Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 11.04.2018

Яшин Москва шаарынын мэрлиги үчүн күрөшөт

Azattyk.org 

Орусияда оппозициялык активист Илья Яшин сентябрда өтчү шайлоодо Москва шаарынын мэрлигине ат салышат. 11-апрелде “Фейсбукка” чыгарган видео билдирүүдө Яшин Москванын мэри Сергей Собянинди коррупцияга айыптаган.   Москванын Красносельский районунун жетекчиси Яшин баштапкы шайлоого (праймериз) катышып, аны коомчулук кандай колдорун аныктагысы келет.   Яшин Кремлди сындап жүргөн саясий оппозиционер Алексей Навальный экөө “Тилектештик” кыймылынын мүчөсү.   Навальный интернет сайтына Яшиндин... Читать дальше...

Мамлекетти башкаруудагы жоопкерчилик жүгү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш президенттин Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматтан алуу сунушун колдоду. Ага чейин Абдил Сегизбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан өз арызы менен бошотулган. Бул арада өкмөттүн келечеги да талкууга түшө баштады. Жаңы бийлик мамлекетти башкарууда жеке кызыкчылыктарды артка таштап, мамлекетчил аң-сезим менен саясат жүргүзө алабы? “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын ушул темага арналган талкуусуна “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, коомдук... Читать дальше...

"Эже-сиңдилер": Ашыкча салмактан арылуу кыйын

Azattyk.org 

Бул жолу "Эже-сиңдилер" берүүсү туура тамактануу жана анын пайдасы тууралуу сөз кылат. Берүүнүн коноктору ырчылар Мерген Турган, Мээрим Мураталиева жана Чолпон Талипбек болду. Өнөр адамдары туура тамактануунун жардамы менен саламаттыгын чыңдаганы, ашыкча салмактын азабы туурасында кеп салышты.

ЖЭБ чыры: Жантөрө Сатыбалдиев депутаттык комиссияга маалымат берди

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборунда болгон авариянын себептерин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 11-апрелде 2012-2013-жылдары премьер-министр болуп иштеген Жантөрө Сатыбалдиев менен Жогорку Кеӊештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун маалыматын укту.  Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБин оӊдоо маселеси жыйырма жыл мурда эле көтөрүлүп, 2012-2017-жылдарга карата өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына киргизилгенин билдирди: - Бул маселе кийин Коопсуздук кеӊешинде да каралган. Ошондон улам мекеме аралык комиссия түзүлүп... Читать дальше...

Тогуз-Торонун акими кызматтан алынды

Azattyk.org 

Тогуз-Тородогу жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мунун алдында депутат Кожобек Рыспаев окуя боюнча парламентте маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындаган. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген. КСДП фракциясынын жыйынында өкмөттүн иши боюнча отчет берип жатып премьер-министр Сапар Исаков да... Читать дальше...

Соттолгондордун "сообуна калчу" комиссия

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин он эки депутатынан турган “Парламентаризм үчүн” клубунун мүчөлөрү соттолгон, камалган саясатчылардын туугандары, адвокаттары менен 11-апрелде жолукту.

Гаага соту серб улутчулун актаган өкүмдү жокко чыгарды

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун соту сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүмдү жарым-жартылай жокко чыгарды. Аскерий кылмыштарга жана адамзатка каршы кылмыштарга айыпталган Шешелди сот 10 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. Саясатчы 12 жыл камакта отуруп чыккандыгына байланыштуу бул жазаны өтөбөйт. 2016-жылдын жазында Улуттар Уюмунун трибуналы сербиялык улутчул саясатчы Воислав Шешелди актаган өкүм чыгарган. Бирок прокурорлор Шешелди адамзатка каршы кылмыш боюнча үч берене, ал эми согуш кылмышы боюнча алты берене менен айыпташып... Читать дальше...



Трамп: "Орусия, даярдан, ракеталар учуп баратат"

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияны Сирияда жасалчу ракеталык соккуга даяр болууга чакырды. Бул тууралуу америкалык лидер "Твиттер" баракчасына орус тарапка жооп иретинде жазды. Ага чейин Орусиянын Ливандагы элчиси америкалык ракеталарды атып түшүрүүгө жана алар учурулган жерди тыптыйпыл кылууга даярдыгын айткан.    "Орусия, даярдан, ракеталар учуп баратат, алар жаңы жана акылдуу» - деп жазды Трамп. "Адамдарды газ менен өлтүрүп, андан ырахат алган "айбандар" менен өнөктөш болууга мүмкүн эмес" - деди. Читать дальше...

Сексен адам жасалма аракка ууланып көз жумду

Azattyk.org 

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул делген окуяны иликтөө маселесинде мунаса табалбай, туңгуюкка кептелди. "Фейсбук" компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг жалган маалыматка каршы туруш үчүн жетиштүү чара көрбөгөнүн, чет элдик кийлигишүүгө жана социалдык түйүндө “жек көрүүчүлүктү жайылтууга” жол бергенин мойнуна алды. АКШнын Орусияга өткөн жумада киргизген санкциялары рублдин кунун түшүрдү. Рублдин артынан казак теңгесинин да наркы төмөндөп жатат. Индонезияда... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Брюсселге барды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Бельгиянын борбору Брюсселге жумушчу сапар менен келди.  11-12-апрелге белгиленген сапар учурунда мамлекет башчы бир катар жолугушууларды өткөрөт.  Сапардын биринчи күнүндө Жээнбеков шаазада Агахан менен кезигет.  12-апрелде Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск, Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европа парламентинин төрагасы Антонино Таяни жана биримдиктин эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Башкы прокурор ким болот?

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Индира Жолдубаеваны мөөнөтүнөн мурда иштен алуу жөнүндө сунушту көпчүлүк добуш менен колдоду.

КСДП өкмөттүн ишин жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясы (КСДП) өкмөттүн ишин канааттандырарлык деп тапты. 11-апрелде премьер-министр Сапар Исаков аталган фракцияда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Жыйында социалдык маселелерде чекиликтер айтылганы менен, көпчүлүк жакшы деп баалады. Добуш берүүдө баары өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп табышты.  Фракция лидери Иса Өмүркулов бул чечимдин көчүрмөсү спикерге, Констутуциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана... Читать дальше...

Башкы прокуратура: Индира Жолдубаева Кыргызстандан кеткен жок

Azattyk.org 

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.  Айрым булактарда "Жолдубаева Кыргызстандан чыгып кеткени" тууралуу маалыматтар туура эместиги, ал жыл башынан бери башка мамлекетке бара электиги айтылат кабарда.  Президент Сооронбай Жээнбеков Индира Жолдубаеваны отставкага кетирүүнү Жогорку Кеңешке сунуштаган. Парламент бул сунушту 11-апрелде колдоп берди.  Жыйынга Жолдубаева өзү келген жок. Читать дальше...

Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спортчулар машыктыруучуларын экинчи атабыз депкалышат. Буга Үсөналы Рыскулов да мисал. Ал кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча курама командадагы кадеттердин улук машыктыруучусу, кошумча өз үйүндө 6 кызды жашатып, багып келет.

Сирияга аскердик сокку уруунун жышааны

Azattyk.org 

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириядагы соңку химиялык чабуул катары болжолдонгон окуяны иликтөө маселесинде мунаса таба албай, туңгуюкка кептелди.

Кремль АКШны Сирияга сокку урбоого чакырды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарды Сирияга куралдуу сокку урбоого чакырып, андай болсо Жакынкы Чыгышта “кырдаал курчуй” турганын билдирди.      Песков 11-апрелде башка орусиялык аткаминерлердин билдирүүлөрүн кайталады. Буга чейин орусиялык аткаминерлер Вашингтонго "Сирияга сокку урбаш керек" деп эскертишкен.        Кошмо Штаттар бир катар союздаштары менен 7-апрелде Дума шаарында болгон болжолдуу химиялык чабуулдан ондогон бейкүнөө адамдын өмүрү кыйылган соң... Читать дальше...

Депутат Мадеминов: КСДПнын тушунда чоң иштер жасалды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов кызматташтарын оппозициядагылар менен тең ата сүйлөшүүгө чакырды. Мындай пикирин 11-апрелде бул фракция өкмөттүн жасаган иштери тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун отчетун угуп жатканда билдирди. Ал КСДП башкаруучу коалицияда турган соңку 6 жылда мектеп, ооруканалар оңдолуп, жолдор салынган олуттуу иш катары сыпаттады:  - КСДПнын депутаттарына кайрылам: палатада оппозициялык фракциянын депутаттары өкмөт банкрот болгонун айтып жатышат. Читать дальше...

Кыргызстанда доллар кымбаттап, рубль арзандап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда АКШ доллары кымбаттап, рублдин курсу түшө баштады. 11-апрелде Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 69 сом 45 тыйындан сатылды. Сатып алуу 69 сомго барабар. Ал эми Улуттук банктын расмий эсебинде доллардын баасы 68 сом 40 тыйын деп көрсөтүлүп, кымбаттоо 0,40% түзгөнү маалымдалды.  Евро да 0,82% кымбаттап, 1 евро 85 сомдун тегерегинде сатылууда. Орусиянын рубли болсо 2,25% арзандады. 11-апрелдеги расмий эсепте 1 рубль 1 сом 9 тыйынга тең. (SE)

Алжирде аскер учагы кыйрап, 250дөй киши курман болду

Azattyk.org 

Алжирдин Коргоо министрлиги кыйраган учакта негизинен аскерлер жана алардын үй-бүлөлөрү болгонун билдирди. Учакта 247 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү бараткан. Аскердик учак Алжирдин түндүгүндөгү Боуфарик аэропортуна жакын жерге кулап түшкөнүн маалымат каражаттары жазышты. Телеканалдар жерде жаткан учактын калдыктары түтөп күйүп жатканын көрсөтүштү. "Алжир 24" агенттиги аскердик жүк ташыган учак аэропорттон көтөрүлгөндөн бир нече мүнөт өткөн соң кулаганын кабарлады. Жаңылыктар агенттигинин маалымдашынча... Читать дальше...

Тогуз-Тородогу жагдайдан улам аким кызматтан алынат

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районундагы кен компаниясында түзүлгөн жагдайдан улам аким Тилек Идирисов иштен алынаарын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңеште КСДП фракциясына өкмөттүн аткарган иштери боюнча отчет берип жатканда айтты.  Анын алдында депутат Кожобек Рыспаев маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындады. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген.  Өкмөт башчы Сапар Исаков бул маселе жөн калтырылбай турганын айтты... Читать дальше...

Тогуз-Тородогу чуулуу митинг

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын имараты өрттөлдү.

Химиялык куралга тыюу салган уюмдун миссиясы Сирияга барууга даяр

Azattyk.org 

Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюм Сириянын Дума шаарында иликтөө жүргүзүүгө даяр экенин билдирди. Бул үчүн атайын миссия барып, 7-апрелде карапайым калкка каршы химиялык курал колдонулган-колдонулбаганын текшерет.  Билдирүүдө эл аралык уюм Думада химиялык курал колдонуу туурасында ар кайсы булактардан маалымат жыйнап, аларды талдап жатканы да айтылат. Эл аралык уюмдун башкы директору Ахмет Узюжю Думада атайын миссияны жайгаштыруунун жолдорун карап жатат.  10-апрелде уюмдун техникалык... Читать дальше...

Түркиядагы кыргыз мигранттары жеңилдик алды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркиядагы расмий сапарында социалдык камсыздоо боюнча келишимге кол коюлду. Келишимдин негизинде бул өлкөдө иштеген эмгек мигранттары пенсиясын толук алууга мүмкүнчүлүк алаары айтылууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *