Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Ноябрь
2019

Новости за 27.11.2019

Казакстандык активисттер Евробиримдикке кайрылышты

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында ондогон активисттер Европа Биримдигин өлкөдөгү адам укуктары бузулуп жатканына байланыштуу казак бийлигине басым көрсөтүүгө чакырышты. Активисттер 27-ноябрда Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка келип, кызматкерлер менен жолугушууну талап кылды. Акциянын катышуучулары «Саясий туткундарга боштондук!», «Силердин Казакстан менен келишимиңер – биздин кулчулук!», «Коррупцияга баткан өлкө менен соода кылууга жол жок!» деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Читать дальше...

Европарламент Урсула фон дер Ляйен баштаган аткаруучу органды бекитти

Azattyk.org 

27-ноябрда 751 депутаттан турган Европарламент уюмдун аткаруучу органы болгон Еврокомиссиянын мүчөлөрүн шайлады. Депутаттардын көпчүлүгү колдогон Урсула фон дер Ляйен баштаган Европа комиссиясы беш жылга шайланды. Аткаруучу орган белгиленген мөөнөттөн бир айга кечигип шайланганы жатат. Еврокомиссиянын жаңы курамы кызматына 1-ноябрда киришмек. Бирок үч талапкерге байланыштуу талаштан улам кийинкиге калган. Евробиримдиктин ар бир мүчөсү аткаруучу органга өз өкүлүн жөнөтөт. Уюмдан чыгууга даярдык... Читать дальше...

Казакстандын президенти Кыргызстанга келди

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Расмий жолугушуудан кийин эки өлкөнүн президенттери басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Армениянын өкмөт башчысы жана Беларус президенти Бишкекке келишти

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Беларустун президенти Александр Лукашенко Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. Андан мурдараак Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келген. Аларды 27-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. «Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан... Читать дальше...

Прокурордун өлүмүнө айыпталган Калыков өмүрүнүн аягына чейин камалды

Azattyk.org 

Ош шаардык соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган 40 жаштагы Мелис Калыковду өмүрүнүн аягына чейин абакка кести. Чечим 27-ноябрда чыкканын анын бир тууганы Дарика Калыкова "Азаттыкка" билдирди. Маалымат расмий таратыла элек. Соттолуучунун эки адвокаты тең алыста болгондуктан отурумга катыша албай калганын билдиришти. Калыкова иниси куржалаага кабылганын, иш далилденбей эле сот чечими чыкканын айтып, нааразы болууда.  Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Читать дальше...



Топоз баккан салыкчы

Azattyk.org 

Жогорку окуу жайды аяктап, бирок ишти шаардан эмес, айылдан баштаган ишкерлердин бири - Атабек Турдакунов. Азыр ал топоздун этин Интернет аркылуу жарнамалап жүрөт. Атабектин 300гө жакын топозу бар. Келечекте топоздун этин дүйнөгө Кыргызстандын бренди катары таанытуу ниети бар.

Матраимовду жазган активист камалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык касташууну козутту» деген айып менен социалдык тармактардагы «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековду кармап, сот чечиминин негизинде эки айга камады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

Azattyk.org 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. 27-ноябрда «Манас» эл аралык аэропортунан Рахмонду премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. «Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм деп сыпатталган ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө. 2019-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылды. Читать дальше...

Каримовдун сынчысы көз жумду

Azattyk.org 

Албанияда жер титирөөдө ажал тапкандардын саны 30га чукулдады, жүздөгөн адам жаракат алды. Украиналык режиссер Олег Сенцов Европа парламентинде Андрей Сахаров сыйлыгын алды. Жизакта өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында көз жумду. Каримов режиминин сынчысы 12 жыл бозгунда жүрүп, былтыр туулган жерине кайтып келген.

Прокурорлор ЖЭБ боюнча айыпталгандарды 17 жылга чейин камакка алууну суранышты

Azattyk.org 

27-ноябрда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан соттук кароодо мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөзгө чыгып, соңку сөздөрүн айтышты. Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, прокурорлор Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты. Айыптоочулар... Читать дальше...

Токаев: Соода тоскоолдуктарын кыскартууну макулдаштык

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий жолугушуудан кийин атайын басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда Токаев сүйлөшүүнүн мазмунуна токтолуп, анда негизинен соода-экономикалык алака жана чек ара тоскоолдуктарын азайтуу жөнүндөгү макулдашуулар болгонун айтты. Токаев 2015-2018-жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода алака 30% өсүп, 900 миллион долларды түзгөнүн айтты: - Биздин келечектеги максатыбыз соода жүгүртүүнү бир миллиард доллардан ашыруу. Читать дальше...

Кипр орусиялык олигархты жарандыгынан ажыратышы мүмкүн

Azattyk.org 

Кипр Кремль менен жакын мамиледеги орусиялык олигарх, 51 жаштагы миллиардер Олег Дерипасканы жарандыктан ажыратты. Ноябрь айынын башында кипр бийликтери «Инвестиция үчүн жарандык» программасынын алкагындагы милдеттенмесин жетиштүү аткарбаганы үчүн 26 адамды жарандыктан ажырата турганын билдирген. «Reuters» агенттиги өз булактарына таянып, алардын арасында орусиялыктар да бар экенин кабарлаган. Дерипасканын жарандыктан ажыратылганы тууралуу Кипрдин бийлиги расмий маалымат тарата элек. Олигарх өзү да азырынча пикирин билдирген жок. Читать дальше...

Гонконг: Политехникалык университет демонстранттардан бошотулду

Azattyk.org 

Гонконгдо 10 күндөн берки Политехникалык университетти камалоо аяктады. Полиция шейшембиден бери кампусту текшерип, митингчилер табылбаганын билдирди. Окуу жайынын вице-президенти Миранда Лу тазалоо иштерин башташ үчүн тартип сакчыларын имараттан тезирээк кетүүгө үндөдү. Полиция имаратты дагы эле кайтарып жатат. Нааразылык акциясына чыккандардын бир бөлүгү университеттин кампусун эки жума мурун ээлеп алышкан. Алар кире бериштерди, жолдорду торошкон. Полицияга каршылык көрсөткөн кампустагы миңдей... Читать дальше...

28-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

28-ноябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун айрым тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8, Талас жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6... Читать дальше...

Өзбекстандык белгилүү укук коргоочу көз жумду

Azattyk.org 

Жизакта өзбекстандык белгилүү укук коргоочу Талиб Якубов 79 жашында көз жумду. Жакындары акыркы айларда ал төшөктө жатып калганын айтышты. Якубов 12 жыл бозгунда жашап, былтыр мекенине кайтып келген. Өзбекстандын адам укуктары коомунун негиздөөчүсү 2005-жылы Анжиянда болгон кандуу окуялардан кийин активисттер менен укук коргоочуларга каршы башталган куугунтук маалында өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон. Өзбек бийлиги аны жарандактан ажыратып койгон. 2006-жылы Якубовго жасалма кылмыш иши козголгон. Ал... Читать дальше...

HRW: Иран нааразылыктын курмандыктарын азайтып көрсөтүүдө

Azattyk.org 

Иран бийликке каршы нааразылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып көргөзүүдө. Бул тууралуу «Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Баяндамада бир катар укук коргоочулар нааразылык учурунда 140тай киши өлүп, 7 миңдей киши кармалганын билдиришкен. «Human Rights Watch» Иран бийлигин өлгөндөрдүн жана кармалгандардын саны тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга, зордук-зомбулук тууралуу көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Читать дальше...

Жоробековдун жакындары анын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалашты

Azattyk.org 

Аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча кармалган активист Афтандил Жоробековдун бир тууган карындашы Чынара Темирова агасынын кармалышын сөз эркиндигине басым деп баалап, кайрылуу таратты. Ал агасы «Фейсбуктагы» «Беспредел KG» баракчасынын ээси болгонун, анда коррупция, аткезчилик жана башка мыйзамсыздык тууралуу жазып келгенин билдирүүдө. Жоробекового коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин айткан Чынара Темирова акыркы жолу баракчада Айеркен Саймаитинин, Хабибулла Абдукадырдын жана Сооронбай... Читать дальше...

Албания жер титирөөнүн курмандыктарына аза күтүүдө

Azattyk.org 

Албанияда бир күн мурда болгон жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 25 кишиге жетти. Буга байланыштуу 27-ноябрда өлкөдө аза күтүү жарыяланды. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткен. Очогу баш калаа Тирананын чыгыш-батыш тарабынан 30 чакырым алыстыкта, 20 чакырым тереңдикте болду. Соңку маалыматтарда 650дөй адам жаракат алган. Учурда куткаруу жана издөө иштери уланууда. Албаниядагы экинчи чоң шаар болуп саналган Дурресте жердин силкиниши бир канча... Читать дальше...

Жээнбеков менен Токаев кеңири чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун кеңири чөйрөдөгү жолугушуусу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Мунун алдында алар жекече жолугушту. Кездешүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн Казакстан эн жакын өлкө экенин билдирип, эки тараптын мамилеси мындан ары тереңдей турганына ишенерин билдирди. Жээнбеков жолугушууда бир топ келишимдерге кол коюларын белгилеп, алар кандай келишимдер болорун тактаган жок. Читать дальше...

Казакстан: Жакындары Кытайда камалгандар басма сөз жыйынын өткөрүштү

Azattyk.org 

27-ноябрда Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда өткөн жыйында 40тай адам Казакстан бийлигинен Кытайда камалган туугандарын бошотууга жардам сурады. Жыйында алар туугандарынын сүрөттөрүн кармап отурушту.  Басма сөз жыйынында «Кытайдын саясий лагеринде камакта болгон» бир канча адам ал жерде көргөн азаптары тууралуу айтып берди. Өзүн Турсынбек Каби деп тааныштырган адам аны Кытайда жер алдындагы зынданда жети күн кордошконун айтып берди. Кытайдын Борбор Азиянын үч өлкөсү менен чектешкен Шинжаң районунда уйгур... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *