Ташкентте Кыргызстан менен Ирандын карым-катышы талкууланды
Кыргызстан Иранга айыл чарба жана мал чарба азыктарын ташуунун көлөмүн көбөйткүсү келет. Мындан тышкары, газ, мунайзат, транспорттук-логистикалык, туризм чөйрөсүндө, жарандык авиация жаатында алака түзүүгө кызыкчылыгы бар.
Бул маселени 2-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкентте Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири менен жолугуп талкуулашты. Сүйлөшүү Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Өзбекстандагы жыйынынын алкагында өттү.
Жахангири Иранга Евразия Экономикалык Биримдиги тарабынан жеңилдиктер режиминин берилишин эске алганда, Бишкек менен Тегерандын кызматташуу максаты өзгөчө мааниге ээ болорун айтты.
Андан тышкары, өлкөлөр ортосундагы визалык режимди жеңилдетүү жөнүндө маселени кароону Абылгазиевге сунуш кылды.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Ирандын товар алмашуусу жылына 14,8 млн. долларды түзөт.
Эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташтыгына 27 жыл болду. (SE)