Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2019

Новости за 25.02.2019

Украина: Башкы штабдын мурдагы жетекчиси чыккынчылыкка айыпталууда

Azattyk.org 

Украинанын Аскер прокуратурасы жана Коопсуздук кызматы дүйшөмбүдө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы жетекчиси Владимир Замананы кармады. Генерал "мамлекетке чыккынчылык" кылган деп айыпталууда.  Украинанын аскер прокурору Владимир Матиос билдиргендей, 2012-2014-жылдарда Виктор Януковичтин бийлигинин тушунда Куралдуу күчтөрдү башкарган Замана армиянын даярдыгын атайылап ылдыйлаткан. Ага аскер кызматкерлеринин санын азайтып, бир топ бөлүктөрдү жоюп салган деген айып тагылды.   Прокуратуранын маалыматына караганда... Читать дальше...

Байкоочулар: Молдовадагы шайлоодо добуш сатып алуу фактысы болду

Azattyk.org 

Молдовада 24-февралда өткөн парламенттик шайлоого көз салган эл аралык байкоочулар дүйшөмбүдө басма сөз жыйын өткөрүп, добуштардын сатып алынганы тууралуу көп маалымат бар экенин билдиришти.   ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун байкоочулары ошол эле кезде шайлоо мыкты уюшкандыкта, атаандаштыкта өткөнүн белгилешти.   Буга чейин оппозициялык ACUM блогунун тең төрайымы Майя Санду шайлоо эркин жана калыс өттү деп айтууга болбой турганын жарыялаган. Приднестровьеде добуш сатып алуу фактылары болгонун айткан. Читать дальше...

Испанияда НТВнын негиздөөчүсү Игорь Малашенконун сөөгү табылды

Azattyk.org 

Орусиялык таанымал саясат талдоочу жана медиа менежер Игорь Малашенко Испанияда каза болгонун "Коммерсант" басылмасы жазып чыкты. Басылма "айрым маалыматтар боюнча Малашенко өз жанын кыйган болушу мүмкүн экенин" белгиледи.  "Ведомости" гезитинин булактары да саясат талдоочунун өлүмүн ырастап, аны суицид менен байланыштырган.    Акыркы убакта Малашенко мурдагы аялы Елена Пивоварова менен соттошуп жүргөн.   Малашенконун азыркы аялы, блогер Божена Рынска Пивоварова мурдагы күйөөсүнүн мүлктөрүнүн 80 пайызын алууга аракеттенип жатканын жазган.

Москвада кыргыздар улак тартты

Azattyk.org 

23-февраль – Мекенди коргоо күнүнүн урматына Москвадагы кыргызстандыктар көк бөрү тартышты. Венесуэлада акыркы күндөрү кырдаал курчуду. Тирештерде кеминде төрт адам өлүп, үч жүздөйү жаракат алды. Казакстандын президенти өкмөт башчылык тизгинди Аскар Маминге карматты.

Бакиевдердин акчасы Кыргызстанга кайтарылабы?

Azattyk.org 

АКШ мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандын чыгарып кеткен 4,6 миллион долларды кайтарып берерин жарыялады. Бул тууралуу келишимге 25--февралда Бишкекте кол коюлду. Бир топ жылдардан бери жыйынтык чыкпай келген бул иштин ордунан жылышына эмне түрткү болду? Буга чейин айтылып келген Бакиевдердин башка өлкөлөрдөгү мүлктөрүн кайтарууга мүмкүнчүлүк барбы? Бул суроону “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт көрсөтүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, Жогорку Кенештин депутаты Эльвира Сурабалдиева... Читать дальше...

Тагдыр сыноосу Ала-Тоону байырлатты

Azattyk.org 

75 жыл мурда мекенинен айдалган чечен атанын эскерүүсү. Рак тооруган балдарга колдоо издегендер. Кыргыз-тажик бирдей сыймыктанган футболчу. Атайын комиссия түзүп, той-аштардагы ашыкча чыгымдарга тескөө баштаган Баткендеги айыл.

Песковдун кызы Европарламентте иштеп жатканы ачыкка чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун кызы, 21 жаштагы Елизавета Пескова Европарламентке Франциядан депутат Эмерик Шопраддын кеңсесинде тажрыйба үйрөнүп  иштеп жатканы белгилүү болду.  Бул кызмат ага Европарламенттин маалыматтар базалары менен имараттарына, анын ичинде ички компьютердик түйүнгө кирүүгө толук мүмкүнчүлүк берет. Анын аты-жөнү Европа парламентинин сайтында ачык жазылган.  Эмерик Шопрад «Азаттыктын» орус кызматына өз командасында Орусиядагы таасирдүү аткаминердин кызы иштей турганын ырастап... Читать дальше...

Венесуэлада кризис күчөдү

Azattyk.org 

Венесуэлада президент Николас Мадурого каршы чыккандар менен өкмөттү колдогон армия өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу уланып жатат.



Адабий сын акындарды капа кылды

Azattyk.org 

Учурдун таанымал жаш акындары тууралуу журналист, акын Болот Таштаналиевдин жазган обзордук адабий сын макаласы калемгерлер арасында кызуу талкууга түштү.

Жумушчунун жесири кенемте азабын тартты

Azattyk.org 

Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунда лифт оңдоп жатып 2015-жылы каза тапкан адамдын жакындары сот чечип берген 1 миллион сомдон ашык кенемтени бүгүнкү күнгө чейин өндүрө албай жатышат.

Жээнбаева: Бакиевдердин убагында уурдалган 250-300 млн. долларды кайрып алуу аракети жүрөт

Azattyk.org 

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда уурдалган каражаттын суммасы 250-300 млн. долларга чейин деп бааланган. Учурда ушул каражаттарды кайтарып алуу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди: - Баалоо (Кыргызстандан чыгарылып кеткен каражатты – авт.) 2010-жылы эле жүргүзүлгөн. Мунун көбү АУБ ("Asia Universal Bank"​) банкынан чыгарылган болчу. Ошол активдер чет мамлекетте жүрөт. Ошону кайтарып алууга мүмкүнчүлүктөр бар... Читать дальше...

Уурдалган акчаны кайтаруу тууралуу билдирүү

Azattyk.org 

Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө эки тараптуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ага 25-февралда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол коюшту.

«Baring Vostok» фонду Путинге ачык кат жазды

Azattyk.org 

«Бэринг Восток» («Baring Vostok») инвестициялык фонду президент Владимир Путинден фонддун негиздөөчүсү, америкалык ишкер  Майкл Калвинин жана башка менежерлердин ишин өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.  Путинге багышталган ачык катта сот айыпталуучуларды камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып, кийинки убакта Орусияда ишкердикке байланыштуу шектүүлөр менен айыпталуучуларды камакка албоо тажрыйбасын бузганы айтылат. Каттын авторлору «Бэринг Восток» фондунун менежерлерине козголгон иш «Восточный» банкы менен... Читать дальше...

Алимент төлөбөгөндөрдүн чет өлкөгө чыгышына тыюу салуу сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда Үй-бүлө кодексине жана «Сот аткаруучулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, алимент төлөбөгөндөрдүн чет мамлекетке чыгышына тыюу салуу боюнча демилге көтөрүлдү. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева сунуш кылды. -Үй-бүлө кодексинде алимент төлөбөгөндөрдү чет өлкөгө чыгарбоо боюнча жобо жок. Бирок башка чет өлкөлөрдө алименттен качкандарды чет мамлекетке чыгарбоо боюнча мыйзам жакшы иштеп жатат. Эл аралык тажрыйбаны карасак тыюу салуу эрежелери жакшы иштейт экен, - деди Мамашева. Читать дальше...

Табыпчылык талкалаган табият

Azattyk.org 

Жоголуу коркунучунда турган жан-жаныбарларга, өсүмдүктөргө болгон кыянаттыкты кантип токтото алабыз? Элге жапайы фауна, флора Кыргызстандын байлыгы экенин, ага аяр мамиле жасоо керектигин канткенде түшүндүрсө болот? Аларды корукка алып, зыян келтиргендерге олчойгон айыппул салуудан башка дагы кандай жолдор бар?

Бишкекте электрондук билет тендеринде беш ишкана тандалды

Azattyk.org 

«Электрондук билет» долбоорунун биринчи этабында аны ишке ашыруучу ишканаларга тендер жарыяланган. Тендерге жети компания катышкан. Бүгүнкү күнү комиссия беш компаниянын ишин талаптарга жооп берет деп тапты. Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, алар: - ООО «Ситикард» (Нижний Новгород шаары, Орусия); - ЗАО «Золотая корона» ( «РСК Банк» ААК жана «Тодэш Торг» ЖчК, Новосибирск шаары, Орусия); - BPC AG, Баар (Швейцария); - LGCNC-KSCC Consortium (Сеул шаары, Түштүк Корея); - «Шанхай Шенту... Читать дальше...

Ким Чен Ынды туураган куудул Вьетнамдан депортацияланды

Azattyk.org 

Вьетнамдын бийлиги австралиялык куудул, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга түспөлдөш Говард Искти өлкөдөн чыгарды.  Бул аракет Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Вьетнамдын борбору Ханойго жол тарткан убакта болду.  Говард Икс Вьетнамга жума күнү АКШнын президенти Дональд Трампты туураган шериги менен келген. Алар Вьетнамдын көчөлөрүндө элдин жана журналисттердин көңүлүн бурган.  Дүйшөмбүдө Говард Икске полиция келип, аны аэропортко жеткирген. Расмий бийлик бул чечим тууралуу комментарий бере элек. Читать дальше...

Молдова: бир да партия көпчүлүккө ээ болгон жок

Azattyk.org 

Молдовада алгач ирет аралаш шайлоо системасы менен өткөн парламенттик шайлоодо төрт партия алдыга чыкты. Алдын ала эсептер боюнча, арасында Орусия менен да, Батыш менен да мамилени күчөтүүнү жактаган партиялар бар.

Молдова: бир да партия парламентте көпчүлүктү ала алган жок

Azattyk.org 

Молдовада 24-февралда өткөн парламенттик шайлоодо төрт партия алдыга чыкты.  Өлкөдө шайлоочулар биринчи жолу 101 депутаттын 50сүн партиялык тизме менен, 51 адамды бир мандаттуу округдардан шайлады. Баштапкы эсепке караганда, Социалисттер партиясы 31,75% добуш менен биринчи, европачыл партиялардын түзүлгөн ACUM блогу 25,26% менен экинчи, ал эми азыр өкмөттү башкарып жаткан Демократиялык партия 24,48% добуш алып үчүнчү болду. Консервативдүү ШОР партиясы 8,46% добуш алды. Калган партиялар алты пайыздык босогодон өтө алган жок. Читать дальше...

Казакстан: Аскар Мамин премьер-министр болуп дайындалды 

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар аны колдоп беришти.  Аскар Мамин 21-февралда кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаевдин биринчи орун басары болуп иштеген. Сагинтаев кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткара баштаган.   Аскар Мамин 53 жашта. Өкмөткө келгенге чейин "Казакстан темир жолу" улуттук компаниясын, Астана шаарын, Транспорт жана байланыш министрлигин жетектеген. Читать дальше...

Пакистанда сот экс-премьерди түрмөдөн бошотуудан баш тартты

Azattyk.org 

Исламабаддын Жогорку соту мурдагы премьер-министр Наваз Шарифти күрөөгө бошотуу тууралуу өтүнүчтү четке какты. Соттун мындай чечими 25-февралда жарыяланды. Ага Наваз Шариф азыр ооруканада дарыланып жаткандыктан, саламаттыгына байланыштуу күрөөгө бошотулбайт деген жүйө келтирилген. Наваз Шарифтин «Пакистан мусулман лигасы» партиясынын лидери Хаважа Асиф сот чечимине каршы апелляциялык арыз берилерин билдирди.   Шариф Лахор шаарындагы ооруканада жүрөгүн дарылатып жатат. Адвокаттары анын ден соолугу начарлап кеткенин айтып жатышат. Читать дальше...

Бакиевдерден акча кайтарылса кайда жумшалары белгилүү болду

Azattyk.org 

Бакиевдерден акча кайтарылса, ал кыргыз элинин пайдасы үчүн жумшалат. Бул тууралуу 25-февралда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол койгон биргелешкен билдирүүдө айтылды. Документке ылайык, Максим Бакиевдин учурунда мамлекеттик органдардан жана банк мекемелеринен уурдалган деп, кайра кыргыз өкмөтүнө кайтарылып берилген каражаттар социалдык борборлорго, коррупция менен күрөшүүгө... Читать дальше...

Натюрморттун майын чыгарган Малеина

Azattyk.org 

Евгения Алексеевна Малеина - атактуу “Советтик Кыргызстандын кызы” деген сүрөттү тарткан Семён Афанасьевич Чуйковдун зайыбы. Ал живопись, натюрморт, портрет жанрында иштеп, чоподон да декоративдүү идиштерди жасаган.

Сооронбай Жээнбеков Андрей Крутькону «Даңк» медалы менен сыйлады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутькону өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы жыйынтыкталганына байланыштуу кабыл алып, «Даңк» медалы менен сыйлады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Жээнбеков Андрей Крутького кыргыз-орус мамилелердин өнүгүшүнө, Кыргызстандагы социалдык-экономикалык, билим берүү жана аскердик-техникалык тармактарда долбоорлорду илгерилетүүдө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *