Кайдыгер калтырбаган ирмемдер! Шаар күнүнө арналган көк бөрү мелдешинин видеосу
Көк бөрү оюну боюнча мелдештин финалык беттешүүсү Бишкектеги "Ак кула" ат майданында, Бишкектин 140 жылдыгына карата өттү.
Көк бөрү оюну боюнча мелдештин финалык беттешүүсү Бишкектеги "Ак кула" ат майданында, Бишкектин 140 жылдыгына карата өттү.
Оштогу өзүн өзү атып алды деп айтылган милициянын өлүмү боюнча анын кесиптеши 48 саатка камакка алынды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, маркумдун жанынан табылган табелдик курал милицияда иштеген досуна таандык болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, убактылуу кармалган милиция кызматкерине табелдик куралын башка адамга бергени үчүн кылмыш иши козголушу мүмкүн. 27-апрелдин түнүндө Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура... Читать дальше...
Сомалинин Галькайо шаарында жанкечти өзүн жардырып, алты адам каза болду жана сегизи жараат алды. Каза тапкандардын арасында бир нече аскерлер бар экенин жергиликтүү Garowe Online басылмасы жазып чыкты. Reuters агенттиги жардырууга жоопкерчиликти "Ал-Каида" террордук уюмуна байланышы бар "Аш-Шабаб" тобу алганын белгилейт. "Аш-Шабаб" тобу 2014-жылы түзүлгөн. "Ал-Каиданын” батыш Африкадагы бөлүмү катары айтылып келген бул топ көбүнчө Сомалинин борбордук бөлүгүндө чабуул уюштуруп келет.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгоду.
Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү борбор калаадагы "Ак кула" ат майданында өттү.
Башкы прокуратура парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. “2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Читать дальше...
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Бакир Таиров дайындалды. Буйрукка 28-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен бул кызматтын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев болду. Буга чейин бул кызматтын төрагалыгына Болот Сүйүмбаев, ал эми орун басарлыгына Исабек Султаналиев барып, он күндөй иштеген. Аларды бул кызматка дайындаган буйрукка мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон. Читать дальше...
Мелдеш "Ак кула" ат майданында өттү.
Облустук прокуратура Оштогу кургак учукка каршы борборунун башкы эсепчиси А.Уга Кылмыш-жаза кодексинин 171 (бөлүнгөн каражатты ыйгарып алуу) 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш ишин козгоду. Прокуратуранын маалыматында А.У аттуу башкы эсепчи бюджеттик каражатты чыгарып кетүү үчүн жасалма ишкана түзгөн. 2017-жылдан бери жасалма документтер менен аталган ишканага акча которуп турган. Жыйынтыгында оорукана бюджетинен 4 млн. 694 миң сом мыйзамсыз коротулган. Читать дальше...
Чаткалда жайгашкан өзгөчө коргоодогу Беш-Арал мамлекеттик коругунун аймагынан алтын кендерине ээлик кылууга уруксат берилип жаткан фактылар ачыкка чыгууда.
Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында 28-апрелде жанкечти өзүн жардырып, төрт тургун жана эки аскер каза болду. Беш киши жараат алганын провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Омар Зуак билдирди. Азырынча бул жарылуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Ооганстанга коңшу Пакистанда да куралчан адам төрт кишини атып өлтүргөнү маалым болду. 27-апрелдин түнүндө Түштүк Вазиристан аймагында үч турист жана аларды машинесине салып жүргөн айдоочу киши колдуу болгон (BCh).
Кыргызстандын чек ара кызматынын кабарлашынча, 27-апрель күнү Өзбекстанда эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Кыргызстандын делегациясын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ал эми өзбек тараптан Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара кошуундарынын башчысынын орун басары Руслан Мирзаев жетектеди. Тараптар кыргыз-өзбек чек арасындагы 2018-жылдын биринчи кварталындагы иштердин жыйынтыгын чыгарып, коопсуздукту камсыз кылуудагы биргелешкен жумуштардын натыйжалуулугун талкуулашты. Читать дальше...
27-апрелдин түн ортосунда Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.Снын сөөгү табылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылууда. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Читать дальше...
27-апрелдин түн ортосунда Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.Снын сөөгү табылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылууда. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Читать дальше...
Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеш борбор калаадагы "Ак кула" ат майданында өттү
Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча мелдеш борбор калаадагы "Ак кула" ат майданында өтүүдө.
Акыркы жылдары Түркияда мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары арасында ар кандай дартка чалдыккандар арбын. Алардын бири - Жамиля Кубатбек кызы.
Акыркы жылдары Түркияда мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттары арасында ар кандай дартка чалдыккандар арбын. Алардын бири - Жамиля Кубатбек кызы.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттин шаар башчысы кылып белгилүү олигарх Жахонгир Артыкходжаевди убактылуу дайындап, шаардын райондоруна 1 млн. доллар инвестиция алып келбеген акимдерди иштен аларын билдирди. Мирзиёев бул тууралуу 26-апрелде өткөн жыйында айтканын Kun.uz. сайты жазды. - Ташкент шаарынын жаңы акиминин дайындалышынан чечим чыгаргыла. Бир кепилдик – элдин талабын канааттандыргыла. Кантип? Күнүгө бир нерсени демилгелеп, аракет кылгыла. Эгерде Ташкент шаарынын райондорунун жетекчилери 1 млн. Читать дальше...
Кыргызстанда 29-апрелде жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31; Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31; Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...
Палестина менен Израил чегиндеги Газа тилкесинде израилдик аскерлердин огунан палестиналык 15 жаштагы Аззам Оуейда каза болду. Ал 27-апрель күнү аймакта болуп жаткан демонстрациялар учурунда окко учкан. Газадагы бул тирештен 200дөй киши жарадар болгон. Алардын арасында палестиналык журналист да бар экенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Израил расмийлери 27-апрелдеги демонстрацияга 10 миңдей киши катышканын маалымдады. 30-мартта башталган каршылык акцияларынан бери израилдик аскерлер 41 палестиналыкты атып өлтүрүп... Читать дальше...
Жергиликтүү бийлик Кытайдын Шэньси провинциясындагы белгисиз адамдын кол салуусунан жети окуучу каза болуп, дагы он эки бала жараат алганын кабарлады. Өлгөндөрдүн бешөө кыз, экөө эркек бала. Ал эми жарадар болгондор ооруканада дарыланып жатат. Кылмышка шектелип 18 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ал полицияга мектепте окуп жүргөндө классташтары шылдыңдашканы үчүн өч алууну максат кылганын айтып берген. Бул тууралуу China Daily басылмасы Шэньси провинциясынын укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жазып чыкты. Читать дальше...
Бул тууралуу 28-апрелде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуусунда билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, Рыскулов жалпысынан учурда энергетикалык тармактагы жабдуунун эскириши дээрлик 70-80% түзөөрүн айтып, энергетикалык объектилерди модернизациялоо зарылдыгын белгилеген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууну тапшырды. Читать дальше...
Америкалык окумуштуу адамдын бакыт формуласын тапканын жарыялады. Йель университетинин профессору Лори Сантос бактылуу болууну каалагандарды тынымсыз аракет кылууга чакырды.
Жарандык активисттердин майып балдар жана алардын ата-энелерине арналган IT-технологияны, компьютерде иштөөнү окутуу курстары бүгүн аяктады. Курска Бишкек жана Ош шаарларынан жыйырмадан ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздар катышты. Алардын ата-энелерине да тикмечилик, наабайчылык жаатында кошумча адистиктер берилди. Аталган курстар февраль айында башталган. Иш-чараны уюштурган Айнагүл Абдрахманова “Азаттык” радиосуна бүтүрүүчүлөрдүн мындан ары компьютердик технология жаатында окуу жайларда билим алуусун да камсыздашарын билдирди. Читать дальше...