуна" кирген мамлекеттер Гуайдону колдошту

Azattyk.org 

"Лима тобуна" кирген мамлекеттер Венесуэланын армиясын оппозиция лидери, өзүн "утурумдук президент" деп жарыялаган Хуан Гуайдону колдоого чакырышты. Бул тууралуу Канаданын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө жарыялаган 11 мамлекеттин бирдиктүү билдирүүсүндө айтылат. Документ Оттавада өткөн "Лима тобуна" кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алынган. Бул топко кирген өлкөлөр Хуан Гуайдону жана Венесуэланын парламенти - Улуттук Ассамблеяны бул мамлекеттин расмий өкүлдөрү катары таанышты. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *