Кабулда БУУнун машинесине кол салышты, бир киши мүрт кетти
Кабулда жекшембиде БУУнун машинеси жардырылганда кеминде бир чет өлкөлүк киши каза тапты. Ооганстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насрат Рахиминин айтымында, 5 киши, анын ичинде БУУнун оогандык эки кызматкери жарадар болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок ооган баш калаасында «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму менен «Талибан» кыймылынын согушкерлери буга чейин теракттарды уюштуруп келишкен. Ал ортодо Дайкунди чөлкөмүндө талибдер текшерүү пунктуна кол салышканда бери дегенде 8 жоокер окко учту. Читать дальше...