Ымыркайды 190 миң сомго сатууга аракет кылгандар кармалды
Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайды сатууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме өкүлдөрү ырасташкандай, алгач белгисиз аял ымыркайды 190 миң сомго сатканы жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 31 жаштагы келин баштапкы төлөм катары 5 миң сом алып, ымыркайды сатып алуучуларга өткөрүп берип жаткан учурунда колго түштү. Читать дальше...