Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2019

Новости за 05.02.2019

Булак: картөшкө сатуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда келишим жок

Azattyk.org 

Картөшкө сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган эмес. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү ишенимдүү булактарга таянып, "Азаттыктын" Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.  Маалыматка караганда, учурда өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатышат. «Кыргызстан картөшкөнү бизге экспорттогусу келерин билдирген. Бирок кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат. Азыр өзбек базарында картөшкө жетиштүү»... Читать дальше...

"Манас" аэропортуна "бомба коюлганы" кабарланды

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортуна "бомба коюлганы" тууралуу маалыматтан улам аба майданында издөө-иликтөө иштери жүрүп жатат.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, "жардыргыч зат коюлганы" жөнүндө 5-февралда саат 15:09дө маалымат түшкөн. Аэропортто УКМК менен милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.  Кыргызстанда кай бир мекемеге, соода борборлоруна "бомба коюлганы" тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген... Читать дальше...

Трамп Конгрессте жылдык кайрылуусун жасайт

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгрессте жылдык кайрылуусун жасайт. Америкалык лидер өз сөзүндө иммиграцияга, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга жана Кошмо Штаттардын экономикасына көңүл бурмакчы. Ушул тапта Конгресстеги демократтар менен Ак үйдүн саясий кармашы күчөп турат.  5-февралда Трамп Конгресттин биргелешкен жыйынында ​өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон АКШнын тарыхындагы эң узак “шатдаундан" кийин сүйлөгөнү турат. Кошмо Шаттарда президент жыл сайын Конгрессте өлкөдөгү кырдаал тууралуу баяндама жасайт. Читать дальше...

Башкы прокуратура Калыйбек Салянов боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлгөнүн төгүндөдү

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин “Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлгөн” деген билдирүүсүн четке какты. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева мурдагы Салянов, кийин фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөрткөн жаран боюнча мындай тактоо киргизди: - Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо боюнча макулдашуусу жок болгондуктан АКШнын компетенттүү органдарына аталган жаранды экстрадициялоо боюнча суроо-талап жөнөтүлгөн эмес. ИИМ тарабынан К. Читать дальше...

Дарак кыюу сунушунан улам эки аткаминер жаңжалдашты

Azattyk.org 

Бишкек мэриясында Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Азыгалиев менен "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" директору Элнура Жолдошева жаңжалдашты.  Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова "Азаттыкка" билдиргендей, 4-февралда Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси шаардын 60 көчөсүн реконструкциялаш үчүн төрт миң түп даракты кыюуну сунуш кылган. Жолдошева эмне үчүн кыйыла турган дарактардын 3 миңи жаш көчөттөр экенине түшүндүрмө берүүнү сураган. Ушундан улам ортодо талаш чыгып, Жолдошева Азыгалиевге папкени ыргытып жиберген. Читать дальше...

Парижде көп кабаттуу үй өрттөнүп, сегиз киши өлдү

Azattyk.org 

Париждин 16-округунда чыккан өрт сегиз адамдын өмүрүн алды. Жабыркагандардын саны 30дан ашты. Тилсиз жоо сегиз кабаттуу үйдө тутанган. Күбөлөрдүн айтымында, үйдүн тургундары балкондордон секирип, чатырга чыга качууга аракет кылышкан. Тиешелүү кызматтар өрттү беш саатта гана толук өчүрүгө жетишкен. Франциянын баш калаасынын прокурору Реми Хейц "өрттү кимдир-бирөө атайылап коюшу мүмкүн" деген версия каралып жатканын билдирди. "France Presse" маалымат агенттиги тергөөчүлөргө таянып, кылмышка шектүү... Читать дальше...

Москвада ооган коомунун өкүлдөрү катышкан сүйлөшүү башталды

Azattyk.org 

Москвада Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча эки күндүк сүйлөшүү башталды. Ага ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы президент Хамид Карзай катышууда. Бирок ооган өкмөтүнөн эч ким келген жок. Москвадагы жолугушууну Кабул администрациясы сындаганы менен ал 17 жылдык согушту тынчтык жолу менен токтотуунун кеңейтилген жолу катары бааланып жатат. Батыш маалымат каражаттарынын баамында, тынчтык сүйлөшүүлөру илгерилеп баратат. Кремль бул жолугушууну уюштурууга тиешеси жок экенин билдирип... Читать дальше...



Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол койду.  4-февралда расмий жарыяланган жарлыктын максаты — Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо. Иш-чараны эң жогорку деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып... Читать дальше...

Кыргызстанда чет өлкөлүк жаран террор боюнча шектүү катары кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) террордук уюмдун эки мүчөсү кармалганын билдирди. 5-февралда таратылган расмий маалыматка ылайык, анын бири кыргызстандык, экинчиси Борбор Азия мамлекеттеринин биринин жараны. Шектүүлөр экстремисттик идеялар камтылган материалдарды Интернет аркылуу таратып, террордук мүнөздөгү оор кылмыштарды жасаганы айтылууда. Прокуратура кылмыш ишин козгоп, алар УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди. Кыргызстандын аймагында 21 диний уюм террордук жана экстремисттик деп табылып... Читать дальше...

"Freedom House": 2018-жылы демократияга кысым күчөдү

Azattyk.org 

Вашингтондо жайгашкан "Freedom House" уюму АКШда демократиялык институттарга кысым күчөп баратканын эскертти. Уюмдун жаңы жарыяланган баяндамасында бул жалпы эле дүйнөдө саясий укуктарга жана жарандык эркиндикке «коркунуч туудурат» деп айтылат. Дүйнөдөгү адам укуктарына көз салган уюм 68 мамлекетте демократиянын деңгээли төмөндөгөнүн, элүү өлкөдө демократиялык тенденциялар күчөгөнүн белгилейт.  5-февралда жарыяланган баяндамада Орусиядагы, Ирандагы, Азербайжандагы, Черногориядагы, Сербиядагы... Читать дальше...

Сапар Исаковдун иши Башкы прокуратурага өттү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратурага жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган иш боюнча негизги айып тагылган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура беш күн ичинде айыпты бекитип, айыпталып жаткандарга угузушу керек. Андан кийин иш сотко жөнөтүлөт. Сот ишти алгандан кийин он күндүн ичинде баштапкы угууларын өткөрүшү зарыл. Читать дальше...

Оор китеп кап омурткага доо кетирет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтери окуучулар көтөргөн китеп баштыктын салмагын көзөмөлдөбөйт. Бирок кошуна мамлекеттерде окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагына атайын чектөө коюлган. Дарыгерлер болсо оор баштыктар айрыкча кенже класстагы окуучулардын ден соолугуна зыян экенин айтышат. Кыргызстандык окуучулар көтөргөн баштыктардын салмагы кандай?

6-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

6-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында бурганак болушу ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз -5...-10, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9... Читать дальше...

"Көрүнбөгөн" балдардын угулбаган үнү

Azattyk.org 

ЮНИСЕФ Кыргызстанда 18 миң "көрүнбөгөн" бала бар экенин билдирди. Бийлик өкүлдөрү бул сан расмий эмес экенин айтканы менен балага күбөлүк берүүдө айрым кыйынчылыктар болорун моюнга алды.

Таласта интернатта күйүп кеткен балдар эскерилди

Azattyk.org 

Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында 1969-жылы  өрттө каза тапкан балдар эскерилди. “Азаттыкка” аталган райондун акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, ошол кездеги мектеп окуучуларынын өмүрү кыйылган кайгылуу окуяга быйыл 50 жыл болду. Эскерүү 4-февралда болду.  Алыскы аймактагы малчылардын балдары окуган Киров мектеп-интернаты 1969-жылдын кышында күйүп кеткен. Ызгардуу сууктан улам куткаруу иштери да узакка созулуп, натыйжада 39 баланын сөөгү табылган. Айрым маалыматтарда өлгөндөр кырктан көп экени айтылат. Читать дальше...

Кытай Алтайдан суу сурады

Azattyk.org 

Кытайлык уюмдардын бири орус бийлигине Алтайдан Кытайга суу жеткирүүчү куурдун курулушун колдоону суранып, кайрылуу жөнөттү.

Пентагон: ИМ жарым жылда Сириядагы аймактарды кайра ээлеши мүмкүн

Azattyk.org 

Дональд Трамп АКШнын аскерлери Сириядан чыгарыларын жарыялагандан көп өтпөй Пентагон "Ислам мамлекети" террордук тобу Сирияга кайра кириши мүмкүн экендиги тууралуу баяндама жарыялады.  4-февралдагы баяндамага ылайык, АКШнын кошуундары Сириядан кеткенден кийин жарым жылдан бир жылга чейинки аралыкта "Ислам мамлекети" тобу "колдон чыгарган аймактарды кайра ээлеши" ыктымал.  Пентагон аталган топ ай сайын дагы эле чет элдик ондогон жоочуларды жалдап, аларды Ирак менен Сирияга жөнөтүп жатканын белгилеген. Читать дальше...

Москвада үйлөрдүн бириндеги өрт бери дегенде сегиз өмүрдү жалмады

Azattyk.org 

Москванын чок ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 4-февралда чыккан өрттөн бери дегенде сегиз адам өлдү. Алардын экөө балдар экени кабарланды.  Никитск сейил багындагы үйдөгү батирлердин биринде башталган өрт андан ары тутанып, үйдүн бир бөлүгү кулап түшкөн.  Жергиликтүү булактардын кабарлары боюнча, үй 1912-жылы салынган жана 100 батири болгон.  Агенттиктер бул үйдө Орусиянын атактуу кишилери, актриса Ангеборг Дапкунайте, сүрөтчү Никас Сафронов, дирижер Юрий Башметтин кызы Ксения Башмет жашаганын жазышты. Читать дальше...

Ооруканада ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөө сунушталууда

Azattyk.org 

Ооруканада дарыгерлердин айынан ВИЧ жуккан балдарга кенемте төлөп берүү боюнча демилге көтөрүлдү. Бул багытта мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүү сунушталып, коомдук талкууга чыкты. Мыйзам долбоорунун автору, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Азаттыкка" билдиргендей, ВИЧ жуккандарга 100 миң сомдон кем эмес акча төлөп берүү каралууда. Буга жалпысынан 35 млн. сом керек. Эл өкүлү бул каражатты президенттин, премьер-министрдин жана парламент төрагасынын фондунан алууну сунуш кылып жатат. Буга... Читать дальше...

Жер казынасы боюнча комитеттин жетекчиси сөгүш алды

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялап, анын орун басарлары Азизбек Ороков менен Сүйүнтбек Аликеевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.  Билдирүүдө буга Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз болуп жаткан комитеттин жетекчилигине карата айтылган сын негиз болгону белгиленет.  Өкмөттүн кен байлыктарды иштетүү маселелери... Читать дальше...

Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча АКШга суроо-талап жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги Башкы прокуратура аркылуу АКШда кармалган Калыйбек Саляновду экстрадициялоо боюнча аталган өлкөгө суроо-талап жөнөттү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Бишкектеги атайын маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште тергөө чараларын жүргүзүүгө тоскоолдук жасоого шектүү катары өтүп жатканын билдирди. Каниметов белгилегендей, Калыйбек Салянов миграция мыйзамдарын бузууга шектелип кармалып, Интерполдун... Читать дальше...

Жогорку сот Кулматовдун адвокатынын өтүнүчүн четке какты

Azattyk.org 

Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри, камактагы Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен анын адвокаты жазган арызды кароо боюнча ишти токтотту.  Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз кызматы кабарлагандай, арыз 4-февралда каралды.  Адвокат Сергей Слесарев Кулматовдун камактагы мөөнөтүн узарткан сот отурумунда жактоочу тараптын жүйөлөрү эске алынбаганын айтып жүрөт. Анын сотко ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүчү да канааттандырылган эмес. Жактоочу Кулматовду... Читать дальше...

«Түркмөн аба жолдору» Европанын «кара тизмесине» киргизилди

Azattyk.org 

4-февралда Европанын авиациялык коопсуздук агенттиги «Түркмөнстан аба жолдорун» "кара тизмеге" киргизип, авикомпаниянын учактарын Европа өлкөлөрүнө учушуна, Европа Биримдигинин аба мейкиндигинен учуп өтүшүнө тыюу салды. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жазылды.  Мындан улам бир канча каттамдар токтотулду. "Independent" басылмасы билет сатып алган миңдеген адам жабыркашы мүмкүн экенин жазды.  Британиянын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандарга «Түркмөн аба жолдорунун» өкүлчүлүктөрүнө кайрылууну сунуш кылды. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *