Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2019

Новости за 14.11.2019

JIT MH17 учагы боюнча жикчилдердин жаңы сүйлөшүүсүн жарыялады

Azattyk.org 

«Малайзия аба жолдорунун» MH17 учагынын кырсыкка кабылышы боюнча Нидерланддар жетекчилик кылган Эл аралык иликтөө тобу (JIT) Украина чыгышындагы жикчилдердин жаңы сүйлөшүүсүн жарыялады. Алар иликтөөсүнө таянып, өзүн-өзү «республика» деп жарыялап алган «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасынын» лидерлери орусиялык аткаминерлер менен байланышта болгон деп божомолдойт. 2014-жылдын июлундагы сүйлөшүүдө өзүн «Моңгол» деп атаган «ДНР» аймагындагы жикчил белгисиз адамдарга «аймакка... Читать дальше...

Европол мигранттарды мыйзамсыз ташыган топ боюнча иликтөөсүн чыгарды

Azattyk.org 

Европа биримдигинин укук коргоо органдары Батыш Европага мигранттарды жүк ташуучу машинелер менен мыйзамсыз ташыган кылмыштуу топко байланыштуу иликтөөнү акырына чыгарды. Европолдун 14-ноябрда кабарлашынча, Румыниянын полициясы 580дей мигрантты Европага Румыниянын батышындагы Тимишоара шаары аркылуу мыйзамсыз киргизип, чыгарып турган кылмыштуу топтун төрт мүчөсүн кармады. Мигранттарды мыйзамсыз ташып келүү боюнча иликтөөнү Германия өткөн жылы баштап, ага Австриянын, Грециянын, Чехиянын, Венгриянын... Читать дальше...

Түркияда ИМ тобунун мүчөсү катары кармалган 23 кыргызстандык бар

Azattyk.org 

Түркия абактарында отурган “Ислам мамлекети” террордук уюмунун 956 мүчөсүн өз өлкөлөрүнө экстрадициялоону улантат. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, алардын арасында Кыргызстандын 23 жараны бар. Ошондой эле Казакстандын 10, Өзбекстандын 82, Түркмөнстандын 6, Орусиянын 99 жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Анкара “Ислам мамлекети” террордук тобунун мүчөлөрү катары кармалып турган чет өлкөлүк жоочуларды өз өлкөлөрүнө 11-ноябрдан тарта депортация кыла баштады. Өткөн аптада түрк ички... Читать дальше...

Молдовада жаңы өкмөт кызматына киришти

Azattyk.org 

Молдованын парламенти мурдагы каржы министри жана президенттин кеңешчиси Ион Кику баштаган жаңы өкмөттү бекитти. Жаңы министрлер кабинетин 101 депутаттын 62си колдоду. Ион Кикунун талапкерлигин премьер-министрликке 13-ноябрда президент Игорь Додон сунуштаган. Ал 47 жаштагы жаңы премьер-министрди «бир да саясий партияда жок технократ жана кесипкөй» деп баалады. Жаңы өкмөттүн курамындагы министрлердин көбү - орусиячыл президент Игорь Додондун мурдагы жана азыркы кеңешчилери. Молдовада парламент... Читать дальше...

Импичмент ишиндеги коомдук угууда "маанилүү күбө" суралат

Azattyk.org 

Америкалык конгрессмен, Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөдө көрсөтмө берүү үчүн АКШнын Украинадагы элчилигинин кызматкери чакырылганын билдирди. Ал аны “маанилүү күбө” деп сыпаттады. Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланыштуу ачык коомдук талкуулар 13-ноябрда башталды. Анын биринчи күнүндө АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор маанилүү бурулушка алып келчү билдирүү жасады. Ал Трампты Украинага... Читать дальше...

Киев: сот журналист Бабченкону өлтүрүүнү уюштурган деген адамды бошотту

Azattyk.org 

Украин соту 2018-жылы орусиялык журналист, Кремлди сындап жүргөн Аркадий Бабченконун көзүн тазалоо үчүн орусиялык атайын кызматтар азгырган деп шектелген Борис Германды камактан чыгарды. Киев прокуратурасынан маалымдагандай, шаардык апелляциялык сот 13-ноябрда Германды саламаттыгына байланыштуу бошоткон. Мындан башка маалымат берилген жок. Соңку эки жылдан бери өз ыктыяры менен Украинада бозгунда жүргөн орусиялык диссидент журналист Аркадий Бабченко Киевден ушул айдын башында чыгып кеткен. Ал муну... Читать дальше...

Орусияда коллежде атышуу болду

Azattyk.org 

Орусиянын Благовещенск шаарындагы коллежде 14-ноябрда атышуу болуп, бир адам мүрт кетти. Гонконгдо окуу жайлар убактылуу жабылды. Газа тилкесинде кырдаал бир аз тынчыды. Британиялык «Hermitage Capital» фондунун юристи Сергей Магнитскийдин Москванын тергөө абагында каза тапканына 10 жыл болду.



"Мени Сириядан алып кеткиле"

Azattyk.org 

“Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна азгырылып кошулган, жихадчылардын торуна алданып түшүп калгандардын үй-бүлөлөрү кыргыз бийлигине кайрылып жакындарын алып келүү үчүн жардам сурап жатышат. Эмне себептен кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстандын бул багыттагы аракеттери кечеңдеп жатат?

Футбол: Жапония Кыргызстанды утту

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип жеңишке жетти. 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болгон беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү Жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок. Читать дальше...

Футбол: бүйүр кызыткан мүнөттөр

Azattyk.org 

2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командалары оюнду баштады.

Парламент эмки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2020-жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Ага депутаттардын 107си макул болсо, экөө каршы добуш беришти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин парламент жыйынында айтканына караганда, 2020-жылга ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүш темпи 5% болот. Номиналдык көлөмү 667,1 млрд. сомду түзөт деп күтүлүүдө. Өкмөт эмки жылы инфляция 3,7% деңгээлден ашпай, бюджеттин киреше бөлүгү 163,7 млрд. сом болот деп болжолдоп жатат. - 2019-жылга салыштырмалуу 8,4 млрд. сом өсүш болот, - деди премьер-министр. Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан - Жапония 0:2 (сүрөт баян)

Azattyk.org 

Ушул тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип алдыда бара жатат. 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болуп жаткан бул беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок. Читать дальше...

Орусия Сириянын түндүгүндө тик учак базасын түзөт

Azattyk.org 

Орусия өткөн айда америкалык аскерлер чыгарылып кеткен Сириянын түндүк-чыгыш аймагындагы Камышлы шаарында тик учак базасын түзөт. Коргоо министрлигинин "Звезда" телеканалы базага согуштук тик учактар конуп жатканын көрсөттү. Алардын арасында "Ми-35" согуштук, "Ми-8" транпорттук жана башка тик учактар бар. АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын түндүгүнөн америкалык аскерлерди шашылыш чыгарып кеткенден бир айдан кийин Камышлы шаарынын аба бекетине орусиялык тик учактар жайгашып отурат. Орусия... Читать дальше...

Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын түрмөлөрүндө өмүр бою эркинен ажыратылган 346 адам бар. Алардын баары эркектер. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Талаай Нуралиев «Кабар» агенттигинде өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Нуралиевдин маалыматында, жалпы соттолгондордун саны - 9 902 киши. Алардын арасынан 1632си тергөө абагында, 2031 киши жатак абагында кармалып турат. 427 киши терроризмге байланыштуу соттолгон. (TSh)

Хорватияда декабрда президенттик шайлоо өтөт

Azattyk.org 

Хорватияда президенттик шайлоо 22-декабрга белгиленди. Бул тууралуу премьер-министр Андрей Пленкович 14-ноябрда жарыялады. Президенттик шайлоодо негизги атаандаштык оңчул-борборчул Хорватия демократиялык биримдигинин талапкери Колинда Грабар-Китарович менен Социал-демократиялык партиянын талапкери, мурдагы премьер-министр Зорана Милановичтин ортосунда болот. Хорватияда президенттик кызматтын ыйгарым укуктары чектелүү. Президент мыйзамдарга вето коё албайт, ошол эле кезде тышкы жана коргонуу саясатын жүргүзүүдө ыйгарым укуктары бар. Читать дальше...

Трамп менен Эрдоган эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын Орусиядан ракетага каршы С-400 системасын сатып алышы олуттуу маселе жаратканын, бирок аны чечүүгө болот деп үмүттөнөрүн айтты. Трамп бул тууралуу 13-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Ак үйдө жолуккандан кийин билдирди. Лидерлердин жолугушуусу НАТО боюнча өнөктөш эки мамлекеттин алакасы соңку он жылда абдан солгундап кеткен маалга туш келди. Жолугушуудан кийин Эрдоган «С-400 жана F-35 боюнча биз туш болгон маселелерди диалог аркылуу гана чече алабыз» деген пикири менен бөлүштү. Читать дальше...

Казакстан: камактагы жарандык активисттин дайыны белгисиз

Azattyk.org 

Казакстандык укук коргоочулар Акмоло облустук полициясынын «камактан чыгарына бир күн калган жарандык активист Дулат Агадил түрмөдөн качып кетти» деген маалыматына тынчсыздануусун билдирүүдө. Активисттин жубайы Гүлнар Касымханова жана ондогон жактоочусу Нур-Султан шаарындагы Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин имаратына чогулушуп, Агадилдин кайда экендиги тууралуу кенен маалымат берүүнү талап кылышты. Ички иштер министрлигинин өкүлү Карим Касымовдун айтымында, Агадил 13-ноябрда камерадан чыгып... Читать дальше...

Багдаддагы кагылышууда эки адам набыт болду

Azattyk.org 

Ирактын баш калаасы Багдадда 14-ноябрда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышып, эки адам курман болду. Жарадарлардын саны 40тан ашканын жергиликтүү бийлик билдирди. Маалыматтарда окуя Тахрир аянтынан алыс эмес жерде болгон. Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо бери дегенде 320 адам мерт болду. Демонстрациялар негизинен Багдадда... Читать дальше...

Ирандагы жол кырсыгынан 28 оогандык көз жумду

Azattyk.org 

ILNA маалымат агенттиги кабарлагандай, Ирандын түштүк-чыгышындагы жол кырсыгынан 28 ооган жараны каза тапты. Ошондой эле дагы 21 киши жаракат алган. Эки кичи автобус кагышкан окуя ноябрдын башында Систан-Белужистан провинциясынын Хаш шаарына жакын жерде болгон. Бул тууралуу эми гана маалым болуп отурат. Кырсык болгон автожолду адам сатуу менен алектенген топтор тышка кеткиси келген ооган мигранттарын мыйзамсыз өлкөдөн чыгаруу үчүн да колдонушат.   Иранда жыл сайын жол кырсыгынан 17 миңдей киши көз жумат. Читать дальше...

Москвада тай боксу чемпиону Ашот Болянды атып кетишти

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комититетинин басма сөз катчысы Юлия Иванованын 14-ноябрда «Интерфакс» агенттигине билдиргенине караганда, Ашот Болянды бир күн мурда Москванын түштүк-батыш аймагынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Аталган органдын маалыматында спортчуну көп кабаттуу үйдүн жанында өлтүрүп кеткен окуя боюнча тергөө иштери башталды. Спортчунун өлүгү өз машинесинен табылган.  Улуту армян, 40 жаштагы Ашот Болян тай боксу боюнча үч ирет дүйнө чемпиону болгон. Ал тай боксунан 2004-жылы кеткен жана ошондон бери Орусияда жашап келген.

Төрт өмүрдү алган табышмактуу кырсык

Azattyk.org 

Бишкек -Торугарт жолунда 9-майда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча сот процесси башталды. Укук коргоо органдары кырсыкта эки машиненин тең айдоочулары каза болгонун кабарлаган. Бирок жакындары каза тапкан Кемин районунун тургундары бул маалыматты четке кагып, экинчи автоунаанын айдоочусу тирүү экенин жана айыпты өлгөн адамга жүктөп, жазасыз калуу аракетин көрүп жатканын билдиришүүдө. 13-ноябрда аталган ишти Кемин райондук соту карады.

Кыргызстандын волейболчу кыздары коло байгелүү болду (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын аймактык чемпионатында (Борбордук зона) коло байгеге ээ болду. Кыргызстандын Волейбол федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш ушул күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп жатат. Мелдешке Ооганстандын, Мальдивдин, Бангладештин, Непалдын жана Кыргызстандын командалары катышты. Тайпалык мелдеште командалар өз ара бирден оюн ойношту. Кыргызстандын командасы тайпалык мелдеште Ооганстанды утуп (3:0), Непал (0:3)... Читать дальше...

Благовещенскиде коллеждин студенти ок атып эки киши көз жумду

Azattyk.org 

14-ноябрда Орусиянын Амур облусунун борбору Благовещенск шаарында коллеждин студенти өзүнө катталган мергенчилик мылтыгынан ок аткан окуядан бир киши өлүп, үчөө жарадар болду. Баштапкы маалыматтарда ок аткан студент өзүн да атып салган. Ал эми жараланган студенттер 17, 19 жана 20 жашта болушкан жана алардын экөөнө операция жасалган. Күбөлөрдүн айтымында, окуя эртең мененки саат 10дордо Амур курулуш жана коммуналдык чарба коллежинде болгон. Айрым маалыматтар боюнча студент сабакка кечигип келгени үчүн... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *