Кочкор: Ата-энелер мектептен кооптонуп жатышат
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жүргүзгөн иликтөөлөрдүн аркасында бул мектептин имаратына мындан ары окуу мүмкүн эмес экендиги аныкталганча, Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүп, имараттын коопсуздугу айтылган.
Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов окуучуларды коопсуз жайларга көчүрүш үчүн айылдан бир-эки үй каралып жатканын, кийинки жылга жаңы мектептин имаратын курууну республикалык бюджетке киргизүү аракети болуп жатканын 2-апрелде билдирди.
Бул мектептин эски имараты 2007-жылы жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп, азыркы имарат эл аралык уюмдардын колдоосу менен салынган.
Мектептин курулуш материалдары темирден жасалып, ортосу жылуулоо максатында көбүк такталар менен толтурулган. Адистердин бүтүмү боюнча, курулушка колдонулган химиялык заттар нормадан ашык болгондуктан, адамдын организмине тез сиңип, дем алуу органдарына, тери ооруларына, нерв системасына жана өзгөчө көзүнө терс таасир этип, акырындык менен мутацияга алып келиши мүмкүн. Фенолдун буусу менен дем алууда баш айланууга, баш ооруга жана жүрөктүн иштешинин токтошуна алып келет.
Өткөн жылдан тарта бул мектепте окуучулар эс-учун жоготуп жыгылган учурлар каттала баштаган. Аларды текшерген учурда аз кандуулук, тубаса жүрөк оору, аллергиялык бронхит оорулары аныкталган. (MiK)
