Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2019

Новости за 01.02.2019

"Көрүнбөгөн" балдардын көйгөйү

Azattyk.org 

ЮНИСЕФ Кыргызстанда 18 миң "көрүнбөгөн" бала бар экенин айтууда. Бийлик өкүлдөрү бул сан расмий эмес деп билдиргени менен балага күбөлүк жаздырууда айрым кыйынчылыктар бар экенин моюнуна алды.

"Левада": Орусияда өлкөнүн багытын терс баалагандар көбөйдү

Azattyk.org 

Москвадагы "Левада-борборунун" соңку сурамжылоосу 2006-жылдан бери биринчи жолу орусиялыктардын арасында өлкөнүн багытын туура эмес деп эсептегендердин саны өскөнүн көрсөттү. Сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы Орусия "туура эмес багытта баратат" дешсе, 42 пайызы учурдагы курсту жакташкан. Жыйынтыгы 31-январда жарыяланган бул сурамжылоого ылайык, Орусиянын багытын жактырбагандардын саны бир жыл мурда эле 17 пайызга азыраак болчу. Былтыр орусиялыктардын 55 пайыздан көбү өлкөнүн өнүгүү курсун оң баалашкан. Читать дальше...

Азия кубогу: Катар чемпионатты утуп алды

Azattyk.org 

Бириккен Араб Эмираттарында өткөн футбол боюнча 2019-жылкы Азия кубогун Катардын улуттук курама командасы утуп алды. Алар финалда Жапония менен ойноп 3:1 эсеби менен жеңди. Катарлыктар алгачкы голду 12-мүнөттө Али Алмоездин көмөгү менен жаратса, 27-мүнөттө Абдулазиз Хатемдин голу менен эсепти 2:0гө жеткирди. Жапония 69-мүнөттө эсепти 2:1ге чейин кыскартканы менен 83-мүнөттө Катар пенальтинин жардамы менен оюн жыйынтыгын 3:1 кылып, оюнга чекит койду. Катар быйылкы Азия кубогунда өз дарбазасына бир да гол өткөрбөгөн команда болуп келди. Читать дальше...

Тандап жеген тамак - дары

Azattyk.org 

Сиз туура тамактанам деп ойлойсузбу? Туура эмес тамактануунун кесепети кандай ооруларга алып келет? Кайсы азыктарды чогуу жегенге болбойт? Кантип ден соолукка кам көрүп, өмүрдү узартса болот? Бул суроолорго "Азаттык+" жооп издеди.

Бишкекти сүйгөн Мануйлованын мурасы

Azattyk.org 

Бишкектин скульптуралык-архитектуралык келбетин көркөмдөөдө Ольга Максимилиановна Мануйлованын эмгеги зор. Ал өз эмгектери үчүн Эл сүрөтчүсү наамына 1954-жылы татыктуу болгон биринчи скульптор.

Иракка кеткен аялдар өмүр бою кесилди

Azattyk.org 

АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын америкалык күчтөрдү Сирия менен Ооганстандан чыгаруу планына каршылыгын билдирди. Иракта тажикстандык дагы беш аял "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою абакка кесилди.

АКШ өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыкмай болду

Azattyk.org 

АКШ Орусия менен 32 жыл мурда түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин 2-февралдан тарта токтотот. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо журналисттерге билдирди. Маалыматка ылайык, АКШ бул келишимден алты айдын ичинде чыгары тууралуу Москвага расмий билдирүү жөнөтөт. Помпео президент Дональд Трамп аткарылышын текшерүүгө мүмкүн болгон келишимди кааларын, Кошмо Штаттар курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин кошумчалады. Читать дальше...

ЮНИСЕФ: Кыргызстанда 18 миң бала каттоосуз

Azattyk.org 

Кыргызстанда балага туулгандыгы жөнүндө күбөлүк алууну жеңилдетүү аракети көрүлө баштады. Бул тууралуу 1-февралда Бишкекте өткөн жыйында айтылды. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду уюштурган "Көрүнбөгөн балдар" акциясы жыйынтыкталып, талкууга бийлик өкүлдөрү, эксперттер катышты. Жыйында маалым болгондой, Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов менен Динара Исаева «Жарандык абал актылары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгышты. Ушундай эле дагы бир мыйзам долбоорун Мамлекеттик каттоо кызматы да сунуштоодо. Читать дальше...



Асылбек Кожобеков УКМК төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун 1-февралдагы буйругуна ылайык, Асылбек Кожобеков башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеп турган кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты. Кожобеков бул кызматына келгенге чейин президенттин кеңешчиси болуп турган. Асылбек Кожобеков УКМК төрагасынын орун басары болуп, өткөн жылы апрелде, мурдагы жетекчи Абдил Сегизбаев кызматтан алынгандан кийин келген. (ZKo)

Ош шаарына быйыл 3 миң бак-дарак отургузулат

Azattyk.org 

Шаардагы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынан "Азаттыкка" маалымдашкандай, Ошко миңге чамалуу ийне жалбырактуу арча отургузулуп, 2 миллиондон ашуун гүл эгилет. Бүгүн, 1-февралда Ош шаарындагы Исанов атындагы көчөгө ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Көчөт отургузуу иш-чарасына мэр Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары жана тиешелүү ишканалардын кызматкерлери катышты.  Буга чейин Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө элүүгө жакын дарак кыйылган. Шаардын түштүк-чыгыш кичи шаарчасындагы... Читать дальше...

Аба ырайы: 2-февралда кар жаабайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2-февралда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6; Суусамырда түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12; Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6; Баткенде түнкүсүн -3... 2 күндүз 1…6; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…2, күндүз 3…8; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0...5; Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12; Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -9…-14 градус суук. Читать дальше...

Бийликти сынаган Матраимовдун иши

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришти.

Чукул билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Azattyk.org 

5-7-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил- мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, карга айланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет. Читать дальше...

Гуайдо үй-бүлөсүнө кысым болуп жатканын айтты

Azattyk.org 

Венесуэла оппозициясынын лидери, өзүн өлкөнүн “утурумдук президенти” деп жарыялаган Хуан Гуайдо бийлик үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүп жатканын айтты. Ал 31-январда Каракас университетинде сүйлөгөн сөзүндө Венесуэланын атайын полиция бөлүмүнүн өкүлдөрү үйүнө келип кеткенин билдирди: - Атайын күчтөрдүн өкүлдөрүнөн кийин эки мотоцикл жана бир ак чоң автоунаа келди. Алар күзөтчүлөргө жакындап, жубайым Фабиананы жана үй-бүлөмдү сурашкан. Коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү менин кайда жүргөмдү билгиси келишкен. Читать дальше...

Кыз зордуктоого шектүү милиционер үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кыз зордуктоого шек саналган милиция кызматкеринин баш коргоо чарасын 31-январда Ысык-Ата райондук соту караган. Сот шектүүнү үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Милициянын маалыматы боюнча, экинчи тараптан тосмо арыз жазыла элек. Сотко чейинки иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат. 27-январь күнү Ысык-Ата РИИБне 28 жаштагы жаран кайрылып, өзүн жакшы тааныбаган бирөөлөр күч колдонуп, зордуктап кетишкенин билдирген. Иликтөө... Читать дальше...

Ошто «Окурман үй-бүлө» сынагы жыйынтыкталды

Azattyk.org 

1-февралда "Атам, апам жана мен – окурман үй-бүлө» деп аталган шаардык сынак жыйынтыкталды. Ага шаардагы 52 мектептин башталгыч класстарынын окуучуларынан жана алардын ата-энелеринен турган үч жүздөй командадан мурунку эки этапта жеңип чыккан беш команда катышты. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчу адиси Жамила Токтошеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, беш командага тең номинациялар берилди: - Биринчи орунга татыктуу үй-бүлөгө "Окурман үй-бүлө" номинациясын бердик. Экинчи орунга "Эң тапкыч үй-бүлө"... Читать дальше...

Оштогу "көчмөн" баскетболчулар

Azattyk.org 

Ошто 2018-жылдын апрелинде түзүлгөн "Nomad" баскетбол кыймылы мелдештерге катышып, ийгилик жарата баштады. Баскетболчу улан-кыздар жөнүндө фотобаян. Сүрөттөрдүн автору - Азамат Алымкулов.

Ала-Бука: Чатырдагы класстар маданият үйүнө көчүрүлмөй болду

Azattyk.org 

Ала-Бука районундагы Ажек орто мектебинин чатырдагы класстарын маданият үйүнө көчүрүп, чатырга мугалимдердин усулканасын ж.б. көчүрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу мектеп жайгашкан Биринчи Май айыл аймагынын жетекчиси Мухтар Шербаев "Азаттыкка" билдирди: -"Азаттык" кечээ жазып чыккандан кийин Билим берүү министрлиги реакция кылып, райондук билим берүү башкармалыгына тапшырма бериптир. Бүгүн алардын жетекчилери келип, жергиликтүү бийлик менен чогуу жыйын өткөрүп сүйлөштүк. Анда чатырда балдар... Читать дальше...

Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат

Azattyk.org 

Иранда бүгүн Ислам революциясынын 40 жылдыгы белгиленип жатат. Ыңкылапта шахтын бийлиги кулатылып, 2,5 миң жылдык монархияга чекит коюлган. 1979-жылдын 1-февралында Аятолла Рухолла Хомейни 14 жылдан кийин Франциядагы бозгундан кайтып келип, Иран Ислам жумуриятынын лидери болуп калган. Жума күнү өлкөнүн булуң-бурчунда эртең мененки саат 9.33тө сиреналар жаңырды. Дал ошол убакытта 40 жыл илгери Хомейнинин учагы Тегеран аэропортуна конгон. 11-февралда шах Мохаммад Реза Пахлавинин өкмөтү кулап... Читать дальше...

Финпол: Матраимовдун мүлкүн текшерүүдө туугандык байланыш таасир этпейт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалымат катчысы Анастасия Пискур "Азаттык" радиосуна билдирди. "Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго тиешелүү мүлктү текшерүүдө анын Финполдо иштеген тууганы таасир этет деген жоромолдор суу кечпейт. Бул факт боюнча текшерүү жүргүзүп жаткан бөлүм менен Райымбек Матраимовдун иниси жетектеген бөлүмдүн эч кандай байланышы жок, ошондуктан, кайсы бир туугандык байланыштар... Читать дальше...

Сенат АКШ күчтөрүн Сириядан чыгарууга каршылыгын билдирди

Azattyk.org 

АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын америкалык күчтөрдү Сирия менен Ооганстандан чыгаруу планына каршылык билдирген документти жактырды. Аны республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенаттын басымдуу бөлүгү (68-23) колдоду. Символикалык мүнөзгө ээ бул документте Сирия менен Ооганстанда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жана "Ал-Каида" террордук уюму дале чоң коркунуч жаратып жатканы, америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин чөлкөмдө кайрадан туруксуз абал жаралышы мүмкүн экени жазылган. Ошондой... Читать дальше...

ТИМ: Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү аракети жүрүп жатат

Azattyk.org 

Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги "Азаттык" радиосуна расмий кат түрүндө билдирди. Анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги компетенттүү органдар менен чогуу Сириядагы жана Ирактагы кыргыз жарандары боюнча ар тараптуу иш алып барып жатканы айтылат. Мындан тышкары бул өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын тек-жайы жана саны да аныкталууда. "Кыргызстандын Сирияда элчилиги жок болгону ал жактагы кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүү жана бул маселе боюнча иш алып барууда көйгөйлөрдү жүргүзүп жатканы жашыруун эмес. Читать дальше...

Жеке фирма "Түндүк электрге" доомат артты

Azattyk.org 

Бишкектеги “УМ Левел” аттуу фирма "Түндүк электр" ишканасынан уткан тендердин 4 миллион сомдой каражатын ала албай жатканына даттанып чыкты. Бирикменин өкүлдөрү маселе боюнча органдарга кайрылып, бирок майнап чыкпай жатканын айтышууда.

Иракта беш тажик аял өмүр бою абакка кесилди

Azattyk.org 

Иракта тажикстандык беш аял "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою абакка кесилди. Аларга сот өкүмү 31-январда чыкканын Тажикстандын Ирактагы жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайзода "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, Садорат Курбонова, Мафтуна Мажидова, Гүлрухсор Алиева, Гүлбахор Сайфуллоева жана Махфуза Курбоновага өкүм чыккан сот отурумуна Багдаддагы тажик элчилигинин өкүлдөрү катышкан. Дагы бир тажик жараны Максуда Жахбаровага өкүм угузуу... Читать дальше...

Сариев Сурабалдиеванын дооматын четке какты

Azattyk.org 

"Ак шумкар" партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын "атам өлгөндөн кийин анын мүлкүн тартып алууга аракеттенген" деген айыптоосун четке какты. "Депутат Сурабалдиеванын бул дооматы мен үчүн таңкалычтуу болду. Баштан аяк калп деп баса айта алам. Мага анын эмне себептен минтип калп айтканы түшүнүксүз. Бул анын жеке фантазиясы же мени каралоо үчүн кимдир бирөөнүн берген буйругу", - деп жазды экс-премьер-министр "Фейсбуктагы" баракчасына. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *