Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2019

Новости за 02.11.2019

Жөжө акындын эки элге калтырган мурасы

Azattyk.org 

Насили кыргыз Жөжө акындын өмүр жолун, чыгармачылыгын изилдеп жүргөн Жоомарт Бейшеналиев “Азаттыкка” келип жасалып жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Маданияттын мактанычы жана арманы

Azattyk.org 

2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Майрамга карата бүгүн Улуттук филармонияда салтанаттуу жыйын өттү. Майрамдык иш-чарага республика боюнча маданият өкүлдөрү чогулуп, парламент төрагасы, президенттин, өкмөттүн өкүлү катышты.

Жээнбеков оппозициянын күчүнө ишенет

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга видеокамера, микрофон жана фотоаппаратты алып кирүүгө уруксат берилген жок. Буга Жээнбековдун медиа өкүлдөрү менен ачык баарлашууну каалаганы себеп болгон.

Бето О'Рурк АКШ президенттигине ат салышуудан чыкты

Azattyk.org 

АКШ президенттигине демократтардын атынан ат салышкан мурдагы конгрессмен Бето О'Рурк талапкерлигин алып койду. Бул тууралуу ал 1-ноябрда билдирди.  Ал тарапкерлерине кайрылып, шайлоо өнөктүгүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү аз экенин айтты. Шайлоодо демократтардын талапкерин колдорун белгилеп, өзү Сенатка шайлоого бара турганын кошумчалады.  2020-жылы өтө турган президенттик шайлоодо республикачылардын жалгыз талапкери, азыркы президент Дональд Трампка демократтардан жыйырмадан ашуун саясатчы атаандаш болууну көздөп турат.

Жээнбеков Ататүрк паркынан алган жер тууралуу комментарий берди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги Ататүрк паркынын аймагынан алынганы айтылган участок тууралуу комментарий берди. Жер мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда (2003-жылы) депутаттарга берилгенин айтты.  Ал кезде мамлекет башчы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.  2-ноябрда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери жана чет элдик басылмалардын кабарчылары менен жолугушкан кезде Kloop сайтынын редакторунун суроосуна ушундай жооп берди: - Дарак өспөгөн, асфальт жер болчу, үй салган эмесмин. Читать дальше...

Бишкек-Вашингтон кызматташтык келишимине байланыштуу иш уланууда

Azattyk.org 

Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер уланууда. Президент Сооронбай Жээнбеков АКШ тарап сунуш кылган долбоор өкмөттө каралып жатканын, анда Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алууга көңүл буруларын белгиледи. Бул тууралуу ал 2-ноябрда медиа өкүлдөрү менен жолукканда айтты.  Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге байланышкан иштер ортолоп калганы июлда расмий кабарланган.  Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы... Читать дальше...

Жээнбеков: Шайлоо босогосу тууралуу кийин айтам

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков медиа өкүлдөрү менен жолукканда шайлоо босогосу тууралуу айтар сөзү бар экенин, аны парламенттеги жана коомдо болуп жаткан талкуулардын соңунда айтарын билдирди. Кыргызстандын президентин, Жогорку Кеңешин, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Ош шаары менен Бишкек шаарынын макамы боюнча жалпысынан жети мыйзамга өзгөртүүлөрдү камтыган топтомду президентке караштуу жумушчу топ депутаттар менен бирге иштеп чыккан. Анда утуп чыгуу босогосу жети пайыздан тогуз пайызга жогорулатылган.​... Читать дальше...



Израил Газа тилкесине жооп иретинде сокку урду

Azattyk.org 

1-ноябрдын кечинде Газа тилкесинен Израилдин түштүк тарабындагы райондорго бери дегенде 10 ракета атылды. Анын көбүн Израилдин абадан коргонуу системасы уруп түшүрдү. Биринин соккусу турак жайга тийгенин, саламаттыгынан жабыркагандар жоктугун маалымат каражаттары жазышты.  2-ноябрда эртең менен Израил Газа тилкесине абадан сокку урду. Израил аскерий күчтөрү ХАМАС исламчыл тобуна тиешеси бар объектилер бутага алынганын билдиришти. Палестиналык жайкын тургундар арасынан бир адам өлүп, экөө жарадар болгону кабарланды. Читать дальше...

Жээнбеков Матраимовдордун иши текшерилип жатканын билдирди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун мүлкүнө байланыштуу маалыматтарды чет өлкөлөрдөн да тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу 2-ноябрда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушкан учурда айтты. Текшерүүлөргө жараша жыйынтык болорун белгиледи. "Матраимовдун өзү да, бир туугандары да текшерилди. Февралдан бери текшерүү жүрүп жатат. 24 млн. сом салыгы бар экен, аны төгүп жатат", - деди мамлекет башчы.... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолорго кар жаайт

Azattyk.org 

3-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...5, күндүз 11...16, Нарын жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 10...15, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5...-10... Читать дальше...

Абылгазиев ШКУда экономикалык кылмышка каршы орган түзүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынында экономикалык кылмыштарга биргелешип күрөшүү маселесин көтөрдү. Уюмга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында сүйлөгөн Абылгазиев ШКУнун экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү органын түзүү демилгесини көтөрдү.: "Экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ, баңгизатын сатуу, аткезчилик жана мыйзамсыз кирешелер сыяктуу башка кылмыштарга байланышы бар жана мамлекеттердин коопсуздугуна... Читать дальше...

“Үмүт 2020” саясий чөйрөнүн тазаланышын каалайт

Azattyk.org 

Жаңы түзүлгөн «Үмүт 2020» кыймылы Бишкекте өзүнүн кеңсесин ачып, коомчулукту коомдогу терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө үндөдү. Алардын негизги максаты – азыркы парламенттеги депутаттардын былык иштерин ачып, элди 2020-жылдагы шайлоодо таза депутаттарды тандоого чакыруу. Бул кыймылдын түзүүчүсү мурдагы парламент депутаты Ширин Айтматова. Айтматова буга чейин айрым саясатчылар, депутаттар жөнүндө иликтөөсүн жарыялаган.

ШКУ улуттук транзиттик системага ыктаган декларация кабыл алды

Azattyk.org 

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында улуттук транзиттик системаны интеграциялоо тууралуу декларация кабыл алышты.  ТАСС агенттиги билдиргендей, декларация ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекеттик салык кызматтарынын ортосундагы документ болот. Документте бажы операцияларын жөнөкөйлөтүү маселеси да камтылган.  ШКУнун жыйыны Өзбекстандын борбору Ташкентте 1-ноябрда башталган.   ШКУ - туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм, 2001-жылы 15-июнда т түзүлгөн. Читать дальше...

Конор Макгрегор айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегорго Дублиндеги пабдардын биринде жаңжал чыгарганы үчүн 1000 АКШ доллар өлчөмүндө айыппул салынды. Спортчу ал жерде эс алып отургандардын бирин урганын мойнуна алган.  Окуя апрелде Макгрегордун ысымы коюлган вискинин бет ачарында болгон. Макргрегор өзүнүн аты берилген ичимдиктин алгачкы бөтөлкөсүн Орусиянын президенти Владимир Путинге берген. Бирок бөтөлкөнү Путиндин жансакчылары алып койгонун, текшерип анан гана мамлекет башчыга берерин айтышканын билдирген. Читать дальше...

Шайтаны күчтүүдөн сак бол

Azattyk.org 

"Сөз дайра" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында дөө-шаа, шах, шак деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

Орусияда "Суверендүү Интернет" деп аталган мыйзам күчүнө кирди

Azattyk.org 

1-ноябрда Орусияда "Суверендүү Интернет" деп аталган мыйзам күчүнө кирди. Сынчылар аны жарандардын онлайн ишмердигин катуу көзөмөлгө аларын белгилешүүдө.  Президент Владимир Путин интернет тармагын эл аралык тармактан изоляция кылуу жөнүндөгү бул мыйзамга 2019-жылдын май айында кол койгон.  Мыйзам интернет провайдерлердин Орусиянын ичиндеги трафигин өкмөт башкарган технологиядан пайдаланууга мажбурлайт. Аны колдогондор мыйзам "Рунеттин" көз карандысыз болушуна жана киберчабуулдардан коргонууга мүмкүндүк берерин белгилешет. Читать дальше...

ЖАМК: абактагы жаңжал тууралуу видео Кыргызстанда тартылган эмес

Azattyk.org 

"Түрмө кызматкерин абакта отургандар жапырт сабап салганы" тууралуу Интернетте тараган видео Кыргызстанда тартылган эмес. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.  Адистер тасманы карап чыкканын, Кыргызстандагы түрмөлөрдүн имаратына окшобой турганы жана андай окуя жөнүндө эч кандай маалымат жоктугун аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 2-ноябрда "Фейсбуктун" айрым колдонуучулары үч мүнөттөн ашыгыраак видео жүктөп, "Кыргызстандагы абактардын биринде жапырт мушташ болуп, түрмө кызматкери сабалганын" жазышкан. Читать дальше...

Президент маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолукту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков менен 2-ноябрда Кыргызстандагы Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик медиа уюмдардын кабарчылары да чакырылган.  Жолугушуу 7-ноябрда белгиленчү Басма сөз жана маалымат күнүнө карата уюштурулуп, "суроо-жооп" форматында өтүп жатканын президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.  Жолугушуу болору алдын ала кабарлангандан соң 24.kg маалымат агенттиги «Интернет колдонуучулар кандай суроо бергиси... Читать дальше...

Bloomberg: Орусия Венесуэлага накталай 315 млн. доллардан көп акча жөнөткөн

Azattyk.org 

Орусияга Венесуэлага 315 миллион доллардан ашуун накталай акча жөнөткөнүн Bloomberg агенттиги булактарына таянып жазып чыкты. Алардын эсебинде 2018-жылдын май айынан 2019-жылдын апрелине чейин акча жөнөткөн алты операция ишке ашырылган.  Акчаны Венесуэланын Мамлекеттик экономикалык жана социалдык өнүктүрүү банкы (Bandes) алган. Банк АКШнын санкциясына илинген.  Каракас үчүн накталай акчаны кандай максатта алганы жөнүндө маалымат жок. Акча которууга орус-венесуэла "Еврофинанс" банкы, "Моснарбанк" жана "Газпромбанктын" катышы бар. Читать дальше...

Мектептердин каржылык муктаждыгын жоюу үчүн дагы 2 млрд. сом керек

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мектептердеги каржылык муктаждыкты толук жабуу үчүн 2 миллиард сом керек.  Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 2019-жылы жалпы билим берүүчү мектептерге бюджеттен 15 миллиард сом бөлүнгөн. Бул жалпы муктаждыктын 86,6 пайызын гана жабат.  Министр Каныбек Исаков Кыргызстандагы жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, мугалимдерге окуучулар менен ата-энелерден акча сураганга тыюу салган буйрукка 2019-жылдын 1-октябрында кол койгон.  Конституцияга ылайык... Читать дальше...

Пакистан оппозициясы өкмөттүн отставкасын талап кылууда

Azattyk.org 

1-ноябрда Пакистандын борбору Исламабадда жүз миңдеген адам катышкан нааразылык акциясы өттү. Анда "Жамият улемаи ислам" диний-саясий партиясынын лидери Маулана Фазлур Рехман премьер-министр Имран Ханга "кызматтан кетүү үчүн эки күн убакыт бере турганын" билдирди. "Биздин сабырыбызды сынабаңыз" деп премьерге эскертүү жасаган Рехман эки күндөн кийин эмне болорун ачык айткан жок. Оппозиция Имран Ханды "кызмат ордуна татыксыз, анын өкмөтү 2018-жылкы шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо менен бийликке келген" деген турумду карманат. Читать дальше...

2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин күнү

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүн, 2-ноябрь -  маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Бул күн 1995-жылдан бери белгиленип келет. Дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында драматург Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган.  Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары маданият тармагы өтө кыйын абалга кептелип, соңку жылдары оңоло баштаганы айтылат. Мамлекеттик маданий мекемелерде иштегендер өлкөдө эң аз айлык алган кызматкерлердин катарында. (SE)





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *