Германияда жүк автоунаасы адамдарды тебелеп, үч киши каза тапты
Германиянын батышындагы Мюнстер шаарында 7-апрелде жүк ташыган автоунаа адамдарды тебелеп кетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, үч киши каза таап, дагы 30дай адам жараат алды. Кол салган айдоочу өз жанын кыйганын полиция билдирди. Жарадарлар арасында оор акыбалдагылары бар. Бул тууралуу Speigel Online немис басылмасы кабарлады. BBC көчөдө адамдарды фургон тебелегенин жазды. Шаар полициясы азырынча кол салуу тууралуу кошумча маалымат тарата элек. Атайын кызмат муну пландалган чабуул экени тууралуу божомолду четке каккан жок.