Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 02.04.2018

Кремлдин кеңешчиси: Трамп Путинди Ак үйгө чакырган

Azattyk.org 

Кремлдин жогорку кеңешчиси АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди Ак үйгө келип кетүүгө чакырганын билдирди. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 2-апрелде жаңылыктар агенттиктерине кабарлагандай, Трамп мындай сунушун өткөн айда Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы чалганда айткан. Трамптын администрациясынын басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин 20-марттагы телефондук сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну өткөрүү үчүн бир нече имарат, анын ичинде Ак үй тууралуу да сөз болгонун айтты. Читать дальше...

Фарид Ниязов: Стамалиева Атамбаевдин айткандарын туура эмес чечмеледи

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун "кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге... Читать дальше...

Фарид Ниязов: Атамбаевдин айткандары туура эмес чечмеленди

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун "кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо... Читать дальше...

Кытай спутниги Жерге жетпей күйүп кетти

Azattyk.org 

Израил Газа сектору менен чек арасындагы соңку кан төгүүнү иликтөө чакырыктарын четке какты. Өткөн жума күнкү кагылыштардан палестиналык он беш адамдын өмүрү кыйылган. Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө митингчилер менен полициянын кагылышуусунан кеминде 20 адам мерт болду.

Москва Праганы орус хакерин АКШга өткөрүп бергени үчүн сынга алды

Azattyk.org 

Орусия Чехиянын орус хакери Евгений Никулинди АКШга өткөрүп бергенин сынга алып, бул кадам Москва менен Праганын алакасына көлөкө түшүрөөрүн билдирди. Орусиянын тышкы иштер министрлиги 2-апрелдеги билдирүүсүндө Никулинди экстрадициялоо тууралуу чечимине Москва "кыжырданып турганын" белгиледи. "Чех тараптын саясий мотиви бар бул кадамы эки тараптуу кызматташтыктын конструктивдүү негизине шек келтирет", - деп айтылат расмий маалыматта. "Хакердик жол менен маалыматтарды уурдады" деп шек саналган 30 жаштагы Никулин 2016-жылы Прагада кармалып... Читать дальше...

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты

Azattyk.org 

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтеген депутаттык комиссия 2-апрелде кезектеги отурумуна чогулду. Жыйынга Бишкек ЖЭБин модернизациялоо убагында иштеген мурдагы-кийинки өкмөт башчылар чакырылган. "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси бул отурумда ЖЭБге алынган аттиштер тууралуу маалымат берди.

Ооганстанда 50дөн ашык окуучу кыз ууланды

Azattyk.org 

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында ондогон окуучу кыздар уулануунун белгилери менен ооруканага түштү. Лашкаргах шаарындагы кыздар мектебинин 10-11-класстарына окуган кеминде 52 окуучу шаардык ооруканага жеткирилгенин провинциянын билим берүү департаментинин башчысы Давуд Шах Сафари билдирди. Дарыгерлер маалымдагандай, окуучу кыздардын баары башы ооруганын, кускусу келип жатканын айтышкан. Алардын абалы туруктуу экени кабарланды. Бирок азырынча жапырт ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек. Читать дальше...



УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге айыбын угузду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге айыбын угузду. Бул тууралуу атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна билдирди:  - 2018-жылдын 30-мартында УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузду. Шектүү жана анын адвокаттары таанышып бүткөн соң кылмыш... Читать дальше...

Жээнбеков-Атамбаев: “достук” күчүндөбү?

Azattyk.org 

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын съезди өттү. Анда партия лидерлигине шайланган экс-президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун айрым иштерине ичи чыкпай жатканын ачык айтты. Бир командагы эки саясатчынын мамилесиндеги таарынычтар өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Бул суроону бүгүнкү талкууда талдап, жооп издедик. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясий ишмер Абдыганы Эркебаев, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана саясий эксперт Алмазбек Акматалиев катышты.

Атамбаев-Жээнбеков: “достук” күчүндөбү?

Azattyk.org 

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын съезди өттү. Анда партия лидерлигине шайланган экс-президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун айрым иштерине ичи чыкпай жатканын ачык айтты. Бир командагы эки саясатчынын мамилесиндеги таарынычтар өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Бул суроону бүгүнкү талкууда талдап, жооп издедик. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясий ишмер Абдыганы Эркебаев, парламенттин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жана саясий эксперт Алмазбек Акматалиев катышты.

Назгүлдүн жаштарга дем берген жаңы жашоосу

Azattyk.org 

“Данисте” телетоптомунун бул жолку чыгарлышында: Орусияда колунан айрылып, ооруканада жаткан мекендешибиз укуктук жардам сурап кайрылды. Сузакта кылымдан ашык өмүр сүргөн эже-сиңдилер той беришти. Оор дарттын айынан көзү да көрбөй калган кыздын кайратман жаңы жашоосу учурда жаштарга үлгү болуп, дем берип келет. Нарында 40 жаштан улуу айымдардын аймактык волейбол таймашы өттү.

Өкмөт башчы жүргүнчү ташуудагы коррупцияны тыюуну талап кылды

Azattyk.org 

Премьер-министр Сапар Исаков 2-апрелде Бишкектеги жүргүнчү ташуучу ишканалардын ишмердиги боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы 2-апрелде борбор шаарда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча айтып жатып, жарандардын коопсуздугуна багытталган мыйзамдар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш экенин белгиледи.  Ошол эле учурда Сапар Исаков маршруттук такси айдоочуларын нааразылык акциясына чыгууга мажбурлаган айрым маалыматтар менен кабардар экенин кошумчалады. Өкмөт башчы айрым мамлекеттик жана... Читать дальше...

Кашмирде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Azattyk.org 

Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 20 кишинин өмүрүн алган кагылышуулардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сринагар баштаган бир катар шаарларга коменданттык саат учурундагыдай чектөөлөр киргизилип, нааразылык акцияларынын алдын алыш үчүн кошумча аскер күчтөрү жөнөтүлдү. 1-апрелде Сринагар шаарынын түштүк ыптасында жүздөгөн адамдар Индиянын Кашмирдеги козголоңчуларга каршы соңку операцияларына нааразылык билдирип чыгышкан. Полиция митингчилер таш ыргыта баштаганда аларга ок атканын... Читать дальше...

3-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстанда ушул күндөрү туруксуз аба ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарга кар түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Өлкө аймагындагы тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар. 3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй... Читать дальше...

Менин өзгөчө балам...

Azattyk.org 

2-апрель – Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү. Кыргызстанда бул дарт менен төрөлгөн балдарга соңку жылдары көңүл бурула баштады. Аутизм менен төрөлгөн балдарды коомдо өзгөчө балдар деп коюшат. Бул жолу биз өзгөчө баланын энесинен келген блогду жарыялайбыз.

Кочкор: Ата-энелер мектептен кооптонуп жатышат

Azattyk.org 

2-апрелде Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектепте окуган 300дөй окуучунун элүүгө жетпегени гана сабакка келди. Буга өткөн жумада Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин имаратына окуу мүмкүн эмес экендигин аныктап, бүтүм чыгарып бергени себеп болгон. Буга чейин мектепте белгисиз себептер менен балдар байма-бай эсин жоготуп жатышкан.  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жүргүзгөн иликтөөлөрдүн аркасында бул мектептин имаратына мындан ары окуу мүмкүн эмес экендиги аныкталганча... Читать дальше...

Таласта жүк ташыган айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты

Azattyk.org 

Бүгүн Талас шаарында Кара-Буура районунан келген 40тан ашык айдоочу Транспорт министрлигине нааразы болуп, облустук администрацияга келди. Чогулгандардын бири Дайырбек Эрмурзаев «Азаттыкка» чогулгандардын талабын мындайча түшүндүрдү: - Биз негизинен айылга шагыл таштарды ташыйбыз. Анан таразаны көзөмөлдөгөндөр "жүктү белгиленген ченемден ашырып жатасыңар" деп айыппул салып жатышат. "КамАЗда" үч катар дөңгөлөк бар да. Алдыда бир катар, артта эки катар дөңгөлөк бар. Ошондо алдынкы окто кабина эле болот, жүк дээрлик салынбайт. Читать дальше...

Сариев: ЖЭБдеги авариянын модернизацияга тиешеси жок

Azattyk.org 

Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 2-апрелде Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча баштапкы келишимге ылайык, эки жаңы агрегат курулууга тийиш болчу. Сариев ЖЭБдеги аварияга модернизациянын тиешеси жоктугун белгилеп, буга себеп катары кышкы суукка даярдык маселесин кароону сунуш кылды. Ал эми тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бишкек... Читать дальше...

Анкарада Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын лидерлери жолугат

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин эки күндүк иш сапары менен 3-апрелде Түркияга барып, Анкарада түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган жана Ирандын президенти Хасан Роухани менен жолугушат. Кремл түрк-орус президенттеринин шейшембидеги жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтык жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланарын билдирди. Ошондой эле эки лидер "Аккую" атомдук электр станциясынын биринчи бөлүгүнүн курулушунун расмий башталышына күбө болушат. Түркиянын 20 миллиард долларга... Читать дальше...

Прокуратура кош бойлуу келиндин кыйноого алынышы боюнча иш козгоду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кош бойлуу келинди кыйнаган фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши жабырлануучу Наргиза Ражапованын берген арызынын негизинде жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында козголду. Маалыматта айтылгандай, Ражапова кош бойлуу экенине карабай, Ош ШИИБнүн кызматкерлери аны подполковник Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча керектүү маалымат алыш үчүн кыйнашканы тууралуу даттанган.  Бул арыздын негизинде прокурордук көзөмөл иштери жүргүзүлүп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *