Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2019

Новости за 02.09.2019

Ырчы Атабековдун апасынын үйүн тоноду деп шек саналган киши кармалды

Azattyk.org 

Шаардык милиция Бишкектеги жеке менчик үйлөрдүн бирине карактоого кирди деп шек саналган жаран кармалганын маалымдады. Милициянын маалыматында, 6-май күнү карактоо болгону тууралуу арызданып А.Д. аттуу шаар тургуну кайрылган. Арызда анын Гвардейский көчөсүндөгү үйүнө түнкү саат 1:45 чамаларында беткапчан куралданган кишилер кирип, күч колдонуп 60 миң долларын, 15 миң сомун жана алтын буюмдарын карактап кеткени айтылат. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышты. Баткендин Ак-Сай айылына жакын Кыргызстанга караштуу аймакта кыргыз жарандары дарыядан автоунаага шагыл жүктөп жатышкан. Аларга Тажикстандын чек арачылары келип, асманга үч жолу эскертүү иретинде ок атышкан. Курман болгондор жана жаракат алгандар жок. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары чатактын... Читать дальше...

Китеп бар, окуй турган жер аз

Azattyk.org 

Жаңы окуу жылынын башталышы менен «Китепканалар окурманы үчүн канчалык шарт түздү, жагдай жакшырдыбы?» деген маселе кайрадан көңүл борборуна чыкты.

Текебаев жердештери менен жолукту

Azattyk.org 

Өткөн айда үй камагына чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районунда эл менен жүз көрүштү.

Жаштарды теңселткен айлыгы аз жумуштар

Azattyk.org 

Үй-бүлөсүн баккан өспүрүмдөр үчүн күндүзү окуп, түнү иштеген сезон башталды. Кадамжайда узундугу 7 миң 300 метрлик жаңы суу канал курулуп жатат. Чет жакта белгиленген эгемендик майрамы. Жыргалаңда жыргап эс алган туристтер.

Кой-Таш боюнча комиссия күмөн жаратты

Azattyk.org 

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия ушул жумада ишин баштайт. Комиссиянын биринчи жыйыны өтө элек жатып, курамы сынга кабылды.

Сох - Риштан: азем өттү, жол жабык

Azattyk.org 

Гонконгдо негизги бөлүгүн студенттер түзгөн демонстранттар эки жумага сабакка бойкот жарыялашты. Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох - Риштан жолу ачыла элек. 30-августта жолду ачуу аземине Кыргызстандын өкүлдөрү да катышкан. Күчү эң жогорку 5-категориядагы «Дориан» куюну АКШнын Флорида штатына жакындап келатат.



Нарындагы Кеңеш айылында окуучулар мобилдик үйдө окуй башташты

Azattyk.org 

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар мобилдик үйлөрдө окуй башташты. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев билдирди. Анын айтымында, «Кеңеш айылындагы мектептин эски имараты авариялык абалда, кирүүгө кооптуу» деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүтүм чыгарган. Ал мектепте 160 окуучу бар. Алар мындай мобилдик үйдө суук түшкүчө окушат. Кыш түшкөндөн кийин айылдан мектепке ылайыктуу турак үйлөр каралат. (MiK)

«Дориан» куюну Жоржия менен Түштүк Каролинага жакындады

Azattyk.org 

«Дориан» шамалынан улам АКШнын Жоржия менен Түштүк Каролина штаттарында, жээкке жакын аймакта жашагандарды милдеттүү түрдө коопсуз жайга убактылуу көчүрүү иштери башталды. Жоржия штатынын губернатору Брайан Кэмп «Твиттердеги» баракчасына: «Куюндун кесепети катуу болушу мүмкүн. Мындан улам жээкке жакын жашагандар там-ташын таштап, коопсуз жайда баш калкалап тура турушу зарыл» деп билдирди.  Түштүк Каролинанын губернатору Генри Максмастер жашоочуларга кайрылып жатып:  - Биз баарын бактылуу кыла албайбыз. Читать дальше...

Кара-Кулжада айыл өкмөт башчысы менен депутат мушташты

Azattyk.org 

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев айыл өкмөт башчысын «ур-токмокко алды» деп айыптап чыкты. Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы Алымбек Ормокеев мылтык кезеп, сабап салган. - Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы мени жайлоодон келаткан жолдо кармап, мылтык менен коркутканга аракет кылды. Бир аз кызуу экен. Мылтыгын тартып алып, айылга түшүп келген элем. Кеч киргенде артымдан өзүнүн эки уулун жана дагы 10 чакты жигиттерди ээрчитип келип, мени көптөп токмоктошту. Бизди ажыратууга чыккан апамды да сабап салышыптыр. Читать дальше...

3-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Аба ырайы: 3-сентябрда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26; Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25; Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24; Нарында түнкүсүн -3…2, күндүз 9…14 градуска чейин ысыйт. Бишкекте 3-сентябрда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан... Читать дальше...

Москва: сот Хомскийлерди ата-энелик укуктан ажыраткан жок

Azattyk.org 

Орусиянын Москва шаарындагы Никулин райондук соту 2-сентябрда жубайлар Петр менен Елена Хомскийлерди ата-энелик укуктан ажыратуу тууралуу прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот аларга эскертүү берүү менен гана чектелди.  Жубайлар 3-августта балдарын алып Москва шаардык кеңешине шайлоого катталбай калган оппозициячыл жана өз алдынча талапкерлерди колдоп нааразылык акциясына чыгышкан. Прокуратура аларды «кармап кетүүдөн өздөрүн сактоо максатында балдарын колдонду» деп айыптаган жана «жашы... Читать дальше...

Бишкектеги жаңы конуштар окуу жылына даярбы?

Azattyk.org 

1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды. 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 2265 мектеп иштесе анын 97си Бишкек шаарында жайгашкан. Аталган мектептердин башталгыч классына быйыл республика боюнча 156 миңден ашык бала кирди.

Бишкек ЖЭБи боюнча сот уланды

Azattyk.org 

Баш калаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча сот процесси уланды. Анын жүрүшүндө күбө катары Курулуш жана архитектура боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы төрагасы Турдубек Мамбетов суроолорго жооп берди. Анын жүрүшүндө Мамбетов ЖЭБди жаңылоо учурунда сметалык долбоорду сураганда ал жок болуп чыкканын билдирди. 2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция бар экени аныкталып... Читать дальше...

Кыргызстандык комузчулардын Өзбекстандагы жеңиши

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары - 2019» сынагында ага-ини Эламан жана Айбек Каныбековдор биринчи орунду ээлешти. Аталган сынакка 80ге жакын өлкөдөн 300гө жакын өнөрпоз катышкан. Катышуучулардын өнөрүнө Өзбекстандан президенти Шавкат Мирзиёев да күбө болгон.

Грузиянын өкмөт башчысы кызматтан кетерин жарыялады

Azattyk.org 

Грузияда премьер-министр Мамука Бахтадзе бүгүн, 2-сентябрда кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы жатканын кабарлады. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мага Грузиянын премьер-министри даражасында биздин өлкөбүздүн кызыкчылыгын коргош үчүн кызмат кылуу чоң жоопкерчилик жана чоң милдет болду. Мен «Грузин кыялы» партиясынын (башкаруучу партия) мүчөсү жана өлкөнүн берилген жоокери болгом жана мындан ары да боло берем», деп жазды.  Бахтадзе өзүнө чейинки өкмөт башчы Георгий Квирикашвилиге ыраазычылык билдирди... Читать дальше...

Мэрияга таандык сегиз батирди сатып жиберген деп шек саналган адам изделүүдө

Azattyk.org 

Бишкектин мэриясына таандык сегиз батирди алдамчылык жолу менен сатып жиберди деп шек саналган мэрия кызматкерине издөө жарыяланды. Бул тууралуу маалымат мэриядан алынды. Ага ылайык, мэрияга караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жиберген деп шек саналууда. Ал бул башкармалыкта болгону 1,5 ай эмгектенген. Учурда анын кайда экени белгисиз. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, мэрияда Ашыралиевге издөө жарыяланды. Читать дальше...

Гонконгдо студенттер ЖОЖдорго бойкот жарыялашты

Azattyk.org 

Гонконгдо каршылык акциясына чыккандар 2-сентябрда эртең менен иш кычап турган маалда поезддердин алдын тороп, кыймылды токтотушту. Студенттер демонстранттарды колдоп шаардагы жогорку окуу жайларына эки күндүк бойкот жарыялашты. Алар университеттердин алдына бир кылка узатасынан кол кармашып тизилип алышты. Гонконгдо 2-сентябрда жаңы окуу жылы башталат. Каршылык акциясынын уюштуруучулары студенттерди жапырт иш таштоого катышууга чакырышкан.  Соңку дем алыш күндөрү миңдеген демонстранттар полициянын... Читать дальше...

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымдыгына кайра шайланды

Azattyk.org 

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы - Сенаттын төрайымы болуп кайра шайланды. Анын талапкерлигин өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган.  Дарига Назарбаева спикер болуп 2016-жылы, атасы президент болуп турганда шайланган. Касым-Жомарт Токаев 12-августта Назарбаеваны Сенаттын депутаты кылып дайындаган. Ошондон улам анын депутаттык мөөнөтү жаңырып, жаңы мөөнөттөн башталды.  Өлкөнүн Конституциясына ылайык... Читать дальше...

Орусия менен Монголия достук тууралуу мөөнөтсүз келишимге кол коюшат

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-сентябрда кечинде Монголияга учуп кетет. Ал эки күндүк сапарынын жүрүшүндө Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугат. Бул тууралуу Путин монголиялык «Одрийн сонин» басылмасындагы маегинде маалымдады. Анда ал тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу мөөнөтсүз келишимге кол коюшарын билдирди. - Бул документ 1993-жылдагы достук мамилелер жана кызматтыштык боюнча келишимдин негизинде даярдалды. Читать дальше...

Разаков: Сох анклавын Өзбекстан менен туташтырган жол ачылган жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган Сох-Риштан жолу ачыла элек. Бул тууралуу Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди. Анын айтымында, коңшу өлкөнү Өзбекстан менен байланыштырган жолду ачуу боюнча бир топ маселелер бар. - Аталган зонада жумуш абдан көп. Биринчи иретте, Евразия Экономикалык Биримдигине байланышкан иштерди жасашыбыз керек. Бул уюмдун алкагында Кыргызстанга жүктөлгөн милдеттердин алкагында ветеринардык, фитосанитардык коопсуздук маселелери бар. Читать дальше...

Касым-Жомарт Токаев: жөлөк пул алгандар көбөйдү

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-сентябрда парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында элге кайрылды. Анда соңку беш жыл ичинде мамлекеттен социалдык жардам алгандардын саны 77 миң адамдан 1,5 миллионддон ашык болуп көбөйгөнүн белгиледи. Өлкөдө «жалкоо, мамлекеттен акча алыш үчүн тапкан-ташыганын жашыргандар» арбып баратканын билдирди:  - 2017-жылдан бери мамлекеттик бюджеттен социалдык колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттын көлөмү 17 эсе көбөйдү. Башкача айтканда, иштегиси келбеген... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *