Мамбеталиевдин эки автоунаасын Баткендеги чек ара кызматы алган
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин күч органдарына белек кылган эки жолтандабасы Чек ара кызматынын Баткен облусундагы бөлүгүнө берилген. Бул тууралуу Эркин Мамбеталиев өзү билдирди. Маалыматты Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев ырастаганы менен толук маалымат берген жок. Октябрь айында Интернеттеги социалдык түйүндөрдө жана айрым маалымат агенттиктеринин сайтында «Эркин Мамбеталиев күч органдарына автоунаа белек кылды» деген кабар тараган. Читать дальше...