Еревандын борбордук аянтына он миңдеген адам жыйналды
Алар мурдагы президент Серж Саргсяндын премьер-министрликке келишине каршы чыгышууда. Еревандан түшкөн маалыматтарга караганда, шейшембинин кечинде он миңдеген адам Республика аянтына жыйналды. Демонстранттар Армениянын желектерин көтөрүп, "Сержсиз Армения" деп кыйкырып жатышат. Нааразылык акциялары Гюмри жана Ванадзор шаарларында да өтүп жатканы кабарланууда. Армениянын парламенти мурдагы президент Серж Саргсянды премьер-министрликке 17-апрелде бекитти. Анын талапкерлигин бийликтеги Республикалык партия сунуш кылып... Читать дальше...