Бишкекте тез тамактануучу жайда жарылуу болду
"Ала-Тоо" кинотеатрынын маңдайындагы тез татым жайында жарылуу болгону тууралуу маалыматты ага күбө болгондор социалдык тармактарга жарыялашты. ӨКМдин 112 кызматы жарылуу болгонун ырастады. Баштапкы маалыматтар боюнча Эркиндик жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги тез тамактануучу жайдагы жарылуудан жабыркагандар бар, жаш балдар да болушу мүмкүн экени айтылууда. Кырсык болгон жерге ИИМдин кайгуул-күзөт кызматкерлери келип, күйүп жаткан имараттан элди чыгарып кетишкен. Күбөлөрдүн айтуусунда, тез тамактануучу жайда үч жолу жарылуу болгон.