Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2019

Новости за 01.11.2019

Опера менен балетти бапестейли

Azattyk.org 

Ушул убакытка чейин опера жана балетти жанынан көрө элек болсоңуз, алар тууралуу көп кызыктарды билбесеңиз - бул берүү сиз үчүн. Искусство деп күйгөн жаштарды "Азаттык+" кепке тартты.

Кыргызстан Кытайдын Шинжаң саясатын колдоду

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоп чыкты. Бишкек Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган Орусия, Мьянма жана Беларус сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду. Ошол эле кезде башка 23 мамлекет Кытайдын аракетин сынга алышты.

Казак президенти күйөө баласын Болгарияга элчи кылды

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-ноябрда бир нече өлкөгө жаңы элчилерди бекитти. Алардын бири – Болгариядагы элчиликке дайындалган Темиртай Избастин өзүнүн күйөө баласы экени маалым болду.  «Азаттыктын» казак кызматы ачык маалымат булактарына таянып, Избастин президент Токаевдин кичүү карындашы Карлыгаш Токаеванын күйөөсү, экөөнүн үч баласы бар экенин жазды. Казак маалымат каражаттары 2013-жылы Токаевдин уулу Тимур жана Избастиндин уулу Мухамед Атырау облусунда ишмердик жүргүзгөн... Читать дальше...

ФСБ полковниги миллиарддаган рублди мамлекетке төгөт

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) полковниги Кирилл Черкалин мамлекеттин акчасын кайтарып берет. Ал кайтарган 6,1 миллиарддык сумманын ичинде рубль, евро жана фунт стерлинг да бар. Полковник кымбат баалуу Porsche Cayenne автоунаасын, андан тышкары кол сааттары баштаган асем жасалгаларын да казынага өткөрөт. Тинтүү учурунда табылган башка каражаттарды ал мойнуна албаганы кабарланат. ФСБнын «К» башкармалыгынын банктык бөлүмүн башкарган Черкалин быйыл апрелде кармалып, камакка алынган. Читать дальше...

Бердиев: милициянын аты булганбаса

Azattyk.org 

Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө быйыл 95 жыл болду. Бул жылдар аралыгында милиция көп сыноолорду баштан кечирди. Майрамды утурлай кыргыз милициясында кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан ардагерлер менен жолугуп, баарлаштык. Алардын бири 30 жылдык өмүрүн милиция кызматына арнаган отставкадагы полковник Нурали Бердиев.

Милиция таза иштесе ишкерлер качпайт

Azattyk.org 

Президент Cооронбай Жээнбеков милициядагы коррупцияны жоюу зарыл экенин билдирди. Ал кадрлардын сапатын жакшыртуу жаатында олуттуу кадамдар зарылдыгын эскертти. Мындай маселе акыркы убакта ишкерлердин коопсуздугуна байланышкан окуялардан улам көтөрүлүп жатат.



Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоп чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын Бириккен Улуттар Уюмунда колдоп чыкканы белгилүү болду. Өлкө Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган Орусия, Мьянма, Түндүк Корея жана Беларус сыяктуу 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду. Улуттар Уюмунда өткөн жыйында Борбор Азия чөлкөмүнөн Кытайдын саясатын колдоп Кыргызстандын гана өкүлү сөз алып сүйлөдү: “Кыргыз Республикасы Шинжаң-Уйгур автоном районунун маселелерин түздөн-түз Кытайдын ички иши деп санайт жана Кытай өкмөтүнүн маданиятынын... Читать дальше...

Бишкек Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоду

Azattyk.org 

БУУда Кыргызстан Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоп чыкты. Пакистанда исламчылар өкмөткө нааразы. Өзбекстандык укук коргоочу Агзам Тургуновго эл аралык “Адилеттүүлүк тарыхы” сыйлыгы ыйгарылды. Нью-Йорктун шаар бийлиги фуа-грага тыюу салды.

Абылгазиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоону тездетүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-өзбек чек арасын тактоо ишин ыкчамдатууну сунуш кылды. Бул тууралуу 1-ноябрда Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккан учурда айтты.  Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиев Ташкентке Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барды. Жыйындын алкагында өзбек мамлекет башчысы менен жолукту.  Эки өлкө тең СССРдин курамынан 1991-жылы бөлүнүп, эгемендик алган. Читать дальше...

Түрк-орус аскерлери Сирия чегинде биргелешкен күзөтүн баштады

Azattyk.org 

Түркия менен Орусиянын аскерлери 1-ноябрдан тарта Сириянын түндүк-чыгышындагы чек ара аймагын биргелешип кайтарууну баштады. Түркиянын коргоо министрлигинин «Твиттердеги» аккаунтунда биргелешкен күзөт жерде да, аба мейкиндигинен да жүргүзүлөрү жазылды. Бул кабарды Орусиянын коргоо министрлиги ырастады. Тараптар биргелешип 110 чакырымдан ашуун аймакка көз салышат. Түркия Сириянын түндүк-чыгышындагы күрд кошуундарын "террорчу" санап, аларга каршы "Тынчтык булагы" операциясын 9-октябрда баштаган. Читать дальше...

Милициянын ардагерлери үйсүз калганы турат

Azattyk.org 

Чолпон-Атада милициянын 12 ардагери үйсүз калышы мүмкүн. Мындан 24 жыл мурда милиция кызматкерлерине берилген бала бакчанын мурдагы имаратын мамлекет кайра өзүнө кайтарып алууну көздөөдө. Эки жолу соттук отурум болуп, анда имарат жергиликтүү бийликтин эсебине кайтарылсын деген чечим чыккан. Учурда ардагерлер кимге кайрыларын билбей турган чагы.

Ошто үч эм төрөлдү

Azattyk.org 

Ош шаардык төрөтканасында 28-октябрда үч эм туулду. Балдардын апасы 28 жашта. Биринчи ымыркай 1,770 кг, экинчиси 2,690 кг жана үчүнчү баласы  2,855 кг салмак менен жарык дүйнөгө келген. Азыркы тапта, эненин жана балдардын ден соолугу жакшы. Эскерте кетсек, Ош шаардык перинаталдык борборунда ушул жылы үч эмдин туулушу экинчи жолу катталууда. Өткөн 2018-жылы аталган борбордо үч эмден төрөлгөн үч учур катталган.  (TSh)

Ош: милиция - коомдун жүзү

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгын белгилешти.

Хеллоуин гонконгдук демонстранттарга шылтоо болду

Azattyk.org 

Гонконгдогу жүздөгөн демонстранттар Хеллоуин майрамын пайдаланып, 31-октябрда көчөгө жүздөрүн жаап чыгышты. Муну менен активисттер беткап тагынып көчөдө жүрүү укугун талашып жатышат. Гонконгдогу нааразылык акциялары быйыл март айынан бери уланууда. Атайын административдик аймактын тургундары «Кытайдын таасиринин артып баратат, эркиндигибиз, укуктарыбыз чектелүүдө» деп көчөгө чыгышкан.  Гонконг көчөлөрүндөгү камералар адамды жүзүнөн таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан жүрүштүн айрым катышуучулары... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Сеидбек Атамбаевдин ишканасы төрт жыл бою текшерилген эмес

Azattyk.org 

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Сеидбек Атамбаевдин «Автомаш-Энерго» ишканасына жүргүзүлгөн тинтүү боюнча комментарий берип, ал жерде 2015-жылдан бери салыктык текшерүү жүргүзүлбөгөнүн билдирди. Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 2004-жылы Атамбаевдин баласы «Автомаш-Энергонун» 75% үлүшүнө ээлик кылып, ишкананын кожоюндарынын бири болуп калган.   «23-августта «Автомаш-Энергонун» мүлкү камакка коюлуп, салыктык текшерүү бекитилген. Ишкананын жетекчилиги ар кандай... Читать дальше...

Иракта нааразылык жүрүштөрү уланууда

Azattyk.org 

Ирактагы нааразылык акциялары 1-ноябрда да уланды. Багдаддын көчөлөрүнө чыккандар премьер-министр Адел Абдул Махдинин өкмөтүн таратууну талап кылып жатышат. - Биздин өкмөт ак ниет эмес. Жалаң эле Адел Абдул Махди коррупционер эмес, Иракты башкарган саясатчылардын баары коррупцияга баткан. Биз Абдул Махдини гана четтетпестен, бардык жемкор саясатчылардын тамырын кырккыбыз келет, - деди атын атабаган демонстранттардын бири.  Октябрдын алгачкы күндөрүндө башталган толкундоолор бир нече убакытка токтоп... Читать дальше...

«Азаттыктын» тажик кызматынын журналисттери аккредитация ала албай жатат

Azattyk.org 

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «Азаттыктын» тажик кызматынын («Озоди») айрым журналисттерине аккредитация берилбей жатканын сынга алды. Бул тууралуу Флайдын Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге жазган катында камтылат. «Эркин Европа/Азаттык» радиосу Тажикстандагы окуяларды чагылдырууда басымга багынбасын ырастап, министрликти «Озодинин» бардык кызматкерлерине журналисттик ишмердүүлүгүн жүргүзүшүнө тез арада уруксат берүүгө чакырган. Тажикстандын... Читать дальше...

УКМК: Тажикстанда кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды

Azattyk.org 

Тажикстандын аймагында жүрүп кармалган кыргызстандык Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.   31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын тийиштүү органдары, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдө кыргыз жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Каримов Тажикстандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, 1-ноябрь күнү кыргыз тараптын чек ара кызматкерлеринин колуна өткөрүлүп берилди. Читать дальше...

Сурамжылоо: президентке көпчүлүк Матраимов жөнүндө суроо бергиси келет

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда өлкөдөгү маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугары кабарланган. Анын алдында 24.kg маалымат агентиги интернет колдонуучулар кандай суроо бергиси келет деген сурамжылоо жүргүзүп жатат. 24.kg социалдык тармактарда көп талкуу болуп жаткан беш суроо салган. Агенттиктин сайтында, добуш бергендердин 40% (425 добуш) Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жөнүндө, тактап айтканда массалык маалымат каражаттарында айтылган фактыларга... Читать дальше...

Өзбекстандык укук коргоочу «диктатордук бийликке каршы эрдиги» үчүн сыйланды

Azattyk.org 

Өзбекстандык укук коргоочу Агзам Тургуновго эл аралык «Адилеттүүлүк тарыхы» сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыкты «People in Need» уюму 31-октябрда тапшырды. Прага шаарында жайгашкан уюм 15 жылдан бери аталган сыйлыкты «тоталитардык режимдердин куугунтугуна кабылган» адамдарга ыйгарып келет. Агзам Тургунов «диктатордук бийликке каршы күрөштө көрсөткөн эрдиги үчүн» ушул наамга татыганы кабарланды. 66 жаштагы Тургунов Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда, 2008-жылы... Читать дальше...

Орусиянын Киселевск шаарынын экс-мэрин атып кетишти

Azattyk.org 

1-ноябрга оогон түнү Орусиянын Киселевск шаарында эки киши октон набыт болушту. Алардын бири шаардын мурдагы мэри Сергей Лаврентьев экенин Кемерово облусунун Тергөө комитети аныктады. Тергөөнүн маалыматына караганда адегенде Лаврентьевдин жубайы үйүнүн короосунан колчырак кармаган эки кишинин караанын көргөнүн күйөөсүнө айткан. Экс-мэр аңчылык мылтыгын алып сыртка чыккандан аз өтпөй бир нече ирет ок атылган. Лаврентьевдин жубайы короого чыгып, күйөөсүнүн, андан алыс эмес жерде дагы бир кишинин жансыз денесин көргөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *