Кой-Таш окуясын иликтей турган комиссия ушул жумада ишин баштайт
7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны ушул жума ичинде болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Аталган комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 29-августта түзүлгөн. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров кирген. Читать дальше...