Наваз Шарифти саламаттыгы боюнча Лондонго алып кетишти
Пакистандын мурдагы премьер-министри Наваз Шарифти дарылаш үчүн 19-ноябрда Лахордон Лондонго атайын учак менен алып кетишти. Анын жанында бир тууган иниси, «Пакистан мусулмандар лигасы» оппозициялык партиясынын лидери Шехбаз Шариф коштоп жүрөт. Мунун алдында Жогорку сот Наваз Шарифтин саламаттыгына байланыштуу чет өлкөгө чыгышына уруксат берген. Өткөн айда сот абакта анын саламаттыгы кескин начарлап кеткени үчүн күрөөгө бошоткон жана анда экс-премьердин абалы өтө начар экени, ал тургай өлүм алдында жатканы айтылган. Читать дальше...