Британияда Молдованын экс-премьеринин уулунун акчасы конфискацияланды
Британ соту Молдованын мурдагы премьер-министри Владимир Филаттын уулунун 650 миң долларын конфискациялады. 22 жаштагы Лука Филат Батыш Лондондон кымбат баа үйдүн (пентхаус) ижарасына алдын ала төлөгөн 500 миң долларынын мыйзамдуу табылганын далилдей алган эмес. Экс-премьердин уулу ири суммага асем буюм-мүлктөрдү, анын ичинде 259 миң долларга Бентли автоунаасын сатып алгандан кийин жергиликтүү бийликтин көзүнө илинген. Британиянын кылмыштуулукка каршы күрөшкөн улуттук агенттиги (NCA) 2018-жылы майда иликтөө баштап... Читать дальше...