Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2019

Новости за 25.02.2019

Бакиевдердин убагында уурдаган акчаны кайтаруу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду

Azattyk.org 

Курманбек Бакиевдин убагында уурдалган активдерди Кыргызстанга кайтарып берүү жөнүндө эки тараптуу биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Ага 25-февралда АКШнын мамкатчысынын жардамчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча биринчи орун басары Элис Уеллс менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева кол коюшту. Билдирүүдө айтылгандай, мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин досу Евгений Гуревич АКШда мыйзамсыз иштери үчүн кармалып, сот тарабынан 6 млн. доллары конфискацияланган. Читать дальше...

"The Guardian": Брекзит эки жылга артка жылышы мүмкүн

Azattyk.org 

Британиянын Евробиримдиктен чыгышы 2021-жылга чейин жылышы мүмкүн. Бул демилгени уюмдун жетекчилиги талкуулап жатканын британиялык "The Guardian" басылмасы өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.  Британиянын Евробиримдиктен чыгышы же Брекзиттин мөөнөтүн жылдыруу маселеси Британиянын парламенти быйыл 29-мартка чейин тиешелүү макулдашууну кабыл алып бербейт деген кооптонууга байланыштуу көтөрүлүп жатат. Буга чейин Брекзиттин аткарылышы 29-мартка белгиленген.  Британ премьер-министри Тереза Мэй... Читать дальше...

Текебаевдин иши БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинде каралат

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу документтер БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырылды.  Бул жөнүндө "Адилет" укуктук клиникасы маалымдады. Ага ылайык, Текебаевдин иши комитеттин кароосуна кезекке коюлду, бирок азырынча качан каралары так белгисиз.  Мурдараак "Адилет" клиникасы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн ачык болот

Azattyk.org 

26-февралда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -24…-29, күндүз -10…-15; Талас облусунда 0…-5, күндүз 5…10; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6; Нарында түнкүсүн -19…-24... Читать дальше...

Дүйшөмбү шаарында курулуштагы кырсыктан он чакты киши жабыркады

Azattyk.org 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө мечит салып жаткан куруучулар 60 метрлик бийиктиктен кулап түштү.   "Азаттыктын" тажик кызматы күбөлөрдүн сөзүнө таянып жазып чыккандай, окуя 25-февралда эртең менен болгон. Маалыматка караганда, куруучулар борбордук мечиттин мунараларынын бирин оңдоп жаткан кезде тепкич түшүп кеткен. Он чакты курулушчу ооруканага жеткирилген.   Алар мечит салып жаткан ирандык компаниянын буюртмасын аткарып жаткан. Жабыркагандардын абалы азырынча белгисиз.  Тажик баш калаасындагы... Читать дальше...

Ошто коомдук транспортто электрондук билеттер иштей баштады

Azattyk.org 

25-февралда Ош шаарындагы коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар ишке кирди. Ага ылайык, шаарда №1 каттамдагы троллейбустар жол акысын электрондук билет менен кабыл ала баштады. Апта аягына чейин №2 каттамдагы троллейбус, ал эми март айында муниципалдык автобустарда жол акы электрондук билет аркылуу төлөнө баштайт. Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, электрондук билеттердин иши автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлдөнүп турат.  Электрондук билеттер... Читать дальше...

«Кыргыз-түрк достук ооруканасын» эки мамлекет үч жыл чогуу башкарат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл биргелешип башкарат. Бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу биротоло кыргыз тарапка өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, жыл сайын Кыргызстандын 20 дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган «Кыргыз-түрк достук ооруканасы» 2018-жылдын сентябрында ачылган. 150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Читать дальше...

Аксынын тургуну КСДПнын өкүлү боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Каныбек Туманбаев Аксы районундагы кадрларды тескеп жатат. Бул тууралуу Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну Гүлүмкан Жороева Сузак районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбековго айтканын “Азаттык” радиосуна билдирди:  - Президентке жазган каттарыбыз өзүнө жетпей, кайрылуубузга жооп болбой жаткандыктан атайын Сузакка Сооронбай Жээнбековго жолугуу максатында келдим. Аксыда жергиликтүү кадрларды тескеген... Читать дальше...



ЖЭБдеги жемкордук: жеке жоопкерчиликтин чеги

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу кылмыш ишин иликтеген тергөө тобу жоопко тартылып жаткан сегиз жогорку кызмат адамынын  коррупциялык байланыштарды уюштуруудагы жана аткаруудагы жоопкерчилигин аныктаган.

Баткен: той чыгымын азайткан элеттиктер

Azattyk.org 

Баткендин Ак-Турпак айыл аймагында той-мааракелердеги ашыкча чыгымдарды кыскартуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Демилгечилер айылдыктарды ысырапкорлуктан оолактап, андан көрө өз турмуш-тиричилигин оңдоп, карызсыз жашоого үндөп жатышат. Жергиликтүүлөр комиссия түзүп, тойдогу ашыкча чыгымдарга көз сала турган болууда.

Таластагы кырсыктан соң инспектор кызматтан кетти

Azattyk.org 

Эне-баланын өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаева кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка" аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Рыспеков билдирди. Ал кошумчалагандай, инспектор 22-февралдан тартып өз арызынын негизинде иштен кетти.  Таластын Кара-Суу айылында 20-февралда иске ууланып энеси менен кызы каза тапкан. Курман болгон келиндин жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясын төлөнбөгөн карызы үчүн өчүрүп кеткен инспекторду айыптаган. Читать дальше...

Суталиновдун адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Мурат Суталиновдун жактоочусу Тимур Карабаев Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. Адвокаттын айтымында, өсмө (рак) илдетине чалдыккан Мурат Суталинов паллиативдик жардамга муктаж, темир тор артында мындай жардамды алууга мүмкүн эмес.  15-февралда Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду оорусуна... Читать дальше...

Москвада кыргызстандык мигрант поезддин алдында калып мерт болду

Azattyk.org 

33 жаштагы Улукбек Топчуевдин сөөгүн жакындары Кыргызстанга алып келишет. Бул тууралуу "Азаттыкка" ал туулуп-өскөн Баткен районунун Рават айылынын тургундары кабарлашты. Маалыматка ылайык, каза болгон мигранттын артында эки баласы калды.  Бир нече күн мурун социалдык тармактарда поезд коюп кеткен кыргызстандык мигранттын сөөгү Москвадагы өлүкканалардын биринде экени кабарланып, анын жакындары изделип жаткан.  Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген. Читать дальше...

Таластын тургуну тергөөчүнү коррупцияга айыптап жатат

Azattyk.org 

Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Замирбек Сыдыков аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Нурдин Алыбаевди коррупциялык иштерге айыптап жатат. Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында болгон жол кырсыгына күнөөлүү адам ошол тергөөчүнүн айынан жоопко тартылбай жүрөт: - Тергөөчү күнөөлүү тараптын кызыкчылыгына иштеген. Авария болгон күнү кагышкан эки айдоочунун унааларын ордунан алмаштырып койгон. Бул иштин болгонуна төрт айга жакындап калса да эч ким жоопкерчиликке тартылбай жатат. Читать дальше...

Кудайбердиев: "Себаттын" бүтүрүүчүлөрү жазган окуялар текшерилет

Azattyk.org 

"Твиттерде" #metoosebat деген хэштег менен мурунку "Себат" лицейинин бүтүрүүчүлөрү жазган окуялар текшерилет. Бул тууралуу мурунку "Себат", азыркы "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Нурлан Кудайбердиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, лицейлердеги балдарга карата жасалган мамиле дайыма жетекчиликтин көзөмөлүндө: - Бул хэштегдин алдында жазгандар лицейди он-он беш жыл мурун бүтүрүп кеткендер окшойт. Ошого карабай, биз бул маалыматтарды текшеребиз, аларга байланышып, ыдык көрсөткөндөр ким, кандай болгонун баарын сурайбыз. Читать дальше...

Автоунаасы менен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Azattyk.org 

12-февралда Москва районундагы Беловодск айылында, Бишкек-Ош жолунун боюнан 64 жаштагы адамдын өлүгү табылган. Маркумдун сөөктөрү бир нече жеринен сынганы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады. Бул иш Жоруктар кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылынын эрежелерин жана автоунаа айдоо эрежелерин бузуу") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү аныкталып, кармалды. Чүйдүн 32 жаштагы тургуну 12-февралда "Мерседес" автоунаасы менен адамды сүзүп... Читать дальше...

Орусия: камактагы эки америкалыктын иши

Azattyk.org 

Москвада сот тыңчылык боюнча айыпталып жаткан америкалык жаран Пол Уиландын камак мөөнөтүн узартты. Москвада 15-февралда кармалган "Baring Vostok" инвестициялык корунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калви да камакта жатат.

Оскар-2019: "Жашыл китеп" мыкты тасма аталды

Azattyk.org 

Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктоо салтанаты өтүп жатат. Бир катар телеканалдар “Долби” театрынан түз алып көрсөтүүдө. Анда алгачкы жеңүүчүлөрдүн аты атала баштады. Режиссер Питер Фореллинин "Жашыл китеби" (Green Book)​ "Жылдын эң мыкты тасмасы" деп табылды. "Богемия рапсодиясы" тасмасында ойногон ролу үчүн актер Рами Малек мыкты аталса, "Фаворитка" тасмасында ойногон Оливия Колман "Мыкты актриса" катары "Оскар" сыйлыгына татыды. Ал эми "Рома" (Мексика) ​"Эң мыкты чет элдик тасма" деп табылды. Читать дальше...

Былтыр 522 киши өз жанын кыйган

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2018-жылы 522 киши өз жанын кыйган. Алардын 80и аялдар. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, 2018-жылы суицидге барган жарандардын саны көбөйгөн. 2017-жылы 490 киши жанынан кечсе, алардын 91и аялдар. Буга чейин акыйкатчы Токон Мамытов паралментте баяндама жасап жатып үй-бүлөлүк чыр жана ата-эне менен пикир келишпестик өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болорун белгилеген. Мамытов 2016-жылы өспүрүмдөр... Читать дальше...

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү белгилүү болду (тизме)

Azattyk.org 

24-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр белгилүү болду. Байгелер эркектер арасында 8 салмакта, кыз-келиндер арасында беш салмакта ойнотулду. Мелдешке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Таиланд, Белорусия жана Монголиядан 200гө жакын мушкер катышты. Кыргызстандын мушкерлеринен төртөө финалда таймашып, Азат Үсөналиев (52 кг.) менен Абдурахман Абдурахманов... Читать дальше...

Венесуэла Колумбия менен чек арасына аскерлерди жайгаштырды

Azattyk.org 

Венесуэла армиясынын кол башчысы "элдин коопсуздугун жана бейкутчулугун сактоо максатында" Колумбия менен чек арасында аскерлерди жайгаштырды. Мындай маалымат Венесуэла армиясынын "Твиттердеги" расмий барагында пайда болду. Чек аранын бул бөлүгү толугу менен жабылганын өлкөнүн вице-президенти Делси Родригес да билдирди. Ал Колумбия өкмөтү Венесуэланын эгемендүүлүгүнө олуттуу коркунуч жараткандыктан, Симон Боливар, Сантандер жана Унион көпүрөлөрү да тосулганын айтты. 23-февралда Америкалык өлкөлөрдүн... Читать дальше...

Трамп кытай азыктарына бажы төлөмүн жогорулатуу мөөнөтүн жылдырды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп кытай азыктарына карата бажы төлөмүн көтөрүүнүн мөөнөтүн жылдыруу чечимин кабыл алганын жекшемби күнү билдирди. Бул соода тармагында талашты жөнгө салуу боюнча Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөргө байланыштуу экени айтылды. Бул тууралуу Трамп "Твиттерге" жазды. “Жемиштүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай азыктарына 1-марттан тартып киргизиле турган бажы төлөмдөрүн жылдыруу чечимин кабыл алдым” деп жазган Трамп. Вашингтон администрациясынын башчысы Кытайдын төрагасы Си Цзинпин... Читать дальше...

Молдова: төрт партия парламентке өтөт

Azattyk.org 

Молдовада шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча парламентке төрт партия өтөт, бирок бир да партия көпчүлүктү камсыз кыла алган жок. Протоколдордун 70 пайызы эсептелип бүткөндөн кийинки жыйынтык боюнча, оппозциялык Социалисттик партия бир аз айырма менен алдыда келатат. Ага шайлоочулардын 31% добуш берген. Андан кийинки орундарда 24-25% менен европачыл ACUM коалициясы жана Демократиялык партия чыгышкан. Мындан сырткары парламентке ишкер, Молдованын банк системасынан акча уурдоого катыштыгы бар деп айыпталып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *