Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Сентябрь
2019

Новости за 20.09.2019

УКО: Кыргыз күрөштө Бишкек командасы алга чыкты

Azattyk.org 

Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Жалпы командалык жыйынтыкта Бишкек шаарынын үч балбаны биринчи орунду алды. Ал эми Талас облусу эки салмакта алдыга чыкса, Ош менен Жалал-Абад облусу дагы бирден салмакта биринчи орунга жетишти. Кыргыз күрөштө жети салмактык категория боюнча балбандар күч сынашты. Ар бир салмакта жети облус жана Ош, Бишкек шаарларынан бирден гана спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө 6 миң сомдон акчалай байге жана диплом, медалдар тапшырылды. Читать дальше...

Жаштыгын илимге арнагандар

Azattyk.org 

"Азаттык+" бул жолу эч нерсеге карабай илим изилдөөгө берилип, келечекте жаңы ачылыштарды жасайм деген жаш илимпоздор менен тааныштырат. Алардын арасында малдын тукумун жакшыртууну кыялданган, гүлдөрдөн нан жасоону эңсегендер тууралуу кеп болот.

Көп балалуу энелер көчөдө түнөштү

Azattyk.org 

Дүйнөнүн булуң-бурчунда климаттын өзгөрүүсүн токтотууга чакырган ири жүрүштөр өтүп жатат. Нур-Султанда бир күн мурда акцияга чыккан жыйырма чакты көп балалуу эне өкмөттүк имараттын алдынан кетпей, көчөдө түнөштү. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен куттуктады. Мамлекет башчы 20-сентябрда, Айсулуу Тыныбекованы жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабековду Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиши менен телефон аркылуу куттуктады. Куттуктоодо жамы кыргыз эли Дүйнөлүк чемпионаттагы ата мекендик спортчулардын мелдештерин кызыгуу менен көрүп, ар бир жеңишти чоң кубаныч менен кабыл алганын айткан. Читать дальше...

Изабеков: Айсулуу алган алтын - он жылдык эмгектин үзүрү

Azattyk.org 

Айсулуу Тыныбекованын жеңиши тынымсыз машыгуунун үзүрү экенин кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.  "Дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеште Айсулуу Тыныбекованын кыз-келиндер арасында биринчиликти багындырганы - он жылдык талыкпаган эмгектин үзүрү. Маңдай терибиздин мээнети акталып, кубанычыбыз коюнга батпай турабыз. ​Күйөрмандарга чоң ыраазычылык билдиребиз. Биз ушул алтынды 10 жыл бою күткөнбүз. Айсулуу менен талыкпай эмгектенип, алтынга жетебиз деп эңседик эле, мына бүгүн жеттик. Читать дальше...

Ашраф Гани жай тургундардын өмүрү кыйылбасына убада берди

Azattyk.org 

Ооган президенти Ашраф Гани согушкерлер менен кармаш жүрүп жаткан аймактарда жайкын тургундарын өмүрү кыйылган учурлардын алдын алууга убада берди. Ал 20-сентябрда Ооганстандын Жалал-Абад шаарындагы үгүт жыйынында сүйлөгөн сөзүндө, жайкын тургундардын өлүмүнө себепчи болгон түнкү рейддерди токтотуу үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.  Гани мындай сөзүн бир күн мурда ооган армиясынын жаңылыш аба соккусунан улам Нангархар провинциясында 30 кишинин өмүрү кыйылгандан кийин айтып жатат.... Читать дальше...

Жергиликтүү кеңешке талапкерлер аялдарга берилген квотага каршы

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын, Алдашев айылдык кеңешине талапкерлерлер “Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы бийлик бутактарына кайрылуу жасашты. 70ке чукул талапкердин колу коюлган кат президентке, Жогорку Кеңешке жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн. Анда “жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун” деген өзгөрүүгө макул эмес экендиктерин билдиришкен. “Бир шайлоо округунан үчтөн аял добушка ээ болбосо дагы тоскоолдуксуз депутат болушу... Читать дальше...



Жээнбеков менен Путин кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Оренбург облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы, актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы кабарлады. Путин өлкөлөрдүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыгы уланып жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан менен аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгы дагы жакшы жагынан уланып жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ушул күндөрү Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти. Тыныбекова беттештин биринчи айлампасында 2:1 эсебинде алдыга чыкты. Экинчи айлампа ортолоп калганда Айсулуу дагы бир упайга ээ болду. Читать дальше...

136 МВт электр энергиясын пайдаланган 45 майнинг компания жабылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда136 МВт көлөмүндөгү (1 млн кВт) электр энергияны пайдаланган 45 майнинг компания жабылды. Бул тууралуу парламентте, КСДП фракциясынын жыйынында Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров билдирди. Депутат Төрөбай Зулпукаров өлкөдө майнинг компаниялар менен биткоинге уруксат берилген-берилбегенине кызыкты. Ал “Мындай компаниялар өтө көп экен, тийиштүү чара көрбөйсүӊөрбү”, - деп суроо салды. Назаров мыйзамда “майнинг” деген түшүнүктүн жок экенин билдирди. “Биз электр... Читать дальше...

Габышев диспансерден бир суткага чыгарылды

Azattyk.org 

Бурятияда кармалган бакшы Александр Габышев психоневрологиялык ооруканадан бир суткага чыгарылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришкен. Маалыматка ылайык, Габышев бошонгондон кийин жакындарына байланышып, эртең кайра ооруканага келерин билдирген. Ал ошондой эле өзүн "саясий түзүлүштү кулатууга аракет кылганы үчүн" соттошорун айткан. "ВКонтакте" баракчасында бакшынын видео тасмасы жарыяланды. Анда ал Якутияга жеткирилгенин, баары жакшы экенин айткан: -Баары мыйзам боюнча болду, мага жакшы мамиле кылышты. Читать дальше...

УКМК Атамбаевдин иштен алынган жансакчысы боюнча маалымат берди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Канат Сагымбаевдин иштен алынышы боюнча маалымат таратты. Анда айтылгандай, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган. Ал... Читать дальше...

Сирия жаңжалы: атаандаш резолюциялар

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы куралдуу кагылышты токтотууга багытталган эки резолюция сунушталып, экөө тең колдоо тапкан жок.

Жумабеков: Парламентти таратууга негиз жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрасы Дастан Жумабеков парламентти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок деп эсептейт. Спикердин мындай позициясын парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу таратты. Жумабеков ЖКны таратуу боюнча демилге же сунуш жок экенин жана парламентти таратуунун жол-жобосу Баш мыйзамда так белгиленгенин айткан. Мунун алдында айрым жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Кыргызстанда парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу ыктымалдыгын жазышкан. Буга парламенттин... Читать дальше...

Павел Устинов үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Москва шаардык соту оппозициянын акциясына катышканы үчүн соттолгон Павел Устиновду үй камагына чыгарды. Анын бөгөт чарасын жумшартууну актёрдун адвокатынын өтүнүчү менен прокуратура соттон сураган. Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта, Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган. Устиновго «аны кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган, денесине залал келтирген» деген айып коюлган. Читать дальше...

Казакстандын Башкы прокуратурасы "мыйзамсыз митингдерге" катышпоого чакырды

Azattyk.org 

Башкы көзөмөл органы "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын 21-сентябрга белгиленген мыйзамсыз митингине катышпоого үндөдү. Баш прокурордун орун басары Берик Асыловдун мамлекеттик маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүсүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына эскертүү берилип, тартип коргоо органдары "мыйзамсыз митингдердин алдын алуу үчүн катаал чараларды көрөрү" айтылган. Ошондой эле мындай акциялардын катышуучулары тиешелүү жоопко тартылары белгиленген. «Бузуку күчтөр социалдык жана этникалык жиктөөгө аракет кылып... Читать дальше...

Кургак учукту дарылаган тогуз оорукана кыскарды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку жылдары кургак учукту дарылаган тогуз оорукана кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Улуттук фтизиатрия борбору кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 1998-2016-жылдары өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны үч эсе азайганы менен ооруканаларга мамлекеттен бөлүнүүчү каражаттын суммасы ошо бойдон кала берген. Кээ бир ооруканаларда орундардын 30-50% бош турган. “Өкмөт чечкиндүү кадамга барып, 2017-жылы кургак учукка каршы кызмат оптимизация боло баштады. Бүгүнкү күндө ооруканалардын саны 29дан 20га түштү. Читать дальше...

Түркияда мигранттар билеттен күйдү

Azattyk.org 

Түркиянын Анкара шаарында эмгектенген ондогон кыргызстандык мигранттар учакка билет сатып алмакчы болуп мекендешине алданып калганын айтып чыгышты. Мигранттардын акчасын алган жаран менен учурда эч кандай байланыш жок.

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу финалда күрөшөт

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күрөшөт. Финалдык таймаштар бүгүн, 20-сентябрда кечки саат 18:00дө башталат. Таймаштын жүрүшүн Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтынан түз эфирде көрсөтөт. Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнө 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып жатат. Буга чейин төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын жеңип, мелдештин финалына чыккан. Читать дальше...

Базар-Коргонго башчы токтободу

Azattyk.org 

Базар-Коргон айыл өкмөтүндө, айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарган адам эки жарым жыл ичинде сегиз жолу дайындалды.

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сууга коё берүүгө даярданууда

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жапониянын NHK телеканалы өз булактарына таянып билдирди. Маалымат Түндүк Кореянын чыгышындагы Синпхо портунун спутниктен тартылган сүрөттөрүн иликтөө учурунда алынган.  Тасмаларда 13 түркүгү жана жүз метрге чамалуу чатыры бар имарат көрүнүп турат. Телеканалдын булактары бул имарат суу астында жүрүүчү кайыктарга ылайыкташтырылып, алардын бортундагы баллистикалык ракеталарды өнүктүрүү үчүн курулган болушу ыктымалдыгын айткан. Пхеньян суу астында жүрүүчү жаңы кеме куруп жатканын... Читать дальше...

Бишкекте климаттык фестиваль өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта климаттык фестиваль өтүп жатат. Алгачкы жолу өтүп жаткан иш-чара «Жашоо климаты» долбоорунун алкагында Бишкек мэриясы менен чогуу уюштурулуп жатат.  Фестивалда Туруктуу өнүгүү үчүн жашыл альянстын жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы коомдук уюмдардын 30дан ашуун мүчөлөрү климатты жөнгө салууга багытталган иш-чараларды өткөрөт. Буга байланыштуу жармаңке, жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ачык асман алдында тасма тартууланат. Шаардыктар менен конокторго экология темасында оюн-зоок... Читать дальше...

АКШда баш калкалап жүргөн пакистандык укук коргоочу күрөшө берерин билдирди

Azattyk.org 

Бир нече ай мурун АКШга качып келген укук коргоочу Гүлалай Исмаил Пакистанда демократия орнотуш үчүн күрөшүн токтотпосун билдирди.  - Мен күрөштү андан ары улантыш үчүн качып келгенмин. 15 жылдан бери элимдин укугу үчүн күрөшүп жүрөм, мен аны улантам, - деди Исмаил «Машаал» радиосуна.  Исмаил өткөн жылы августта Пакистанда митингге катышкандан кийин «мамлекетке каршы ишмердүүлүк кылган» деп куугунтукталган. Ал Нью-Йоркко келип, качкын макамын сураган. Укук коргоочу өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн, досторунун... Читать дальше...

Климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акцияга Бишкекте уруксат берилген жок

Azattyk.org 

Бишкекте климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акция-жүрүшкө уруксат берилген жок. Бул тууралуу уюштуруучулар “Твиттердеги” баракчасына жазышты. Калаа мэриясы Биринчи май райондук сотунун 30-сентябрга чейин шаардын борбордук бөлүгүнө чогулууга, митингдин бардык түрүн өткөрүүгө тыюу салган чечимин жүйө келтирип жатат. Уюштуруучуларга акцияны шаардын башка бөлүгүндө өткөрүү сунуш кылынган. Бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө экологияны коргоо максатында, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүүгө чакырган акциялар өтүп жатат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *