Футбол: Тажикстан Кыргызстанды 1:0 эсебинде утту
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстан курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде утулду. Беттештеги жалгыз голду тажик оюнчусу Алишер Жалилов киргизип, Тажикстандын курама командасына жеңиш алып келди. Оюн бүгүн, 5-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өттү. Бул жеңиш менен Тажикстан курама командасы F тайпасында алгачкы үч упайына ээ болду. Бүгүн, 5-сентябрда Улан-Батордо өткөн беттеште Монголиянын курама командасы Мьянманы 1:0 эсебинде утуп, үч упай алды.