Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Февраль
2019

Новости за 25.02.2019

Туризмди өнүктүрүүгө арналган форум өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 25-февралда Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) чөлкөмүндө туризм индустриясын өнүктүрүүгө арналган форум башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Былтыр күзүндө эл аралык “Lonely Planet” басылмасы Кыргызстанды саякат үчүн эң ылайыктуу он мамлекеттин катарына кошкон. Ага карабай, туризм тармагы өнүгүүгө муктаж экени айтылып келатат. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга 2018-жылы 7 миллион турист келген. Читать дальше...

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын аткарылышын көз карандысыз баалоонун бет ачары болот. Программанын негизги максаты - балдар үчүн натыйжалуу жана акыйкат сот адилеттүүлүгүнүн тутумун түзүү, алардын укуктарын жана кадыр-баркын урматтоо, жашы жетпегендердин арасында кылмыштуулукту жана кайталап кылмыш жасоосун азайтуу, ар бир баланын муктаждыгына аяр мамиле жасоо. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын... Читать дальше...

Бештен ашуун инвестор жаңы футбол стадионун курууга кызыкдар экенин билдирди

Azattyk.org 

Бештен ашуун инвестор Бишкекке жаңы футбол стадионун курууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.  - Кээ бирөө толугу менен катышам деп жатат, айрымдары план кандай болот деп бизден сурашууда. Өз планы менен келгендер да, жөн эле жардам берем дегендер да бар. Мамлекеттик агенттик Бишкек шаарына Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) талаптарына жооп берген, заманбап стадион курууга катышууну каалаган инвесторлорду чакырган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *