Армения: Пашинян өлкөнү башкарууга даярдыгын билдирди
Армениянын оппозициялык лидери, 11 күн бою массалык демонстрациялардын башында турган Никол Пашинян эгер андан өтүнүшсө, "өлкөнү башкарууга даярдыгын" билдирди. “Эгер эл мага жоопкерчилик артса, мен аны алууга даярмын”, - деди оппозициячыл депутат 24-апрелде Еревандагы маалымат жыйынында. Дүйшөмбүдө 10 жылдан ашуун бийликте туруп, кайра өкмөттүн башына келген Серж Саргсян элдин каарынан улам кызматтан кетүүгө мажбур болду. 25-апрелде Пашинян премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Карен Карапетян менен жолугуп... Читать дальше...