Чек ара: талаштуу протоколдун төркүнү кайда?
Бүгүнкү студиянын коноктору - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Мирлан Бакиров.
Бүгүнкү студиянын коноктору - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Мирлан Бакиров.
АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматына Роберт О’Брайендин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Трамп 18-сентябрда "Твиттердеги" баракчасына жазды. Роберт О’Брайен ушул тушта Мамлекеттик департаментте иштейт жана президенттин туткундар маселеси боюнча атайын кеңешчиси кызматында турат. Буга чейинки президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон ушул айдын башында кызматтан алынган. Дональд Трамп анын себебин Болтондун бир топ кеп-кеңешине макул болбогону, ынабаганы менен түшүндүргөн. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышууда кыргызстандык чек арачы, 41 жаштагы Равшан Муминов окко учту. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.
Варшавада узак мөөнөткө эркинен ажыратылган тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёровго белгилүү укук коргоочу Файзиннисо Вохидова атындагы эл аралык сыйлык берилди. Аны камактагы адвокаттын Европада жашаган бир тууганы Жамшед Ёров алды. Буга чейин Бузургмехр Ёров Европа кеңешинин адам укуктары багытындагы өзгөчө эмгеги үчүн берилчү Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка көсөтүлгөн. Ал Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалып, 28 жылга кесилген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Максат айылына жакын жердеги курулушту тажик тарап 16-сентябрдагы ок атыштан кийин токтоткон. Бүгүн Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына жакын жердеги курулуш иштери токтотулду. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экенин белгилеп, эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүнү улантып жатканын кабарлады. Читать дальше...
Ооганстандагы удаалаш жардыруулардан кийин "Талибан" кыймылы кепке келерин билдирди. Беларус менен АКШ «тоңуп» турган мамилелерин элчилерди дайындоо менен жандантууну чечишти. Камактагы Гүлнара Каримованын кызы Иман өзбек бийлигине эскертүү берди. Орусиядагы тажик мигранттары саясий партия түзгөнүн жарыялашты.
16-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде, кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминовдун сөөгү 18-сентябрда Исфана шаарында жерге берилди.
АКШ менен Беларус 11 жылдан кийин бирине-бири кайрадан өз элчилерин жөнөткөнү жатышат. Байкоочулар муну ири дипломатиялык жылыш катары баалашууда.
Ооганстанда 17-сентябрда эки аймакта болгон жардырууда өлгөндөрдүн саны 48 кишиге жетти. Бул Ооганстанда 10 күндөн кийин өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы жана АКШ менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан берки эң кандуу чабуул болуп калды.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда кыргызстандык аскердин окко учканы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган факты Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Мындан сырткары чек арадагы окуяда аскер кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургандардын жарадар болгону, үй, мектеп, байкоо салуучу мунараны аткылаган факты «Киши өлтүрүүгө... Читать дальше...
Орусиянын борбору Москва шаарында, сот чечими менен үч жарым жылга абакка кесилген 23 жаштагы актёр Павел Устиновду колдогон акция өтүп жатат. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүзгө чукул актёрлор Устиновду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турушат. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, өзү жалгыз пикетке чыккан адам бийликтен уруксат сурабай койсо болот. Бирок аймакта жүргөн полиция кызматкерлеринин бири пикетчилердин бир эле плакатты кармап турушканын... Читать дальше...
Орусиянын Москва шаарында жашаган тажикстандык укук коргоочу Иззат Амон «Өзгөрүү, реформа жана өнүгүү» деген жаңы партия түзгөнүн жарыялады. Ал партиянын башкы максаты чет жерде иштеп, жашап жүргөн мигранттарды Тажикстандагы саясий жашоого аралаштыруу, парламенттик жана президенттик шайлоого катышуу экенин билдирди. Иззат Амон партияны жакында Тажикстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, аймактарда бөлүмдөрүн ачуу жагы караштырылып жатканын айтты. Тажикстанда буга чейин да мигранттарды... Читать дальше...
Сауд Арабиясы Перс булуңунда ары-бери каттаган кемелердин коопсуздугун камсыз кылган, АКШ баштаган коалицияга кошулганын жарыялады. Расмий Эр-Рияд мындай чечимин 14-сентябрда эки мунай заводуна дрондон сокку урулгандан кийин жана Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Саудияга келер алдында кабыл алды. Вашинтон Сауд Арабиясындагы мунай өндүрүүнүн азайып кетишине себеп болгон бул окуя үчүн Иранды айыптап жатат. Эр-Рияд болсо бул чабуулда «Ирандын курал-жарактары» колдонулганын билдирүүдө. Читать дальше...
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысынын жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директорунун 2018-жылга карата баяндамасын жактырды. Ага 85 депутат «макул» деп добуш берди. Акыйкатчы Токон Мамытов 2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылганын, алардын ичинен 3 237 кайрылуу кат жүзүндө келгенин билдирди. Мамытов кайрылуулардын көбү сот бийлигиндеги адилетсиздикке туура келерин, жарандар соттун чечимдерине... Читать дальше...
Ташкентте Гүлнара Каримованын үстүнөн дагы бир жашыруун сот иши башталганын анын адвокаты жарыялады. 16-сентябрда Каримованын кызы Иман Каримова Шавкат Мирзиёевдин бийлигине "жакынкы күндөрү Өзбекстандагы коррупция боюнча жашыруун маалыматтарды жарыялайм" деп эскертти.
Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалал-Абад электро» ишканасынын директору болуп Дурусбек Рахманов дайындалды. Ал буга чейин Жалал-Абад облустук электр тармактарын башкарып келген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Муну менен катар директордун эки орун басары тең алмашып, алардын ордуна Мыктыбек Жумабаев жана Мирлан Байсымаков келди. «Улуттук энергохолдинг» башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды. Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Сүйлөшүү Овчу-Калача чек ара аймагында өтүп жатат. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров, Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев катышууда. Тажик делегациясынын толук курамы азырынча белгисиз. Буга чейин Тажикстандын «Азия-плюс» агенттиги сүйлөшүү бүгүн эртең мененки саат 7:30да башталып, 10до бүткөнүн жазган. Читать дальше...
Казакстанда Нур-Султан жана Алматы шаарларында сот ушул айдын башында казак-кытай биргелешкен долбоорлоруна каршы нааразылык акцияларына чыккан жарандык активисттерди административдик жазага тартты. Ага ылайык, Нур-Султан шаарынын тургундары Куат Толепбергенов менен Марат Темирбеков 10 күнгө эркинен ажыратылды. Алматы шаарында сот Айдос Базарханов менен Асхата Жексебаевди 10 күнгө, ал эми Мурат Шорманов менен Ермек Казиевди 15 күнгө камоо тууралуу өкүм чыгарды. Нур-Султанда полиция макулдашылбаган... Читать дальше...
Кыргызстандын аймагында 19-сентябрда жамгыр жаабайт. Шамалдын багыты улам өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 24…29°; Таласта түнкүсүн 4…9°, күндүз 23…28°; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 11…16°, күндүз 26…31; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9°, күндүз 16…21°; Нарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 17…22°; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° болот. 19-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...
Өзбекстанда мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага байланыштуу жашыруун сот жараяны башталды. Бул тууралуу анын Швейцариядагы адвокаты Грегуар Манжа 16-сентябрда «Твиттердеги» баракчасына жазды. Ушул эле күнү Гүлнара Каримованын Лондондо жашап жаткан кызы Иман өзбек бийлигин бул өлкөдөгү жашыруун фактылар, коррупция тууралуу маалыматтарды дүйнөлүк коомчулукка ашкерелей турганын эскертти. Расмий Ташкент экс-президенттин кызынын айланасындагы соңку жагдайга байланыштуу комментарий бере элек. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев акыйкатчы Токон Мамытовду «карапайым элдин эмес, бийликтин акыйкатчысы болуп жатканын» айтып сындады. Ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Кыргызстанда адам укуктары одоно бузулуп жатканын билдирди: - Күч органдарына болгон элдин ишеними өтө төмөн. Чак түштө мушташып атышат, камалгандар кайра чыгып кетет. Адилеттик издегендер өз укугун коргой албай жатат. Карапайым адамдар эле эмес, саясатчылар, министрлердин орун басарлары, өкмөт башчы укугун коргой албай атат. Читать дальше...
«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча сунуштарга сынак жарыялайт.
7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүн документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтар менен тааныштырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы... Читать дальше...
Израилдеги парламенттик шайлоодон кийинки экзит-поллдор кайрадан эч бир партия парламенттик көпчүлүккө ээ боло албай турганын көрсөттү. Ага ылайык, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун оңчул «Ликуд» партиясы 120 орундуу парламентте 30дан ашык мандат алышы мүмкүн. Анын башкы атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак» борборчул партиясы буга чейин көрсөткүчүн бир аз жакшыртып, «Ликудга» тең же андан көбүрөк мандатка ээ болушу ыктымал. «Израилдик арабдардын бирдиктүү тизмеси» аттуу саясий блокко кеминде... Читать дальше...